Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН ИЧИНДЕ КУЛЧУЛУККА КАБЫЛГАНДАРЫ ДА БАР


Чолпон Аркабаева, Москва Кыргызстандан Орусияга акча табам деп келген мигранттар кээ бир учурда кулчулукка кабылып калышат. Кыргыз мигранттары орус жериндеги жумушта кантип кулчулукка учурап калышат жана андай учурларда эмне кылышат?

Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Адилет Козубаевдин айтымында, мигранттарды кулчулукка түрткөн себептердин бири - алар өздөрү бирин-бири алдап, сатып жатышканы болууда. Адилеттин досун айылдашы Москвага чакырып кулчулук үчүн сатып жибергени тууралуу ал “Азаттыкка” буларды айтты.

- Досум келгенден кийин, чакырган айылдашы аны Москва облусунун бир четки жерине алып барып, бир оруска сатып жиберет. Паспортун да ошол сатып алган кожоюнга берип коюптур. Досум өлбөстүн күнүн көрүп, кыйналган, күнгө күйүп, өтө арыктап кеткен. Анан ал эптеп айла таап досторуна чалып: “Мени алып кеткиле!”, - деп ыйлаган экен. Орусияда көп жылдардан бери иштеп жүргөн достору келип, аны алып кетишет. Бул окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким тарткан деле жок, - деди Адилет.

Орусиянын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси боюнча, адамдарды сатуу жана аларды кул катары пайдалануу үчүн айыпкерди беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Эларалык Эмгек уюмунун эксперти Елена Тюрюканованын айтымында, 2006-жылы Орусияда ушул берененин негизинде 106 кылмыш иши козголгон. Елена Тюрюканова белгилегендей, элдин ичинде жашы да, карысы да, аялы да, эркеги да, майыбы да, иши кылып, ким болбосун кулчулуктун курмандыгына айланышы мүмкүн:

- Эмгекке жараган эркектер, негизинен, курулуштарда жана башка жумуштарда пайдаланылат. Аялдар болсо сойкулук, үй кызматы сыяктуу чөйрөлөрдө эзүүгө кабылышууда. Балдар менен майыптар болсо тилемчи катары иштетилет. Ал эми кулчулукка кабылган мигранттар, адатта, бир топ эле азаптарды баштан кечиришет. Алардын документтерин тартып алышат, айлык акысын беришпейт, камап, сыртка чыгарышпайт, карыздын сазына батырышат, психологиялык жактан зомбулук көрсөтүшөт, коркутушат. Көбүнчө мигранттарды “мыйзамсыз жүрөсүңөр” деген шылтоо менен иштеп жаткан имаратынан, мисалы, курулуштан, сыртка чыгарбай, бир жерде кармап, иштетишет.

Орусияда мигранттарды кул абалдан куткаруу боюнча эларалык, өкмөттүк эмес уюмдар жана укук коргоо органдары алектенишет. Ал эми жабыркаган мигрант мекенине жетип алыш үчүн эл аралык уюмдар, же болбосо, анын өлкөсүнүн элчилиги жардам бериши ыктымал. Бирок, бул жаатта маселеге көптөн бери көз салып келген эксперттердин айтымында, кулчулукка кабылган мигранттардын үнү тиешелүү уюмдарда дайыма эле өз убагында угула бербейт.

XS
SM
MD
LG