Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Германияда президент шайлап жатышат


Германия -- Төмөнкү Саксониянын премьер-министри Кристиан Вулф. Аны кызматтан кеткен президент Хорст Келлердин ордун басканга башкы талапкер деп аталууда.
Германия -- Төмөнкү Саксониянын премьер-министри Кристиан Вулф. Аны кызматтан кеткен президент Хорст Келлердин ордун басканга башкы талапкер деп аталууда.

Германияда федералдык жыйында бүгүн өлкөнүн жаңы президенти шайланат. Мындан бир ай мурда – 31-майда Хорст Келер кызматтан кеткенин жарыялаган эле. Анын милдетин мыйзамга ылайык бундесраттын –парламенттин жогорку палатасынын - төрагасы аткарып келди.

Хорст Келердин күтүүсүз чечими көптөрдү таң калтырды. Муну бүгүн бундестагдын спикери Норберт Ламмерт да ырастады.

"Федералдык жыйын чогулуп отурган себеби – президент кызматтан кеткенин жарыялар замат анын чечими дароо күчүнө кирет. Мындай капыл-тапыл кадам федеративдүү республиканын, биздин өлкөнүн демократиялык тарыхында дегеле болгон эмес. Көбүбүз мунун себебин алиге чейин түшүнө элекпиз, бирок бул чечимди урматташыбыз керек", - деп айтты спикер.

Канцлер Ангела Меркел да өткөн айдын этегинде Келлерди кызматта калганга көндүргөнгө аракет кылганын, анысынан майнап чыкпаганын моюнга алган.

"Ал өзүн чыныгы элдин президенти катары көрсөттү. Мындан тышкары абдан мыкты кеңешчи эле, өзгөчө экономикалык жана финансылык кризис кычап турган азыркыдай маалда өзүнүн эл аралык чоң тажрыйбасы менен мага талашсыз таяныч болду, мен эми анын кеп-кеңештеринен өксүп каларым анык",- деп айткан эле канцлер.

Өткөн айдын орто ченинде президент Келлер бундесвердин (коргоо министрлигинин) чет өлкөлөрдөгү миссиясы тууралуу айтып, мунун экономикалык жактан алганда да жүйөөсү бар дегендей пикирин билдирген. Анын бул сөзүн эксперттер менен журналисттер түздөн-түз Ооганстандагы операцияларга байланыштырып, президент немец солдаттарын да ушул урушка айдаганы жатат деп жабыла сындап чыгышты. Келер өз сөзүн таптакыр бурмалап элге жеткиргендерге өкүнүч билдирип, мындай шартта кызматта отура берсе, анын кеңсесине калктын ишеними кайт болуп калышы мүмкүн экенин эске алып, президенттин мандатын тапшырууну чечкен эле. Бүгүн анын ордуна жаңы президент шайланат.

Германияда бул үчүн конституцияда атайын орган - федералдык жыйын каралган. Жыйын 1244 делегаттан турат, анын тең жарымын – 622син - бундестагдын депутаттары, экинчи тең жарымын федералдык он алты аймактын өкүлдөрү, жергиликтүү парламенттердин мүчөлөрү түзөт. Президент беш жылга шайланат, мыйзамдарга кол коет, федералдык министрлерди, судьяларды дайындап, аларды кызматтан алат. Ошондой эле федералдык канцлердин талапкерлигин көрсөтөт, анын кызматтан бошонум сураган арызын алымсындырат. Калган учурларда тек гана өкүлчүлүктүү озуйпаларды аткарат.

Келлердин ордуна төрт талапкер катталды. Төмөнкү Саксониянын премьер-министри Кристиан Вулфту азыркы башкаруучу коалиция – ХДС/ХСС менен "Эркин демократтар" партиясы көрсөткөн. Ага атаандаш кылып социал-демократтар менен "Жашылдар" партиясы өлкөдөгү беделдүү укук коргоочу, мурдагы ГДРдын тушундагы диссидент Йоахим Гаукту чыгарышты. Мындан тышкары солчулдардын, улутчул-демократтардын да талапкери бар, бирок аларды эч ким олуттуу атаандаш деп эсептебейт.

Коомдук пикирди иликтөөчү Dimap институту өз маалыматтарына таянып, эгер президентти жалпы эл шайлаганда калктын 40 проценти эски диссидент Гаукту колдомок, ал эми Вулф болсо ашып барса 31 процент добуш алмак деп ырастады.

Бирок федералдык жыйында башкы талапкер деп Вулф аталууда. Айтымда ал биринчи айлампада жеңип чыга албайт. Бул үчүн федералдык жыйындагы бардык делегаттардын 50 проценттен ашуун добушу талап кылынат. Эгер Вулф биринчи эки айлампада артыкчылык алса, анда үчүнчү айлампада ага болгону жөнөкөй көпчүлүк добуш эле керек болот.

Кокус Вулф президент болуп калса, анда канцлер Ангела Меркелдин коалициялык кабинети үчүн кыйын күндөр башталышы ыктымал. Бюджет тартыштыгын жоюу жана мамлекеттик карыздарды кыскартуу боюнча программадан улам өкмөттө либералдар менен консерваторлор ортосуна жик түштү. Вулф болсо өз партиялашы канцлер Меркелдин кадамдарына анчейин муюган эмес дешет.

XS
SM
MD
LG