Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Өзбекстанда хижаб жана Европа стилиндеги кыска юбкалар ден соолукка зыян деп, сыналгыдан атайын берүү көрсөтүлдү. Кыргызстанда болсо динге берилгендер көбөйгөн сайын хижаб да кыздар арасында популярдуу боло баштаган.

Кардарлардын суроосуна орусча-кыргызча аралаштырып жооп берип, товарлар менен алектенип жаткан Айгүл аттуу кыз аялдардын кийимдери менен соода кылат. Анын башындагы кара жоолугу динди туткандыгынан кабар берип тургандай. Айгүлдүн ислам жолуна түшүп, хижаб кийгенине эки жыл болду. “Менимче, бул ар бир аялдын парзы. Акырет күн келгенде, жер менен күн абдан жакындашып, адамдардын мээси кайнай баштайт. Ошондо бизди ушул жоолук сактайт”, - дейт Айгүл.

Ал башына жоолук салынып жүргөнү менен, анча узун эмес жылуу көйнөгүнүн алдына кадимки эле жинсы шым кийип алган. “Хижаб десе эле капкара, кенен кийим эмес, модалуу деле кийинсе болот. Эң негизгиси - ал адам көңүлүн катуу бурбагандай жөнөкөй болушу керек”, - деди.

“Кудай сулуу кийинген адамды сүйөт. Жакшы кийингиле деп айткан. Бирок ачык, кызыл-тазыл эмес, адам көңүлүн бурбаган түстөрдө кийинүү керек. Бирок бизде да мода бар. Кийимдин ар кандай түрлөрү бар. Мүмкүн болушунча жөнөкөй кийингендерди кудай жакшы көрөт”.

Өзбекстанда көрсөтүлгөн берүүдө догдурлар хижабдын ден-соолукка зыянын денеге аба киргизбей, чүмкөп кое турганы менен мүнөздөштү. Хижаб кийимин сатуучу Анара эженин айтымында, азыркы тигилген кийимдер кадимки эле аба өткөргөн кездемелерден, заманбап стилде тигилет: “Кадимки эле лён, трикотаж, пахта кездемелеринен тигилет, - дейт ал. - Акыркы убактарда жаштардын табитине жараша, топусу, юбкасы, шымы менен костюмдар тигиле баштады. Кыздардын дене боюна куп жарашкан моделдер тигилип калды. Менимче, мындай кийимдин эч зыяны жок”.

Кудай сулуу кийингенди сүйөт...
Дарыгер айым Шайлоо Дайракунова болсо буга чейин хижаб кийгени үчүн ооруп калгандарды өмүрү учуратпаганын айтат:

- Хижабды эми Арап өлкөлөрүндө ысык күндөн, кумдан сактануу максатында аялдар кийип калышса керек. Ал деле ысыкта жука кездемеден, суукта жылуу кездемеден тигилет. Анан буга чейин хижабдын айынан тери оорусу, же дагы башка оорулары менен келгендерди көрө элекмин. Медициналык жактан эч кандай чектөө айта албайм. Ал деле кадимкидей эле кийим да.

Бирок Шайлоо Дайракунова Өзбекстанда хижаб менен катар зыяндуу делген Европа стилиндеги кыска юбкалардын айрымдары чын эле ден-соолукка зыян экендигин ырастады. Өзгөчө жжинсыдан тигилген тар кийимдер өсүп келе жаткан организмге кедергисин тийгизет, дейт ал:

- Өзгөчө 14, 15, 16 жаштагы өспүрүм кыздар денесин чыпталышкан кыска тар юбка шымдарды кийип алышат. Өзгөчө жинсы материалынан тигилген кийимдер организмге терс таасирин тийгизет. Ал катуу кездеме болгондуктан, тар тигилген юбка кыздардын тазын өстүрбөй коюшу мүмкүн. Ичке таз менен жүргөн кыздар төрөгөнгө келгенде, бир аз чоңураак балдарды өздөрү төрөй албай, кесип жибергенге туура келет.

Ошол эле учурда кыска юбкаларды бейтааныш жерде кийип жүрүү кыздардын өздөрүнүн коопсуздугуна да зыян келтириши мүмкүн: “Кыска юбканы тишелүү жерлерде эле кийишсе дурус болмок, - дейт догдур айым. - Анткени мындай кийим эркектерди кызыктырат, айрымдарын кылмышка түртөт. Бейтааныш жерде өзүнүн коопсуздугу үчүн кийбей эле койгон оң”.

Акыркы учурда “хижаб” деген сөз терроризм түшүнүгү менен жакын каралып келатат. Анткени жанкечти-аялдын образы, адатта, хижабчан же паранжа кийген аял менен элестелет.

Бирок Айгүл Ислам дини баарынан бийик жана таза дин, дейт. Анын жакшы жактарын өздөрүнүн арам ойлоруна пайдаланып, динди бурмалоого аракет кылгандар Кудай алдында айыбын тартышат, - деп ишенет ал.

"Хижаб", араб тилинен которгондо, “денени жашыруу” дегенди түшүндүрөт. Бул кийим айрым катуу шарттарды өзүнө камтыйт. Биринчиден, жоолукчан аялдын жүзү гана көрүнүп турушу керек. Ал эми денеге чыпталышпаган узун көйнөктөн аялдын колунун учу жана бутунун учу гана көрүнүп турушу лаазым.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG