Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Трамп Кытайдын каршылыгына карабай Тайвандын башчысы менен сүйлөштү


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Тайвандын администрация башчысы Цай Инвэнь менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул акыркы ондогон жылдардагы Вашингтон менен арал бийлигинин расмий деңгээлдеги биринчи сүйлөшүүсү.

АКШнын учурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы бул тууралуу маалыматты сүйлөшүүлөр болуп бүткөндөн кийин гана укканын кабарлоодо. АКШнын улуттук коргоо кеңешинин маалымат катчысы Нед Прайс сүйлөшүүлөргө карабай Вашингтондун Кытайга карата саясаты өзгөрбөй турганын билдирди. Бээжин Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептеп, башка өлкөлөрдүн расмий сүйлөшүүлөрүнө каршылыгын билдирип келет.

1979-жылы кабыл алынган Американын Тайвань менен алакасы тууралуу мыйзам бар. Бул мыйзам эки тарапка экономика жаатында кызматташтыкка уруксат бергени менен дипломатиялык алакага бөгөт койот.

Трамптын телефон сүйлөшүүсү Бээжиндин терс пикирин жаратып, Кытай Тышкы иштер министрлиги окуяны “Тайвандын жаш балача айла-амалы” деп атады. (SDz)

XS
SM
MD
LG