Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Сенат Гуантанамо түрмөсүн жапканга Обамага акча берген жок


Пентагондун изилдөөсүнө караганда, АКШнын Гуантанамо түрмөсүнөн чет өлкөгө которулган ар бир жетинчи туткун кайрадан террорчуларга же согушчандарга кошулган. Бул маалыматты АКШ Сенаты президент Обамага Гуантанамодогу абак жайды жабууга акча бербей койгондон бир күндөн кийин "The New York Times" гезити жарыялады.

АКШ Сенаты шаршемби күнү Гуантанамодогу абак жайды жабууга 90 добуш менен каршы чыкты. Түрмөнү жабуу үчүн 80 миллион доллар берүүнү 6 сенатор гана колдоду. Президент Обама быйыл январда: “Бир жыл узабай Гуантанамо жабылат” деп сөз берген эле.

20-майда АКШ Сенатта болгон угууда Федералдык чалгындоо бюросунун башысы Роберт Мюллер Гуантанамо абагынан бошотулгандардын 14 проценти террорчуларга жана согушчандарга кошулганын билдирди. Террорчу деп шектелип кармалып жаткан туткундарды Американын ичиндеги түрмөлөргө которуу, кээ бир адамдарды АКШда террордук чабуулга шыктандырат, “террорчуларды каржылатып, башкаларды радикалдардын катарына тартат...”, деди Мюллер.

Пентагондун “Нью-Йорк Таймс” гезити баскан маалыматы Гуантанамо түрмөсүн жабууну дагы кыйындатат. Ал маалыматка караганда, чуулгандуу абактан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн 534 адамдын 74ү же ар жетинчиси кайра террорчуларга же согушчандардын катарына кошулган. Алардын 29нун аты жөнү так көрсөтүлгөн. 45 адамдын ысмын Пенатгон коопсуздукка жана чалгындоого байланыштуу жүйөлөрдөн улам атабаган деп боолгойт гезит.

АКШнын Коргоо министрлигинин ачыкка чыгып кеткен докладындагы келтирилген маалыматтарга адам укугун коргоочулар көп ишенишпейт. Бирөөлөр Пентагондун маалыматын тастыктоо мүмкүн эмес экенин айтышса, башкалар мурдакы туткундар журналисттерге же даректүү фильмдерге берген интервьюлардын негизинде Пентагон аларды “террорчу” же “согушчан” деп атаган деп шектенишет.

Америкалык айрым сенаторлор Гуантанамону жаап, кээ бир туткундарды бошоткондон да түрмөнү жаппай калтыруу коркунучтуу деп санашат. Иллинойстук сенатор-демократ Дик Дурбиндин (Dick Durbin) айтышынча:

- Абу Грэйб жана Гуантанамодо болгон окуялар Кошмо Штаттардын аброюн түшүрдү, биз ондогон жылдар эш туткан союздаштарыбызга коркунуч жаратты. Президент Обама абалды өзгөртүүгө аракеттенүүдө. Ал Гуантанамону жабуу жана туткундарды коопсуз жана бекем кайтарылган жайларга которуу менен Американын тышкы саясаты өзгөргөнүн дүйнөгө шардана кылганы жатат.

Ал эми сенатор-республикачы Жэймс Инхоф (James Inhofe) Гуантанамодогу түрмөнү жапкандан мурда, ал жердеги туткундардын болочок тагдырын тактап алуу зарыл дейт:

- 245 туткунду эмне эмне кыларыбызды тактап алышыбыз шарт. Алардын көбү коомдон чыккан адамдар. Аларды мекени албайт. Аларды кармачу башка жай жок.

Түрмө жабылса, 240 арестант чет өлкөлөргө жөнөтүлүүсү, же бошотулуусу, же дагы абакта кармалуусу, же АКШнын түрмөлөрүнө которулууга тийиш. Бул суроого президент Обама, анын артынан эле вице-президент Жо Байден жооп беришет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG