Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Каражич Гаагадагы сулайман суракта


Гаага -- Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич эл аралык трибуналдын сотунда сурак бере баштады.

Гаага -- Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич эл аралык трибуналдын сотунда сурак бере баштады.

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич кечээ Гаагадагы трибуналдын сотунда биринчи ирет жооп бере баштады. Буга чейин ал үч ирет процесске катышкандан баш тарткан эле. Каражичке 90-жылдардагы Балкандагы согуш маалында жасалган кылмыштары үчүн айып тагылган.

Босния согушу маалында Каражич сербдердин президенти болгон. Босниялык сербдер көп жерлерди өздөрүнүн аймагы деп жарыялап, алардан мусулмандар менен хорваттарды сүрүп чыгарууну көздөшкөн. Тергөөчүлөр ошол иштердин баарына башка саясий жана аскерий жетекчилер менен бирге Каражич баш-көз болгон,көп көрсөтмөлөрдү өзү берген деп эсептешет. Сараево шаары 44 ай бою курчоодо турган, анын жүрүшүндө 10 миңден ашуун кырылып, дайынсыз жок болгон. Сребреница шаарында мусулмандар менен хорваттар үчүн туткун лагери түзүлүп, ушул жерде 8 миңдей киши атылган.

"Азаттыктын" Балкан бөлүмүнүн директору Гордана Кнежевич согуш маалында Сараево шаарында эки жыл бою "Ослобождение" гезитинин орунбасар редактору болуп иштеген. Кнежевич 1992-жылдын апрелинде өзү отурган бөлмөнүн терезесине биринчи ирет ок тийгенин эскерди. Андан көп өтпөй Сараево сербдердин кырчоосунда калган. Не Каражич, не башка серб жетекчилери менен аскери колбашчылары эч кандай эскертпей-этпей туруп ушинтип жарандык уруш башташкан.

Кнежевич "Балкандын баш кесери" атыккан Каражичти дүйнөлүк экинчи согуш маалында Холоскосту ойлоп таап, анын архитектору аталган Адолф Эйхманнга окшоштурат. Лагерде миллиондогон еврейлерге эң ырайымсыз, мыкаачы тажрыйбаларды жасап, тирүүлөй мешке жагып өрттөгөн нацисттердин бул малгуну кийин жөөттөр менен элдешүү ниетин билдирген. Каражич да жакында Гаагадан жазган каттарынын биринде Балкандагы согушта курман кеткендер үчүн ыстыкпар сураган ырайда өкүнүч билдирген.

Өз колу менен жасаган бардык кылмыш-кыянаттары үчүн акыры Гаагадагы трибуналда сулайман сурагына алына баштаган "Балкандын баш кесери" кадимки адам тейиндеги жан экенинен Кнежевич кадиктенет. "Каражичтин "сырткы кешпири" ал жасаган кылмыштардын масштабына түк чак келбейт",- дейт ал.

Деген менен Каражичти колдогондор да бар. Анын тарапкерлери трибуналдын койгон айыптарын четке кагып, Каражич саясий лидер катары бар болгону тынчтыкка жетишүүнү, өз элин коргоп калууну көздөгөн дешет.

Буга байланыштуу кезектеги бир комментариясында Лондондо чыгуучу "Таймс" гезити босниялык сербдердин мурдагы лидери жасаган "иштер" Европа тарыхында Холокостон кийинки эң чоң мыкаачылык болгонун белгилеп, Каражичти "адамноого" салыштырды.

Каражич он үч жыл из жашырып качып жүрүп, былтыр кармалган. Босниялык сербдердин мурдагы аскер жетекчиси Ратко Младичтин дале дайыны табыла элек.
XS
SM
MD
LG