Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Глобалдык климаттын тегерегинде талаштар кызыды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жыйын катышуучуларын орток пикир табууга үндөдү. Копенгаген, 15-декабрь, 2009-ж.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жыйын катышуучуларын орток пикир табууга үндөдү. Копенгаген, 15-декабрь, 2009-ж.

Копенгагенде өтүп жаткан глобалдык климат тууралуу дүйнөлүк талкуу өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөр ортосундагы бөлүнүүдөн улам туңгуюкка кептелчүдөй болуп калды.

Орусия менен Кытай өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн - глобалдык жылуулукка каршы күрөштө башкы жүктү бай мамлекеттер көтөрсүн деген талабына кошулду.

Дүйшөмбүдө Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун чогулгандарга кайрылып, убакытты текке кетирбейли деп үндөгөн эле.

- Тарыхта тандоо азыркыдай ачык, даана болгону сейрек учурайт. Биз жаратылыш гүлдөгөн келечекти көздөй бет алып, же тескерисинче, баарын талкалап-кыйратуу жолуна түшөбүз. Глобалдык климаттагы өзгөрүүгө каршы азыр аракет көрүп баштабасак, балдарыбыз менен неберелерибиз бул көйгөй менен алпурушат. Анда бизден мураска калган карыз жер жүзүнө коркунуч жаратып, аны кайра төлөө таптакыр мүмкүн болбой калат.

Копенгагендеги жыйында аба-ырайынын ысып баратышына каршы күрөштү кандай жүргүзүү керек деген талкуунун тегерегинде “кансыз согуш” маалындагыдай бөлүнүп-жарылуу келип чыкты.

Орусия менен Кытай өнүгүп келаткан өлкөлөргө кошулуп, бай мамлекеттер глобалдык климатты турукташтыруу аракетиндеги негизги жүктү өзүнө алышы керек деп талап кылды. Кремлдин кожоюну Дмитрий Медведев өзүнүн расмий интернет барагында жайгаштырган кайрылуусунда: “Кайсыл мамлекет кандай милдеттенме алышы керек деген маселеде бай жана кедей өлкөлөргө карата ар түрдүү ыкма колдонушун жактайм. Баарыбыз ар башка жагдайдабыз. Милдеттенме - кайсы бирибиздин экономикалык абалыбызды оорлотпой, ар бир өлкөнүн артыкчылыктуу өнүгүү багыттарына жараша өлчөнгөнү оң. Албетте, өнөр жайы алдыңкы бай мамлекеттерге караганда өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн энергетикалык муктаждыгы кыйла чоң экени талашсыз.

Ошентип, Дмитрий Медведев Кытай баш болгон өнүгүп келаткан өлкөлөрдү колдоп, алардын талаптарын эске алууга үндөдү. Адатта өнүккөн алдыңкы өлкөлөр тобуна кошулуп жүргөн Орусия менен Кытай антип, кедей өлкөлөрдүн таламын талашканын айрым байкоочулар Копенгагендеги глобалдык климат саммитин саясий нукка буруу аракети катары баалашты.

Өнүгүп келаткан өлкөлөр арасындагы бекем биримдикти алардын өкүлдөрү баары бирдей дүйшөмбүдө саммиттен чыгып кетип, 5 саат сыртта туруп далилдешти. Тирешүү жыйын уюштуруучулары бай жана кедей өлкөлөрдүн министрлерин түгөйлөштүрүп, эки-экиден иштетүү чечимин кабыл алганда жөнгө салынды.

Белгилүү болгондой, өнүгүп келаткан өлкөлөр алардын отун-кубат булактарын айлана-чөйрөгө зыяны аз башка атаандаш булактар менен алмаштыруу ишине бай өлкөлөр атайын каражат бөлүшүн каалашат. Гана менен Британиянын министрлери, маселен, миллиарддаган долларды топтоп, атайын кордон бөлүштүрүү жолдорун караштырат.

Копенгагендеги саммит аяктаар алдында бир катар дүйнө лидерлери, алардын арасында АКШ президенти Барак ОБама да келип катышаары белгиленген. Андан улам, Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо жыйындын катышуучуларына кайрылып:“Убакыт аз калды. Жума жана ишемби күндөрү бул жерге 100дөн ашуун мамлекет жетекчилери келгенде, маселени макулдаша албай койдук деп кайсы бетибиз менен айтабыз?” – деп туталанганы жөндүү сезилет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG