Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

АКШнын президенти Барак Обама Гуантанамону жабууга киришти. Бирок анда отурган 245 адамдын мындан аркы тагдыры тууралуу суроо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Анткени түрмөдөгүлөрдүн ичинде жөн эле бошотула тургандар да, соттоло тургандар да, иши өтө татаал адамдар да бар.

Гунтанамо түрмөсүн жабуу тууралуу АКШ президенти Барак Обаманын буйругун Ак Yйдөгү расмий адамдар да “өтө татаал” деп сыпаттап жатышат. Анткени бул чечим толгон-токой суроолордун жаралышын шарттады. Мисалы, эгерде айыпталып жаткан адамга каршы далилдер кыйноолор аркылуу алынган болсо, же тыңчылар аралашкан болсо, кантип алардын иши АКШнын сотторунда каралат? Башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн айыпталуучуларды ал жакта кыйнабайт деген ишеним барбы?

Обама берген буйрукка ылайык, атайын топ тигил же бул айыпталуучунун иши түрмө жабылгандан кийин кантип териштирилээрин иштеп чыгышы керек. Мисалы, бошотулгандар АКШнын башка жарандарындай эле статуска ээ болушу керекпи-жокпу деген да сөздөр айтылууда.

Республикачылар Гуантанамону жабууга жана анда кармалып тургандарды башка түрмөлөргө жайгаштырууга каршы позициясын билдиришкен. Мисалы, Миссуринин атынан сенатор Кит Бонд аталган түрмөдө кармалып турган «аль-каидачылар” тууралуу сөз кылып жатып: «Халид Шейх Мухаммедди же Абу Зубайдахты өзүндө жашайт экен десе, кайсыл шаар сүйүнмөк эле? », - дейт.

Сара Мендельсон Стратегиялык жана Эларалык окуулар борборунун изилдөөчүсү. Ал Гуантанамону жабуунун түрдүү варианттары боюнча илимий ишин былтыр сентябрда жарыялаган. Обама түрмөнү жабууга буйрук бергенден кийин, атайын жумушчу тобуна ушул окумуштуунун эмгеги кароого берилди. «Мен бул эмгекте кармалып тургандарды эки негизги категорияда кароого сунуш кылдым, - дейт окумуштуу. - Биринчи топко бошотулушу мүмкүн же башка түрмөгө которула ала тургандар кирди. Экинчи топто иши кайра сотто карала тургандар бар. Түрмөнү жабуу боюнча жумушчу топ эркиндикке да чыгарылбай, ошол эле учурда иши сотто да каралбай тургандар деп үчүнчү жолду да табышы мүмкүн. Мен Обама администрациясы жана президент өзү түрмөдөгүлөрдү жогоруда айтылган эки жол аркылуу гана карашат го деп үмүттөнөм».

Сот эксперттеринин айтымында, азыр кыйынчылыкты жаратып жаткан факторлордун бири – айрым айыпталган адамдар кыйноолорго кабылгандан кийин гана күнөөнү мойнуна алышкан, дагы бирөөлөрү ушак-айың менен эле колго түшүрүлгөн. Кимдир бирөө, мисалы, коалициялык күчтөргө: «Баланча террорист болушу мүмкүн» десе эле аны кармап отургуза беришкен. Бул эки жол тең АКШнын сот стандарттарына такыр туура келбейт, - дейт адам укугун коргоочу, Колумбия университетинин профессору Сара Клевленд. Анын айтымында, жогоруда айтылган эки жол тең адамды түрмөдө кармаганга укук бербейт.

Эркиндикке чыга ала тургандар кайсыл жакка жибериле тургандыгы тууралуу маселе дипломатиялык жол менен чечилет го деген кабарлар айтылууда. Бошотулгандар жибериле турган өлкөлөрдүн тизмесинде Евробиримдикке кирген өлкөлөр аталып турат. Бирок ал мамлекеттердин өздөрүнөн расмий жооп боло элек.

Ал эми кайра соттолушу керек болгондордун иши кайсыл соттук система астында каралууга тийиш деген суроо да жоопсуз калып жатат. Жорж Буштун тушунда түзүлгөн аскерий соттун иши болсо маалыматты жашыргандыктан катуу сынга алынып келди.

Гуантанамону жабуу жөнүндө Обаманын чечими талкууланып жаткан кезде "New York Times" басылмасы 2007-жылы ушул түрмөдөн бошонуп чыккан Саид Али ал-Шихри «Аль-Каида» террор уюмунун башкы адамдарынын бирине айланганын жана өткөн жылы сентябрда Йеменде АКШнын элчилигинин имаратын жардырууну уюштурганын жазды.

Мендельсондун айтымында, Буштун тушунда түрмөдөн бошонгон 500 ашуун адамдын ичинде 61 киши кайра эле «согуш майданына» кайтып барган. Түрмөгө кармалган учурда «террорист болбогондор» да эркиндикке чыккандан кийин, жок эле дегенде, Батышка каршы пропагандага тартылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG