Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

АДИСТЕР ЗИЛЗАЛА КАЙТАЛАНЫШЫ ЫКТЫМАЛДЫГЫН ЭСКЕРТҮҮДӨ


Кечээ түнкү саат он бирге жакын Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө катталып, зилзаланын очогуна жакын жайгашкан Алай районунун Нура айылы кыйроого учурады. Акыркы маалыматтарга ылайык, зилзаладан 72 адам каза болуп, жүздөн ашуун адам ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Учурда куткаруу иштери жүргүзүлүп, жабыр тарткандарга гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

Кечээ түндө болгон жер титирөөнүн очогу Алай районуна караштуу Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сонку маалыматтарына ылайык, жер титирөөдөн Нура айылындагы турак-жайлардын 90 пайызы кыйроого учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз жана калк менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Абдысамат Баязов кырсык тууралуу буларды билдирди:

- Бүгүн кошумча элүү куткаруучу жөнөтүлдү. Коргоо министрлигинен жардамга 100 жоокер жөнөтүлдү. Азыр алар окуя болгон жерге барып, куткаруу иштерине катышып атышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен коргоо министрлигинин тик учактары жаракат алгандарды Ош шаарындагы ооруканага жеткирип жатышат.

Ошондой эле Абдысамат Баязовдун айтымында, кырсык болгон жерге гуманитардык жардамдар, өзгөчө кырдаалдарда керектүү буюм-тайымдар, кийим-кечектер, тамак-аштар жөнөтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн эртең менен 10 куткаруучу менен бирге Бишкектен зилзала болгон айылга учуп барган эле. Ошондой эле жер титирөө катталгандан кийин түнкү саат экиде, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Муканбет Касымалиев 4 Камазга жүктөлгөн керектүү буюм-тайымдарды алып Нура айылына жөнөп кеткен. Эми окуя болгон жерге президент Курманбек Бакиевдин барышы да күтүлүүдө.

Адистердин айтымында, мындан ары да Борбор Азия чөлкөмүндө сейсмикалык козголуулар болушу күтүлөт. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун айтымында, Кыргызстандын аймагында жакынкы жылдары сейсмикалык активдүүлүк күчөмөкчү:

- Мындай катуу жер титирөөлөр жалгыз болбойт. Мына, кечээки жер титирөө эмнени билдирет? Бул деген, кечээтен баштап Ош аймагында сейсмикалык активдүүлүк күчөдү деген белгини берип атат. Ошондуктан Оштук туугандарга айтып кетерим, даярданыш керек.

Сейсмология институтунун иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандын түштүк аймагындагы сейсмикалык толкундар жакынкы бир-эки жыл аралыгында Ош аймагы тарапка же Кытай тарапка оошу мүмкүн. Ошол себептүү Ош аймагында жакынкы бир-эки жыл аралыгында дагы катуу жер титирөө болушу мүмкүн.

Институттун директору К.Абдрахматовдун айтымында, Ош аймагында сейсмикалык активдүүлүк 2012-жылга чейин күчөшү күтүлөт. Ал эми Чүй жана Ысык-Көл аймагында, 2010-жылдан 2016-жылдарга чейин сейсмикалык активдүүлүк күчөшү болжолдонууда. Ошондой эле ал адис катары жер титирөө коркунучтарына ылайык элге кеңешин берди:

- Биринчи кеңешим: эгерде бир аз акча тапсаңар дароо үйдү бекемдеш керек. Бир нече эң эле жөнөкөй иш-чаралар бар. Мисалы, үйдү төрт жагынан, төрт бурчунан темирлер менен ширетип бириктирип, курчап койгула. Мындай болгондо үйдүн сейсмикалык туруктуулугу бери дегенде 1-2 баллга жогорулайт. Эгерде ага да акчаңыздар жок болсо, “өзүмдү-өзүм кантип кармайм, биринчи толкун болгондо эмне кылуум керек” деген сыяктуу жөнөкөй эрежелерди үйрөнүп алуу керек. Мисалы, биринчи толкун менен экинчи толкундун аралыгы 20 секундга чейин созулушу мүмкүн. Ошол 20 секунд ичинде же эшикке чуркап чыга калуу керек же эшиктин босогосуна тура калуу керек. Ага да үлгүрбөй баратсаңар же катуу үстөлдүн астына же бекем керебеттин алдына кире качсаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG