Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

10-февралда Human Rights Watch эларалык уюму Орусиядагы мигранттардын абалын иликтеген баяндамасын жарыялады. Анда уюм орус өкмөтүн мигранттардын укугун коргоп, алардын жумуш шарттарын жакшыртууга чакырган.

Human Rights Watch уюмунун бул жолку баяндамасы орус жериндеги курулуш жайларында иштеген борбор азиялык мигранттардын абалына арналды.

«Мигранттар Орусияга дурусураак иш издеп келишет. Анын оордуна бул жерде эксплуатацияга жана зордук-зобунга кабылышат», - дейт докладдын автору, аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жейн Бюкенен.

Орусия мигранттардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Бул – Дүйнөлүк банктын маалыматы. Чынында, бүгүн орус жеринде канча эмгек мигранты иштеп жүргөнүн айтуу кыйын. Дүйнөлүк банк 2005-жылы Орусияда 12 млн.дон ашуун мигрант бар десе, Орусиядагы Федералдык миграциялык кызмат эки жылдан кийин берген маалыматка караганда, орус жериндеги мигранттардын саны 8 млн.дон ашпайт.

Амалы чамалуу жазмыш

Кантсе да орус жерине иш издеп барган чет-өлкөлүк эмгек мигранттардын жарымына жакыны курулуш объектилеринде иштей турганы чын. Курулуш акыркы жылдары орус экономикасын жылдырып турган негизги көрсөткүчкө айланган эле. Бирок азыркы глобалдык экономикалык кризистин тушунда бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн.

Мигрантка жумушсуз калуу – баары бүттү дегени…
Баяндама мамлекеттин 50 дөй шаарынан 140 мигранттын интервьюсунун негизинде түзүлгөнү айтылды. Алардын басымдуу бөлүгү – Борбор Азиядан чыккандар. Эң кызыгы интервьюга чакырылгандардын дээрлик баары эле мыйзамсыз иштеп жүргөндөр экен.

Ошол мигранттар жумушта фирмалардын жетекчилери алардын паспортторун тартып алып, аз акчага кыйнап иштетишээрин, айлык акыны көп учурда айтылгандан аз төлөп, же такыр эле төлөбөй коюшаарын, көчөдө милиция кармап акча алса, улутчул маанайдагы жаштардын тобу, же скинхеддер, оозу-мурдуна карабай уруп салышаарын, үйгө кетейин десе паспортун кайра ала албай кыйналышаарын айтышкан.

Мунун баары кыргыз мигранттарына жакындан тааныш көрүнүш.

Абайла – КИДАЛА!

Нурлан Темиров (22 жашта) бир жылдан бери Москвада ар кайсыл курулуш ишканаларында иштеп жүрдү. Жакында аны ортомчулар алдап, үч айдан бери айлыгын төлөбөй жүргөн экен. Ал «Азаттыкка» буларды айтып берди: «Биз кыргызстандык төрт жигит болуп, түрктөрдү ортомчу кылып, бир ишканадан объект алган элек. Ишти толугу менен бүтүрүп, эми ортомчуларыбызды таппай койдук. Биз 250 миң рублга жакын акча алышыбыз керек эле. Азыр баарыбыз акча жок, көчөдө жүрөбүз. Алар менен кагаз түрүндө келишим да түзгөн эмес элек. Ишкананын өзүнө кайрылсак, бизди тааныбайбыз деп коюшат».

Human Rights Watch уюмунун докладында дал ушул өңдүү «жалганчы» ортомчу ишканаларга, же адамдарга каршы күрөштү орус укук коргоо органдары күчөтүшү зарыл экени да баса белгиленген. Адатта, мындай учурларда мигранттар элчиликтерге кайрылышат. Уюмдун докладында айтылгандарга караганда, мындай учурлар үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын элчиликтери атайын адамдарды бөлүп, жакшы иштетип жатышат.

Кризистен жумушсуздукка, жумушсуздуктан мыйзамсыздыкка, андан ары - депортация
Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасында мындай окуяларга кабылгандар көп. Алар ич ара муну «кидала» деп атап коюшат. Орус сөздүктөрүнүн ичинде акыркы кылмыш жаргондорунда колдонулуп жүргөн бул сөз («кидала») «алдап кеткен, же сөзүнө турбай, убадасын аткарбай койгон адамды» сүрөттөйт.

Абдыш Коомбаев Москвадагы «Миграция жана мыйзам» деген укук коргоо уюмунда юрист болуп иштейт. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Коомбаев эларалык уюмдун докладында айтылгандарга кошула турганын, анткени акыркы айларда аларга дал ушул маселелер менен кайрылган мигранттардын саны өскөнүн билдирди: «Азыр Орусияда, өзгөчө Москва облусунда, кризистин айынан майда ишканалар жоюлуп кетти, ири ишканалар болсо айлык бербей жатышат. Мындай фактылар менен бизге жардам сурап кайрылгандардын саны декабрдын аяк чендеринен тарта кескин өстү. Андан сырткары, мигранттарга иштөөгө уруксат берген карталарды, каттоодон өткөрүү документтерин жасаган майда фирмалар көбөйдү. Алардын документтери «жасалма» экени аныкталууда»

Кризистин толкуну

Абдыш Коомбаев азыркы экономикалык кризис мигранттардын укуктарынын мындан ары да бузулушуна шыкак болуп бериши күтүлөт дейт.

«Жумушсуз калуу деген эмгек мигранты үчүн баары бүттү дегенди түшүндүрөт, - дейт Москвадагы «Миграция жана мыйзам» укук коргоо уюмунун юристи Абдыш Коомбаев. – Адамдар жумушун жоготуп, андан ары кайра эле мыйзамсыз жүрүп, башка ишти издөөгө аргасыз болушууда. Башка бир жерге азыраак айлыкка барышат, ал жактан да акча бербей коюшат…»

Эларалык укук коргоочулар акыркы докладында орус бийликтери чет-өлкөлүк мигранттарды каттоо эрежесин бир топ жеңилдетишкенин айтып, бирок бул деле жетиштүү чара эмес экенин айтышууда. Андыктан бул ирет да миграция жаатындагы реформаны андан ары улантууга чакырык айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG