Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

1995-жылы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын ордо шаар Прагада жайгашып калышында өзөктүү ролду ойногон Чехиянын мурдагы президенти, белгилүү диссидент Вацлав Гавел 27-мартта үналгынын баш кеңсесинин жаңы имаратында болду. Гавел жаңы имаратта өткөн редакторлордун алгачкы жыйынын ачып, андан соң кабарчыбыз Жереми Бранстенге маек курду.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысынын “Айрым саясий лидерлер ушул таптагы экономикалык кризисти либералдык экономикалык жана социалдык моделден баш тартуу үчүн далил катары бетке кармашууда. Айрымдар кризисти Батыш демократиясынан баш тартуунун символу катары көрүшүүдө. Сиздин пикириңиз кандай?” деген суроосуна Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдин жообу мындай болду:
- Мен мындай радикалдуу көз караштар менен бир аз гана макул боло алам. Менимче, муну экономикалык тармактагы кризис гана эмес, цивилизацияда кризис деп ойлойм. Бирок бул кризис олуттуу маселелер тууралуу да белги берүүдө. Эгерде адамдар жана тийиштүү мекемелер туура баамдап, мындан сабак алышса, анда келечектеги өнүгүү үчүн бул кризистин пайдасы чоң болчудай. Бул кризисти бир күндүк жана кыска мөөнөттүү пайда табуунун артынан чуркабай, келечекти ойлоонун белгиси деп билем.

Деген Вацлав Гавел экономикалык кризистин Европага тийгизип жаткан кесепети үчүн тынчсызданбай турганын белгиледи:

- Менимче, Европа буга чейин эле бириге алган жана абдан көп сыноолордон өткөн эле. Азыркы кризис кайсы бир деңгээлде анын ыдырашына алып келбейт деп ойлойм. Бул кризис балким белгилүү бир жараяндардын кечеңдешине түрткү болот чыгаар. Бирок андан да жаман болооруна көзүм жетпейт.

Мындан 20 жыл мурда Борбор жана Чыгыш Европа коммунизмди жеңгени маалым. Андан бери Чехия өңдүү өлкөлөр Батыштагы бардык уюмдарга, анын ичинде НАТО жана Евробиримдикке мүчө болду. Бирок Грузия, Украина, Молдова өңдүү обочодо калган айрым өлкөлөр ортосунда жаңы “Берлин дубалы” пайда болушу мүмкүнбү? Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел географиялык чек аралар Кандуу согуштун кезиндегидей бөлүнүүдөн коргонуу болбоосуна көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

Вацлав Гавел жакында эле Прагада НАТОнун жыйынында бул маселени көтөрүп чыккан. Ушундан улам “НАТОнун чек аралары кандай болушу керек? Украина менен Грузия чек аранын кайсы тарабынан көрөсүз?” деген суроо жаралат. Вацлав Гавелдин айтымында, НАТОго өтүү ар бир өлкөнүн эркиндеги иш:

- Албетте мындай чечимди мен кабыл албайм. Бул нерсе альянска кирген өлкөлөрдүн каалоосуна байланыштуу болот. Бул көптөгөн башка себептерге да байланыштуу. Жеке баамымда, НАТОнун чек аралары Европанын чек араларына дал келиши керек.

Орусиянын чоң империя болгону маалым. Ушундан улам анын чек арасы кайсы жерден башталып, каерден бүтөт деген суроо жаралат. Мисалы, Чеченстанды алганда ал Орусиянын бир бөлүгүбү же башка тараптабы? Вацлав Гавел мындай дейт:

- Маселе мына ушунда: тарых да Орусия каерден башталып, кайсы жерден бүтөөрүн айта алган эмес. Бирок мен жеке адамдын укугу үчүн гана эмес, улуттун эркиндиги үчүн күрөшүп келем. Эгерде чечен эли чындап эле түбөлүктүү көз карандысыз болгусу келсе, же көз карандылыктын сыноосунан өтүүнү кааласа – элдин андай укугу бар.

XS
SM
MD
LG