Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Берлин дубалы кулабаса, Кыргызстан эгемен болмок эмес


Германиянын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грин

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грин

30 жылдай турган Берлин дубалынын алынышы эки дүйнө, ажырым саясий системада жашаган улуттун биригишине жол ачкан.

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грин кабарчыбыз Бекташ Шамшиев менен маегинде мына ушул улуу тарыхый окуянын маани-жайына токтолот.

- Урматтуу элчи мырза, Берлин бетон дубалы кулап жатканда кайсы жерде элеңиз? Бул улуу окуяга күбө болгон эмес белеңиз?

Хольгер Грин: - Жок, биздин өлкө үчүн өтөле чоң бул тарыхый окуя өткөн жерде мен болбой калдым. Ал кезде мен Токиодо жашап, иштеп жаткамын. Албетте, ортолукту бөлүп турган 10 миң чакырымга карабастан, Германиядан алыс турганыма карабастан, бул окуя баам сыртында калышы мүмкүн эмес эле. Башкалар сыяктуу эле мен да Берлин дубалы кулаганына аябай кубандым. А кезде Токиодо азыркы Бишкектегидей “Немис толкунун” көрүүгө шартым жок болчу. Анткен менен ал жердеги телерадиокомпаниялар аз убактан кийин чоң окуяны бүт дүйнөгө көрсөтүштү. Ошол күнү, андан кийин менин Мекенимде эмне болуп жатканын 2 – 3 мүнөттүк телеберүүлөрдөн көрүп турдум.

Андан тышкары бул окуянын мени абдан толкундатчу жагы да бар болчу. Мен Германия Демократиялык Республикасында төрөлгөм, кичинекей кезимде ата-энем Батыш Германияга алып кетишкен. Ал кезде, 1989-жылы, мен 38ге чыгып калгам. Бирок да мындай окуя болорун өңүмдө эмес түшүмдө да элестете алган эмесмин.

- Элчи мырза, арадан мына 20 жыл өттү. Германия бирикти. Ушу азыр батыш менен чыгыш Германиянын ортосунда психологиялык планда айрым бир проблемалар барбы? Канткен менен эки ажырым система, коммунисттик жана капиталисттик жашоо ыңгайына көнгөн адамдардын заматтын ортосунда мамыр-жумур болуп кетиши кыйын го. Албетте, бир улут, мурдагы бир мамлекет экенин эсепке алыш керек. Сиздин оюңузча, батыш менен чыгыш Германия ортосунда психологиялык айрым бир проблемалар барбы?

Хольгер Грин: - Менимче, андай проблемалар болсо да ортодогу 20 жыл ичинде алар жоюлуп кетти го. Бириккенден кийин биртоп проблемалар чыккан. Мурунку ГДРдин көп кишилери кошулгандан кийин жумушунан ажырап, отуруп калышты. Анткени ГДРдин көпчүлүк ишканалары өзүн-өзү актай албай калган.

Бул мезгил аралыгында жаңы муун өсүп чыкты. Ушу тапта кырктын тегерегиндеги жаш адамдардын социалдык жетилүүсү бириккен Германия учуруна туш келди. Азыр мен иштеп жаткан мекеме - Германиянын Тышкы иштер министрлигинде байкагандарымы айтайын. Мурунку ГДР же ГФРде төрөлгөн жаштардын биринен экинчисинин айырмасы жок. Жакшынакай иштеп жүрүшөт.

- Элчи мырза, мына ушул жаңы муун жөнүндө дагы бир суроо. 20 жыл деген оңой убакыт эмес. Ортодо жаңы муун өсүп чыкты. Алар кезекте туруу, цензура дегенди, коммунисттик режимди кармап турган түшүнүктөрдөн алыс, андай чектөөлөрдү жапайычылык деп эсептеген муундун өкүлдөрү. Ушул жаңы муун Берлин дубалы кантип ураганын, анын тарых-таржымалын билеби? Мектепте, жогорку окуу жайында аны окушабы?

Хольгер Грин: - Туура, сиз абдан актуалдуу суроону көтөрдүңүз. Азыркы 25 жаштагы жигит-кыздардын Берлин дубалы кантип ураганына тиешеси жок. Алар аны бир кезде угушкандыр, бирок окуянын толкундатчу маанайы кыйла басаңдап калды. Муну алар мектепте окушса аны теория түрүндө гана аңдай алышат. Ал кезде эмне болгонун, кандай болгонун өз көзү менен көрүп аралашпаган соң окуянын ысык деми бара-бара өчө баштайт.

Ал эми менин өзүмүн көргөн-билгеними айтсам, кичинекей кезимде чыгыш Германиядагы туугандарыбызга барганыбыз эсимен кетпейт. Мен чек арадагы өткөрмө пунктта тургам. Чек арачы паспортту тиктеп, мени карап, кайра паспортко үңүлүп, мени кадала тиктейт да тиктейт. Үчүнчү ирет паспортту кадала караган соң менде күмөнсүү пайда болду. Эмне болуп кетти, эмнем жакпай калды экен? Мындай кооптонуу башка европалык өлкөлөргө каттаган кездегиден башкача болду. Мындай сезим чыгыш Германияда төрөлүп өскөндөрдө да болсо керек, деп ойлойм. Мындайды түшүнүш аябай оор.

- Жана сөз башында айтылган психологиялык проблема бардык эле элдерде бар. Кыргыздарда деле түндүк-түштүк деген проблема бар, аны уккандырсыз. Менин бере турган суроом кыргыз-германиялык экономикалык, маданий карым-катнаштар тууралуу болмокчу. Бул кызматка келгениңизге аз эле болбодубу, Кыргызстан тууралуу пикириңиз кандай? Айырмачылык, өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңызбы?

Хольгер Грин: - Сурооңузга жоопту мендеги бир ой менен баштагым келип турат. Учурунда Берлин дубалы урабаса Кыргызстандын өз алдынчалыгы мүмкүн болбос эле деп ойлойм. Билесизби, Берлин дубалы урагандан кийин, Германия бириккенден кийин, өкмөт кыска мөөнөттө мурдагы Советтер союзуна кирген эгемен өлкөлөрдүн бардыгы менен дипломатиялык мамилени орнотту. Мунусу менен Германия башка европалык өлкөлөрдөн кадимкидей айырмаланып турат. Кыргызстан менен Германиянын ортосунагы мамиле кандай экенин бул жерде элчилик ачылып, толук ыйгарым укуктуу элчисин дайындаганы деле кашакайтып көрсөтүп турат.

Ал эми сиздин Кыргызстан тууралуу сурооңузга, Германия, менин өзүм Кыргызстанды кандай кабыл алабыз, бул жерден эмнелерди көрдүк дегенге келсек, баарыбыз аны Бишкек аркылуу тааныйбыз. Мен аны түндүктү караган айнек аркылуу көрүп турам. Анан эки ирет Ошто болдум. Ал жерде көргөндөрүмөн улам айырмачылыктары тууралуу элчи катары өзгөчөлүү бир нерсе бул жерде айтышым кыйын.

- Элчи мырза, куруп берген маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Кыргызстан менен Германия элинин ортосундагы жакшы мамиле дагы тереңдей берет болуш керек деп ойлойм.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

XS
SM
MD
LG