Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Финансылык кризис евроакчалуу өлкөлөргө тап берүүдө


Дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкини айрым Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тийди. Өткөн аптада рейтингдер боюнча эларалык Standart & Poor агенттиги Испания менен Грекиянын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерин төлөө жөндөмүнө болгон ишеним баасын төмөндөттү. Рейтинг агенттиктери евроакча мейкиндигине кирген башка өлкөлөрдүн да бааларын төмөндөлүшү этимал деген кооптонуулар айтылууда.

Өндүрүштүн кыскаруусу жана экономикалык өсүүнүн басаңдашы же рецессия жалпы Европага жайылып барат. Экономиканы жана акчага зар банктарды жөлөп-тайоо үчүн улуттук өкмөттөр чоң чыгымга барууда. Удаа эле бюджеттин кирешеси азайып, бар жүк казынага түшүүдө. Же Мюнхендин “Unicredit” банкынын талдоочусу Корнелюиус Пөпс айткандай, «Мамлекеттик бюджет үч балээге бир кабылууда».

Натыйжада, мамлекеттик карыздар дагы көбөйтүүдө. Мындай жагдайда эларалык рейтингдик агенттиктер мурдакы карыздарын төлөй албай калышы этимал дешип, айрым өлкөлөрдүн ишеним бааларын (рейтингдерин) төмөндөтүүгө барууда. Таанымал Standart & Poor агенттиги ушу аптада Испаниянын жана Грекияны рейтингин бир баскычка ылдыйлатты. Агенттик былтыр Румыния, Россия жана Латвиянын да рейтингдерин төмөндөткөн. Азыркы кырдаалды Пөпс мындай сүрөттөйт:

- Рейтингдик агенттиктер баасын төмөндөткөнгө катар бул өлкөлөрдүн баалуу кагаздары ылдам арзандоодо. Алар Германия өкмөтүнүн бонддорунун адепки баасына караганда бир, эки, атүгүл 2, 8 процент көп киреше убада кылышууда. Бул, мисалы, Грекиянын 10 жылдык бондорунун кайтарымы 5, 5дан 6 процентке чейин болот дегенди түшүндүрөт.

Германиянын өкмөттүк бондору евромейкиндикте эң ишенимдүү саналат. Айтылгандай, азыр Грекия жана Испания милдеттенмелери боюнча мурдакыдан көп акча төлөшүүдө. Себеби инвесторлор тобокелге салып, мамлекеттик баалуу кагаздарды же бонддорду сатып алганы үчүн, кирешени көбүрөөк төлөөнү талап кылышууда.

Рейтинг агенттиктеринин мурда берген бааларын төмөндөтүүсү келечекте өкмөт алчу кредиттин баасы дагы өсө турганын кабарлайт.

Ушул күндөрү Британ өкмөтү банктарга чоң жөлөк пул берилээрин жарыя кылды. Ошон үчүн, евромейкиндикке кошулбаган Британиянын ишеним баасы да ылдыйлатылат сыяктуу, деп боолгойт Лондондогу ECU Group финансы компаниясынын башкы экономисти Нейл МакКиннон:

- Британ өкмөтүнүн кыйын абалдагы банк секторуна жардам берүүсү өлкөнүн карызын дагы өстүрөт. Азыр Британиянын карызы ички дүң жыйымдын 54 процентине тете. Бул көрсөткүч, менин эсептешимче, дагы эки эсеге чейин өсүшү жана Грекия, Италия, Бельгиянын деңгээлине жетиши мүмкүн. Аталган өлкөлөрдүн рейтинги үч А (ААА) эмес, андан төмөн. Британ валютасы фунт стерлинге болгон кысым ушуну менен түшүндүрүлөт.

Бирок Евробиримдиктин Экономика жана акча жүгүртүү боюнча комиссары Хоакин Алмуния евромейкиндикке кирген 12 өлкөнүн биринде да дефольтко кабылып, өз милдеттенмелерин аткарбай калуусуна кыпындай да негиз жок деп билдирди.

Анткен менен, кокус дефольт болчу болсо, Европа монентардык союзу кыйрат деген да пикирлер бар. Финансы чөйрөсүндө абройлу «Financial Times» гезитинин баяндамачысы Wolfgang Munchau жазганга караганда, карыздарын төлөөгө жарамсыз өлкөнүн евромейкиндиктен чыгуусу эси жоктук болот. Себеби андай акча жана банк кризисине дефольт кошулса, бул чыккыс аңга кулаганга барабар иш.

XS
SM
MD
LG