Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

WEF: Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында


Швейцария дүйнөлүк экономикалык атаандаштыкта биринчи орунда турат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку изилдөөсү боюнча, атаандаштыкка жарамдуулугу боюнча Казакстан 133 өлкөнүн ичинен 66-, Тажикстан - 122- жана Кыргызстан 123-орунда турушат.

Изилдөө камтыган 133 өлкөнүн экономикалык атаандаштыкка жарамдуулугу, баяндаманын (докладдын) редактору, Колумбия университетинин профессору Ксавье Сала-и-Мартин белгилегендей, өндүрүмдүүлүктү күчөтүүчү факторлордун негизинде аныкталган.
Андай факторлорго өкмөттүк жана коомдук институттардын иш деңгээли, инфраструктура жана саламаттыкты сактоо тармагындагы абал,
Швейцариянын тоолору экономикалык өсүүсүнө тоскоолдук кылбайт.
саясый жана макроэкономикалык стабилдүүлүк, билим берүүнүн сапаты сыяктуу 12 көрсөткүч кирет.

Бул жагынан көч башында Швейцария турат. АКШ каржы (финансы) секторунун алсызданышына байланыштуу экинчи орунга жылып калган.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 66-, Тажикстан 122- жана Кыргызстан 123-орунда. Өзбекстан менен Түркмөнстан акыбалы изилдөөгө алынбаган.

Казакстан чөлкөмдөгү эки постсоветтик өлкөдөн кайсы көрсөткүчтөрү менен мыкты болуп чыкты?

"Азаттык үналгысынын" бул суроосуна Дүйнөлүк экономикалык форумдун Швейцариядагы кеңсесинин улук экономисти Маргарета Хануз мындайча жооп узатты:

- Казакстандын негизги артыкчылыгы - өлкө биз жыйнаган бардык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан жана Тажикстандан жогору турат. Мисалы, Казакстандын өкмөттүк мекемелери айтылган эки өлкөнүн ырасмий мекемелеринен жакшы иштешет. Макроэкономикалык индикаторлор да Казакстанда туруктуу.

Казакстандын инфраструктурасынын сапаты беркилердикинен эки эсеге жакшы.

Сапаттуу инфраструктура экономикалык өсүүгө өбөлгө болуп, кирешедеги айырмага карабай, элдин жашоосун жеңилдетүүчү фактор саналат.

Казак өкмөтүнүн карызы да аз болгондуктан, бизнес чөйрөсүнө ыкчам жардам көрсөтө алат жана социалдык секторду да кенен каржылайт.

Муну Дүйнөлүк экономикалык форумдун изилдөөсү да ырастап турат. Алсак, орто мектептерде окутуунун сапаты боюнча Казакстан 67-орунда турса, Кыргызстан - 90-, Тажикстан -
Ал-Фараби атындагы улуттук университеттин имараты. Алматы.
112-орунду ээлейт.

Ал эми университеттердин билим берүүсү, жогорку окуу жайлардын студенттеринин интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү, математика жана башка илимдерди окутуу жагынан да казактар ушундай эле алдыга кеткен.

Казакстанда менежментти же социалдык-экономикалык системаларды башкарууну университеттерде окутуу жогорку сапатка көтөрүлүп, бул тармакта адистерди мыктыраак даярдоого мүмкүндүк жаралды.

Казакстандын менежмент мектеби 97-орунда, Кыргызстандыкы - 122-, Тажикстандыкы - 126-орунда турат.

Ушундан улам, Маргарета Хануз:

- Кыргызстан менен Тажикстан орто жана жогорку окуу жайларында тең билим берүүнүн деңгээлин жана жумушчуларды даярдоону жакшыртуу керек, - дейт.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтинги статистикалык маалыматтардын жана компаниялардын жетекчилерин сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча даярдалганын эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG