Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Германияда сүйүү парады трагедия менен аяктады


Cүйүү парадындагы кайгы, Германия, Дузбург шаары.

Cүйүү парадындагы кайгы, Германия, Дузбург шаары.

Маданий иш-чарадагы кырсыктагы тепсендиде 19 киши көз жумду. Өлкөнүн батышындагы Дүзбург шаарындагы миллиондон ашык киши катышкан электрондук техно музыка майрамында жараат алгандардын саны 100гө чукулдап барды. Айрымдарынын абалы оор.

Махабат менен эркиндикти даңазалаган парад өтүп жаткан тосулган жайга кирүүчү жалгыз өткөөлдө тыгылган адамдардын көптүгүнөн дүрбөлөң башталган. Сүйөрман тартып алган видео тасмадан параддын катышуучулары коопсуздук тосмолорунан ашып түшүп, каргашалуу туннелдин ыптасындагы дөбөчөгө чыгып баратышкандарын көрүүгө болот.

Параддын катышуучусу Алекс Дүбен трагедияны мындайча сүрөттөдү:

- Эл түртүшүп, тепкичтерден көтөрүлүп, суу тоскучка чыгып жатышты. Акылга сыйбаган кым-куут болду. Же алга жыла албай, же артка кете албадык. Колубуздан эч нерсе келбей калды.

Кечээ кечки саат 5терде эл өтө көбөйүп кеткендиктен, полиция туннелл аркылуу барчу жолду тосо баштаган. Тартип коргоочулар үн күчөткүчтөн элди артка кайтууга үндөшкөн, бирок чукул абал кызматкерлеринин айтымында, айрымдар коопсуздук тосмосун ашып түшө баштанда тосмо кулап түшүп, дүрбөлөң башталган шекилдүү.

Куткаруучулар жарадар болгондорго дароо жете алышкан жок. Кеминде 10 киши эс-учун жоготуп жаткан жеринен эсине келтирилди. Кырсыктан кийинки видеодон бут кийим, суу шишеси, таштандылар чачылып жаткан туннелде кепин жабылган өлүктөрдү көрүү мүмкүн.

Элди дароо таркатканда чогулган бир миллион 400 миң эл кайра кым-куут түшөт деп чочулаган уюштуруучулар концерттерди уланта берген. Сүйүү парадына келгендердин баары эле трагедия тууралуу кабары болгон эмес. 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан бери өтүп келген Европадагы эң ири Техно музыкасынын майрамы кечээ түн ортосунан өткөндө аяктаган.

Германия бүгүн тынч мезгилдеги бул оор кырсыкты түшүнө албай, дең-дароо болуп турган чак. Өкмөт башчысы Ангела Меркел курмандыктардын жакындарына көңүл айтты. Тергөө жүрүп жатат. Шаар бийликтери бул оор кырсыктан кийин Сүйүү парады келерки жылдарда кайра өткөрүлүшү күмөн экендигин айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG