Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Гуантанамо коңгуроо кагууда, уйгур туткундар талап койууда


Гуантанамо абак жайынын туткундары.
Гуантанамо абак жайынын туткундары.

АКШ Сенаты Гуантанамо түрмөсүнүн туткундарын өлкөдө соттоого жол ачкан планды шейшемби күнү бекитти. Туткундардын бир тобу болсо акталса же жаза мөөнөтүн өткөндөн кийин аларга Америкада калуугу мүмкүндүк берүүнү талап кылышууда.

АКШнын Жогорку Соту өлкөдө калууну каалаган туткундардын арызын карап көрүүгө макул болуп, болчок саясый чатакка чыйыр салды дешет айрым серепчилер.

АКШ Жогорку Соту былтыр июнда уйгурлардын ишин карап, өлкө коопсуздугуна коркунучу жок туткунду федералдык сот бошото алат деп чечим чыгарган.

Гуантанамо түрмөсү жайгашкан АКШ деңиз флотунун базасынын дарбазасынын үстү жагында "Адилеттик лагери" деген жазуу жазылган.

Президент Барак Обама Гуантанамодогу абак жай келерки январга жабылат деп убада кылган. Гуантанамо түрмөсүнү жабуунун зарылдыгын Обама 21-майда Вашингтондогу Улуттук архивтердин музейинде сүйлөгөн сөзүндө анын Кошмо Штаттар туу туткан моралдык баалуулуктарга сөз тийгизип, өлкөнүн кадыр-баркын түшүрдү деп түшүндүргөн:

-Гуантанамо Американын дүйнөдөгү өтө кубаттуу дөөлөтү - моралдык абройуна шек келтиргенинен күмөн жок. Биздин өкмөт “Ал-Каидага” каршы күрөшүүдө биз бекем туткан баалуулуктарга жана салттарга негизделген болтой бекем системага таянбастан, мыйзамга ылайык келбеген жолду карманды. Гуантанамо түрмөсүн куруу жөнүндөгү жүйө жаңылыш бүтүм болгону ырас. Ал мыйзамга ылайыксыз болгондуктан, Жогорку Сот аны четке какты.

Убакыт зымырып учуп, Барак Обама сөзүн аткарчу мезгил чукулдап келүүдө. Бирок Кубанын жээгиндеги абак жайда кармалган 220дай туткунду кайда жайгаруу жагы алиге белгисиз.

Куба. Гуантанамо. АКШлык аскер туткундарды көзөмөлдөп турат. 31-май 2009-ж.

Сенат шейшемби күнү көпчүлүк добуш менен кабыл алган чечим-туткундарды АКШнын өзүнө которулуп, соттолушуна мүмкүндүк берет. Лекин айыптуу деп табылгандарынын жаза мөөнөтүн АКШнын ичинде өтүүсүнө, түрмөдөн бошогондон кийин же күнөөсүз деп акталып калса, өлкөдө калууларына уруксат эмес. Бул мыйзам долбоорун бир апта илгери Өкүлдөр палатасы да жактырган. Эми ага президент Обама кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Камакта отурган 200 туткундун алтымышы террорчулукка катыштыгы бар үчүн соттолот деп күтүлүүдө. Күнөөсүз деп акталган 80 туткун теориялык жактан алганда Гуантанамону калтырып кетсе болот.

Аларды башка өлкөлөргө өткөрүп берүүгө АКШ даяр. Бирок башка өлкөлөр эркиндик алган туткундардын бир азын гана алганга макул.

АКШнын Жогорку Соту өз мекенине барбай, өлкөдө калууну каалаган кытайлык 13 уйгурдун өтүнүчүн укмак болду. Алар 2003-жылы сот тарабынан АКШнын коопсуздугуна коркунуч туудурбайт деп табылып, бирок мекенинде дагы абакка салынат деген чочулоодон улам Кытайга жөнөтүлбөй калган. Акталган уйгурлардын кээ бирлерин Албания, Тынч океандагы Палау жана Атлантика океанындагы Бермуда аралдары кабыл алган. Палау Республикасынын 21 миң эли 328 аралчада жашайт. Дүйнөдөгү эң кичине бул өлкөнүн жалпы аянты 52 чарчы чакырым. Бермуда аралдарында 68 миңдей эл жашайт. Аянты 53 чарчы чакырым.

Жогорку Сот былтыр июнда уйгурлардын ишин карап, өлкө коопсуздугуна коркунучу жок туткунду федералдык сот бошото алат деп чечим чыгарган. Ага таянып, федералдык сот уйгурларды бир да бөтөн өлкө кабыл алууга макул болбогондуктан, алар АКШда калсын деген өкүмгө токтогон. Бирок федералдык апелляциялык сот туткундарды өлкө ичине койо берүүгө федералдык соттун укугу жок деп, өкүмдү артка кайтарган.

Уйгур туткундардын ишин АКШнын Жогорку соту эми келерки жылдын башында карайт.

XS
SM
MD
LG