Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Берлин коргону бөлгөн жүрөктөгү так


Чыгыш Германиянын чек арачылары тикенек зымдарды тартууда. Кийин тикенектүү зым коргонду бетон дубал алмаштырат. 1957-ж.

Чыгыш Германиянын чек арачылары тикенек зымдарды тартууда. Кийин тикенектүү зым коргонду бетон дубал алмаштырат. 1957-ж.

Азыр Германияны Кансыз согуш жылдары эки бөлүп турган Берлин коргонунун чалдыбары гана калган. Бирок Чыгыш жана Батыш германиялыктар ортосунда биримдик жок.

Жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери аларды бириктирбей жаткан бул ажырымды немецтер өздөрү “Келдеде дубал бар” деп түшүндүрүшөт. (“Азаттыктын” кабарчысы Клэр Бигг Берлинде сапарда болуп, мурдакы коммунисттик Германиянын жарандарынын маанайын сураган эле).

Фриц Рудель өз доорунда Чыгыш Германиянын же Германия Демократиялык Республикасынын элитасына кирчү. Ал Берлиндеги мыкты деп эсептелген Фолькбюне театрынын директору болгондуктан, көпчүлүк мекендештеринен айырмаланып, Батыш Европага
Батыш Берлин(АКШ сектору) менен Чыгыш Берлин(Советтик сектор) ортосундагы бетон коргон. 13-октябрь 1976 of the Berlin Wall and the no man's land marking the border between East (Soviet sector) and West Berlin (American sector).
эркин каттачу. 1980-жылдардын ортосунда эле комунисттик бийлик куларын Рудель түшүнгөн. Берлин дубалы кулаганын 9-ноябрдын кечинде ал уктап жаткандыктан, эртеси жаңы өлкөдө ойгонгон жана көп узабай абройлуу кызматынан өз ыктыяры менен кеткенге аргасыз болгон:

-Мен кызматымды 1990-жылы таштадым. Себеби алардын жаңы мүдүр дайындаганы жатканын билип калдым. Алар Чыгыш Германиянын башка мекемелеринде болгондой эле негизги орундарды билимсиз адамдарга берет деп ойлодум. Мен адамдарды иштен бошоткум келбеди: бул менин эң акыркы парзым болду.

Рудель чочугандай эле жаңы бийлик менен кошо келген театрдын жетекчилери анын коллегаларынын көбүн жумуштан айдап, ордуна Батыш немецтерин алган. Мындай тагдыр өкмөттүк мекемелерде иштеген бардык эле чыгыш германиялыктардын башына түштү. Университеттердин профессорлорунун дээрлик 80 проценти да ишинен айрылды.

Бүгүн жашы 80ге чукулдап калган Рудель Чыгыш жана Батыш Германия кошулгандан тарта көбүн эсе жумушсуз жүрдү. Ал бирок ГДРдин кайра тирилишин каалабайт. Ал өлкөнүн кайра биригүүсүн тарыхый
АКШ президенти Роналд Рейган Берлин дубалы менен Бранденбург дарбазасынын маңдайында сүйлөөдө. 12-июль 1987.
зарылдык деп түшүнөт. Бирок капиталисттик түзүлүшкө Чыгыш акырындап бир нече жылда өтсө, эл катуу чүнчүмөк эмес, дейт Рудель.

Чыгыш германиялыктар алардын социалдык камсыздоо системасы сакталбаганы үчүн да батыштык туугандарын күнөөлү деп санашат. Фриц Руделдин айтышынча, Батыш Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан соңку 41 жыл ичинде ГДРде калыптанган маданий дөөлөттөрдү тарыхтын күлдөбөсүнө оодарып, баскынчы сыяктуу аракеттенген:

-Көптөгөн адамдар бул жерде өздөрүн басып алынган улут катары сезет. Бул мурдакыдан да жаман.

Батыш берлиндиктер Чыгыш Германиянын чек арачылардын бетон коргонду бузганын тамаша кылышууда.Берлин. 12-ноябрь 1989
Анын сөзүнчө, эки жактын элинин ортосундагы психологиялык бөлүнүү алиге чейин сакталууда. Бул бөлүнүүнү германиялыктар “Келдедеги дубал” деп аташат. Мындай маанайдан чыгуу үчүн, Руделдин оюнча, дагы эчен жылдар өтүшү зарыл:

-Атүгүл Берлинде да Батыш жана Чыгыш ортосундагы бөлүнүү дале күчтүү. Адамдар биригиш үчүн ондогон жылдар керек.

Батыш германиялыктар болсо биригүүгө эбегейсиз зор чыгым кеткенин дембе-дем айтышып, коммунизмди кыйраткандары үчүн чыгыштык агайиндеринен алкыш сөз укпаганына нааразы.

Театр ишмери Фриц Руделден айрымаланып, Валтруд Зирфогель Батыш жана Чыгыш германиялыктар ортосунда ажырым жок деп эсептейт. Зирфогель айым Чыгыш Берлиндин Пренцлае Бег аянтында 50 жылдан бери сосиска сатат. 73 жаштагы Балтруд айым жаңы курулуштардын ал чоңоюп өскөн эски мейкиндикти каптап киргенине кыжаалат:

-Чыгыш Германияда эски батирлер арзан болчу. Согуштан кийин бул жерде беш же алты балалуу үй-бүлөлөр жашачу. Бүгүн турак- жайдын баасы көкөлөп кетти. Көптөгөн адамдар Чыгыш Германиянын ички бөлүгүнө көчүп кетишип, бул жерде азыр байлар жашап калды.
Чыгыш Берлиндин миңдеген жаштары Барденбург дарбазасынын жанында бетон коргондун үстүнө чыгып турушат. 11-ноябрь 1989

Балтруд айым азыр коммунисттик доордогудай узун кезекте турбайт, тамак-аш мол жана коопсуздук кызматы сүйрөп кетет деп камырабайт. Аны эски дүкөндөрдүн жок болуп кеткени да өкүндүрөт:

–Эски дүкөндөрдүн баары жок болду. Мунун баары эч нерсеге жалчыбаган нерселер.

Бүгүн Зирфогель айымдын кардарларынын көбү батыш германиялыктар.

Музыкант Гюнтер Холвас Чыгыш Берлинде чоңойгону менен азыр шаардын четинде турат. Ага шаарда жашаган жакпайт. 59 жаштагы Гюнтер Батыш жана Чыгыш Германиянын кошулуусун жан дили менен колдогон жана 1989-жылдан кийин да ата журту бириккенине эч качан өкүнбөгөн.

Ал Берлиндин чиркөөлөрүндө бийликке жакпаган жүрөк элжиреткен армандуу блюздарды аткарганы үчүн ГДРден айдалып чыккан. Гюнтердин биринчи блюз-концертине 1979-жылы июлда 300 адам чогулган. Бул коммунистик мезгил үчүн чоң ийгилик эле.

Блюздун күйөрмандары концерттен соң саясый жана социалдык маселелерди талкуулаганы коммунисттик бийликтерге жакпаган. 1986-жылы бийликтер блюзду сүйүүчүлөрдүн кыймылын талкалаган кезде ГДРде алардын саны 10 миңге жакындап калган.

1981-жылы ГДРдин коопсуздук кызматы-штази Гюнтерге кызмат беребиз, диссиденттикиңди токтот дешкенде, моюн толгоп коет. Андан көп өтпөй музыкант штазиге чакырылып, балдарынын амандыгы үчүн аргасыз Канадага кетет:

-Алар мени жолдон кармап алып, түз эле жашыруун полицияга алып барышты. Алар мага “Эгер бул кылыгыңды токтотпосоң, балдарыңды тартып алып, башка бирөөлөргө бала кылып беребиз” дешти. Мен: "болуптур, силер жеңдиңер” дедим.

Гюнтер Торонтодо блюз-музыкант катары таанылат жана Берлин коргону кулаганын укканда эми мекендештеримдин пейли бузулат деп
Чыгыш берлиндиктер атактуу "Trabant" жеңил машинесин минишип, ачылган чек ара бекетинен өтүү үчүн узун кезек күтүшүүдө. 10-ноябрь 1989-ж.
чочуйт:

-Мен ошондо өкүндүм. Анткени эмне болорун туйдум: Эми автомобиль сатуучулар ар кимди жаңы машине сатып ал деп арбай баштайт; Камсыздоо компаниялары ар кимди алдап, аз-аздан акчасын алчу болот. Мен чыгыш германиялыктарды өзүмчө аядым.

Гюнтер 1990-жылы Берлинге кайтып келип, бекер кооптонбогонуна ишенет:

–Ар ким эле акча жасаганга аракет кылды. Акчага чоң маани бербеген күндөр менин эсимден чыга элек болчу. Ач көздүк элди өзгөрттү.

Гюнтер 1995-жылы Канадада концерт берип жатып, жүрөгү кармап жыгылат. Андан кийин да эки ирет жүрөгү кармап, доктурлардын кеңеши менен Берлинге келет дагы ошондон бери туулуп өскөн жеринде жашайт. Музыкант эл ичинде сакталып келаткан ажырымга тынчсызданып, жүрөгүн күүлөгөн сезимди ырга да салган:

-Мен бул жерди мен тааныбай калдым. Эки өлкө бир өлкөгө бирикти. Алар бири бирин жек көрүшөт. 80 миллион көк мээ бир көгөнгө байланды. Мен бул жерде кала албай артка кайтып кеттим. Бирок да маанайым пас, жардамсызмын. Жаным ачып, арга жоктон аларга мен үнүмдүн жетишинче бакырам. Мен аларга бакырам.

59 жаштагы Гюнтер гитарасын колуна сейрек алат. Мурдакыдай калың эл чогулган блюз-концерттер тууралуу, аны тамандап аңдыган штази же өлкөнүн биригүүсү жөнүндө ойлобойт. Кез-кезде эски достору менен кездешип, жаштыктарын эскеришкенде жаны жыргап калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG