Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

ОРУСИЯ: РАСАЛЫК ДИСКРИМИНАЦИЯ КҮЧӨП БАРАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва 21-мартта дүйнө расалык дискриминацияга каршы күрөшүүнүн эларалык күнүн белгиледи. Бул күнү Москвада антифашисттик уюмдардын митинги өтүп, анын катышуучулары өлкөдө башка расадагы адамдарга каршы чабуулдарды токтотуу талабы менен Коомдук палатага кайрылуу үчүн адамдардан кол топтошту. Соңку жылдары Орусияга келип жаткан чет элдиктердин саны өскөн сайын жергиликтүү калк арасында улутчулдук маанайы да күчөп баратат. Буга эмне себеп болуп жатат жана жергиликтүү бийликтер расалык дискриминацияга каршы кандай чараларды көрүшүүдө?

- Жолдо баратсаң, жаш баласы менен жүргөндөр кудум биз алардын балдарын уруп кое тургандай, же сөгүп кое тургандай, бизден алып качышат. Анан бизди билими жок деп эсептешеби, айтор, «өтө эле караңгы» дегендей түрдө карашат да. Мен өткөндө метродо баратсам, эки кемпир олтурган экен, бирөөсү экинчисине карап: «Прикинь, они за 500 рублей работают», - дейт. Келгиндердин арасында ошол 500 рубль акчаны ала албай калгандар да көп.



Бул – Кубанычбек Сапаров - Кыргызстандын Баткен облусунан болот. Ал азыр Москванын түндүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан югославиялык ишканада эмгектенет.

Кубанычка окшоп, бүгүн Кыргызстандагы там-жайын таштап, дурусураак айлык төлөгөн ишке орношуш үчүн Орусияга келип олтургандар, расмий маалыматтарга караганда, жарым миллиондон ашат. Алардын арасында мыйзамсыз мигранттар да көп.

Москвадагы «Сходненская» метро станциясына кире бериште бир кыргызстандык кыз адамдарга жарнама таркатып турат. Бул кыздын аты – Майрам. Ал 24 жашта. Москвага келгенине бир жылдай болуп калды. Кыргызстанда орус филологиясын бүтүрүп, мектепте мугалим болуп да иштеп көргөн экен.

Майрамды Кыргызстанда адамдар «эпчил кыз экен» дешмек. Ал Ноокатта таттууларды даярдап чыгарчу кичи-цех ачып, сегиз кызды иштетип жүргөнүн айтат. Азыр деле Майрам өзүн жөнөкөй мигрант деп эсептебейт: «Ишкер кызмын», - деди, «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып.

Бирок Москвада анын шамдагай, чечкиндүү мүнөзү өзгөргөн өңдүү. Алгач келгенде, расмий түрдө каттоого туруп, мыйзам чегинде иштейин деп жумушка орношконуна карабай, милиция да, иш бергендер да бул кыздын шагын сындырып койгон окшойт.

- Алгач келгенде үч ай Москвадагы ири дүкөндөрдүн биринде пол жууп иштедим. Ошол үч айдын ичинде 12 миң рубль акча төлөп беришти.

«Азаттык»: Эмне үчүн мынчалык аз төлөштү?

- Мен иштеген жерде ошол учурда эле «Жумушка уруксат берчү документ керек» деп, сегиз миң рубль кармап калышчу. Түнкү жумушка кирген болчумун, 12 сааттап тике туруп иштечүбүз. Анан ал жерден кетейин десем, акыркы бир айлык акчамды бербей коюшту. Канчалык жалбарып-жалынып да ала албай койдум. Баары бир келгиндер келгин бойдон кала берет экен, - дейт Майрам.

Бирок Орусиядагы этнология жана антропология Институтунун миграция боюнча аналитиги Наталья Зотованын ишениминде, көп учурда мигранттар өздөрү да аларга карата терс мамиленин калыптанышына күнөөкөр болуп жатышат. Анткени, адатта, алар мыйзам чегинде жашап, иштегенден качышат.

- Азыр Орусияда иштеп жаткандардын баары эле өздөрүнүн статусун мыйзамдаштырыш үчүн өлкөдөн чыгып, анан кайра кирүүнү, документтерди чогултуп, тийиштүү органдарга барууну каалашпайт. Анткени мунун баарына көп каражат, күч, анан убакыт кетет. Анын оордуна мигранттар, мурдагыдай эле, мыйзамсыз жүрүп, керек учурда милициядан качып жашаганга үйрөнүп калышты. Быйыл 15-январдан бери иштей баштаган жаңы тартиптерди баардык эле мигранттар биле беришпейт. Көптөрү курулуштарда иштейт, ал жерден чыгышпайт, анан кайдан укмак эле? Анын үстүнө алар миграциялык кызматтарга баруудан да коркушат, бул органдарга ишенишпейт. Миграциялык кызматка барышса, ал жерде милиция кармап калышы мүмкүн да.



Сүрөттө: Москвадагы курулуштардын биринде чет өлкөлүктөр иштеп жатышат

Азыр Наталья Зотова айтып өткөн жаңы тартиптерге ылайык, орус жеринде мыйзамсыз жүргөн чет-элдиктер өздөрүнүн статусун мыйзамдаштырыш үчүн алгач өлкөдөн чыгышы керек. Кийин кайра Орусияга киргенде, жаңы миграциялык карта алып, каттоодон өтүшсө болот.

Маселенин укуктук жагынан башка улутчул жүзү да бар. Чет өлкөлүк мигранттар орус коомуна жеңилирээк аралашып кетишине кедерги болуп жаткан дагы бир башкы проблемалардын бири – улутчул жаштар.

«Орусия орустар үчүн!» деп кыйкырып жаткан бул улутчул жаштардын массалык маршы 2005-жылдын 4-ноябрында Москванын чак ортосунда өткөн эле. Бийликтер жөө жүрүшкө уруксат беришкени үчүн азырга чейин сынга алынып келет.

Москвадагы адам укуктары боюнча бюронун кабарына ылайык, 2006-жылы «скинхеддер» 51 адамды өлтүрүшкөн. Жалпысынан 361 адамга кол салышкан. Себеп – алар орустарга окшошпойт.

Эмне үчүн Орусияда бүгүн чет-элдиктерге кастык күч?

Адам укуктары боюнча Москвадагы бюронун аналитиги Семен Чарный улутчулдуктун күчөшүнө көпчүлүк орусиялыктардын оор социалдык абалы себеп деп ишенет.

Ал эми качкындар укугун коргоп келаткан «Гражданское содействие» уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкинанын айтымында, скинхеддер, албетте, эң коркунучтуу, көзөмөлгө алууга татаал жаштардын тобу. «Бирок бүгүн башка расадагы адамдарга карата терс мамиле бир эле скинхеддерден эмес, жөнөкөй орусиялыктардан да байкалат», - дейт ал.

- Тилекке каршы, бул такырбаш «псевдопатриот жаштарга» эле эмес, мен курактагы адамдарга да тиешелүү көрүнүш. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу, жок дегенде, ата-энесинин жеке тажрыйбасынан уккан адамдар да азыр маалымат каражаттарындагы саясаттын курмандыгына чалынышты десем болот. Бир эле мисал, былтыр А.Гитлердин туулган күнүндө (20апрелде – ТД.) Москвада башка улуттагы адамдар кудум жер жуткандай жоголуп кетишти. Ошондо 70 жаштагы кемпир: «Карачы, фашисттер «караларды» канчалык коркутуп салышканын», - деп сүйүнгөнүн угуп алып, «тобо!» деп жакамды кармап калдым.

Анткен менен, анын айтымында, буга чейин маселеге көп көңүл бурбай келген Кремль соңку мезгилдерде расалык дискриминацияны жоюу боюнча ыкчамдуу аракеттерди көрө башташты.

- Мындан бир-эки жыл мурда сот органдары Кылмыш кодексиндеги «Расалык жек көрүүчүлүк негизинде жасалган кол салуу» деген беренени кантип болбосун колдонбогонго аракет кылып жатышкандай сезилчү. Азыр абал кичине жакшы жакка өзгөрүп жатканы байкалууда. Анткени маселе барган сайын көзөмөлдөн чыгып баратат, - дейт С.Ганнушкина.

Кыргызстандык Кубанычбектин айтымында, алгач ага терс мамиледе болуп келген коңшулары болобу, же бирге иштешкендерби, айтор орус улутундагы ким болбосун, таанышып-билишип кеткенден соң мамилесин өзгөртүшөт. Ушундан уламбы, «Орусияда расалык дискриминацияны кантип жоюуга болот деп ойлойсуң?» деген суроого Кубаныч: «Улуттар аралык карым-катнашты, алыш-беришти күчөтүш керек», - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG