Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Гаитиде жагдай жаман, бирок көзөмөлдө


Гаити -- Тамак-ашка жана таза сууга кезекке тургандардын катары бардык жерде бир нече чакырымга жетет.
Гаити -- Тамак-ашка жана таза сууга кезекке тургандардын катары бардык жерде бир нече чакырымга жетет.

Гаитиге эл аралык кошумча коопсуздук күчтөрү киргизилет. Дүйшөмбү күнү аралдын жээктерине АКШнын аскер деңиз корпусунан эки миңдей жоокер түшүрүлдү. Бул учурда өлкөдө куткаруу иштери улантылууда. Акыркы күндөрү урандылар алдынан 90 киши тирүү табылды.

Гаитинин борборунан алынган кабарларда табигый кырсыктан кызыл уук болуп кыйрап калган аймактарда каракчылар менен ууру-кескилердин күнү тууп, булоон-талоон күч алганы, коомдук тартипти камсыздаганга эл аралык күчтөрдүн шайы жетпей жатканы айтылууда.

Бирок АКШнын гуманитардык жардамдар мекемесинин башчысы Жон Холмс аралдагы коопсуздук тууралуу кооптонууларда аша кеткен кеп-сөздөр көп экенин көрсөттү. Айрым бир зобун-зомбулуктарга карабастан жагдай жалпысынан көзөмөлдө турат.

"Албетте, ар кандай иштер болуп жатат, негизинен алардын баары элге тамак-аш, таза суу тез жетпегенден болуп отурат. Азыр жардам жеткирген автокербендерди коштогон аскерлерди, полицмендерди көбөйттүк. Жардамдын көлөмү күн сайын көбөйүп баратат. Алардын баарын ач-жылаңач калгандарга өз маалында жеткирүү зарыл, болбосо бу жерде чын эле коопсуздук чоң проблемага айланат",-деп айтты аралдагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн колбашчысы Ален Ле Руа.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коопсуздук күчтөрүнө жана полицияга кошумча беш миң кишидей толуктоо жөнөтүү маселесин Коопсуздук Кеңешине сунуш кылганын ырастады.

АКШнын Гаитидеги атайын чабарманы болуп дайындалган экс-президент Билл Клинтон дүйшөмбү күнү бир катар жерлерде болуп, жагдай менен таанышты. "Өлкө кайра баштан курулуп, алда канча туруктуу жана күчтүү болуп каларына" бекем ишеничин билдирип,экс-президент: "Эгер менин аракеттерим ушул максатка жетүүгө көмөктөшө турган болсо,анда бул үчүн канча убакыт керек болсо,ошончо мөөнөткө чейин колдон келгендин баарын жасайм", - деп ишендирди.

Элге эң зарыл азык-түлүк, таза суу жеткирүү ишин жакшыртканы америкалык аскерилер алардын баарын түз эле тикучактардан таштап жатышат. Алар бул ишти дагы улантканы жатышканын генерал-лейтенант Кен Кин бышыктады. Өлкөнүн борборундагы аэропорт гуманитардык жүк алып келген учактардын баарын эле кабыл алганга жарабайт. Учма-конмо тилкелердин үстү 12-январдагы күчтүү зилзаладан омкорулуп, оңурайган уңкур-чуңкурга айланган. Жүктөрдүн көбүн аралдагы коңшулаш Доминикан республикасы аркылуу жеткиргенге туура келүүдө.

Эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү Гаитидеги зилзаланы "эбегейсиз масштабдагы табигый алаамат" деп атап жатышат. Анын кесепет-кесирин эсептеп чыгуу азырынча эрте. Болжолдуу эсептер боюнча эле кырсыктан курман болгондор саны 200 миңге жетиши ыктымал. Азырынча 70 миңдей кишинин сөөгү көмүлдү, дагы канчасы уранды алдында калганын эч ким билбейт. Куткаруу иштерине 1700дөн ашуун адамдан турган адистешкен атайын 43 бригада тартылган. Акыркы күндөрү алар уранды алдынан аман калган 90 адамды таап чыгышты.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG