Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Кытай Эл Жумуриятынын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хотодо Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын жылдык отуруму өз ишин аяктады.

Эл аралык туруктуу алтай таануу (алтаистика) жыйынынын (Permanent International Altaistic Conference - PIAC / ПИАК) Кытайдын Хух-Хото шаарындагы быйылкы шеринеси өз ишин шаршембиде (29-июлда) аяктады.

Жыйындын корутунду отурумунда чыгып сүйлөгөн Ички Монголия университетинин профессору, ПИАКтын быйылкы шеринесинин президенти Хугжинту мырза илимий баяндамалары менен чыккан бардык чет элдик жана жергиликтүү аалымдарга терең ыраазычылыгын билдирип, айрым келе албай калган, бирок ысык саламын жолдогон көрүнүктүү чыгыш таануучулардын атын атай кетти.

- Америкалык ири окумуштуу, ПИАКтын ардактуу мүчөсү, Борбордук жана Ички Азия жана алтай таануу жаатында талыкпай иштеп келген Индиана университетинин профессору, 93 жашка келген Денис Сайнор (мажарча - Шинор, Denis Sinor) саламаттыгынын начардашынан улам Хух-Хото шаарындагы - Ички Монголия автоном аймагыннын байтактысындагы эл аралык илимий шеринеге келе албай калганын өкүнүү менен белгилеп, Хугжилту мырза профессор Сайнорго быйылкы шериненин катышуучуларынын атынан чоң дубай салам жиберилип жатканын айтты.

Жыйынга катыша албай калгандардын арасында кыргызстандык окумуштуулар Сулайман Кайыпов (Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору), профессор Абылабек Асанканов жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сынару Алымкулова болду.

Сынару айымдын “Азаттыкка” шаршембиде билдиришинче, Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы соңку коогалаңдын айынан Үрүмчүгө жасалчу учак каттамдары үзгүлтүккө учурап, мындан улам ала-тооолук илимпоздор Кытайдагы жыйынга өз учурунда келе албай калышты.

Жыйында ПИАКтын быйылкы алтын медалы чыгыш германдык белгилүү окумуштуу, ардагер Петер Зименге (Peter Ziemen) ыйгарылгандыгы жарыяланды. Немис окумуштуусу Зимен көөнө түрк жана уйгур жазма эстеликтери жана башка чыгыш таануу темалары боюнча бир катар олуттуу эмгектер жарыялаган.

Жыйын тибеттик бутпарастардын сөз кампасынан алынган “Шангри-Ла” деген аталыштагы конок үйүндө өттү. Бул сөз “асмандагы бейиш” маанисине дээрлик төп келет экен.

Бейшембиде (30-июлда) болсо Ички Монголия университетинин чет элдик коноктору тээ байыркы түрк тилдүү бабаларыбыздын көчмөн цивилизациясынын тарыхый башаттык аймактарынын биринен болгон Ордос жергесине сапарга чыкты. Ордостун түштүк өңүрүндө монголдордун Евразия мейкиндигинин кыйла бөлүгүн багындырган өкүмдары Чыңгыз-хандын көрүстөнү жайгашканы жалпыга маалым.

Алтай тилдер тобуна кирген элдердин маданиятын, тарыхын, этнографиясын, археологиясын, тилин жана адабиятын иликтеген окумуштуулар бүгүн Ички Монголиянын түштүк ыптасындагы Ордос аймагын кезип, айтылуу Чыңгыз-хандын күмбөзүн көрүп кайтышмакчы.

Дүйнөнү кылычы менен титиреткен, ошол эле учурда жүздөгөн элдердин ири мамлекеттин курамында чогуу байырлап, өз ара этностук-маданий алакаларын андан ары байытуусуна пайдубал түзгөн бул инсан тууралуу азыр да талаш-тартыш жүрүп келет.

Ал эми быйылкы ПИАК шеринесинин бир катар катышуучулары өз баяндамаларында Чыңгыз-хандын дооруна байланыштуу илимий маселелерди арбын козгошту.

Окумуштуулар кыргыз-монгол маданий жана тарыхый алакалары тууралуу да кызуу талкуу жүргүзүп жатты.

Монголияда Кыргыз-Нор деген көл, Хяргас-сомон деген чакан оодан бар экендиги, халха монголдорго хара-хыргыс, шара-хыргыс (сары кыргыз), мөдөн-хыргыс деген мурдагы кыргыз уруулары жуурулушуп кеткендиги, кыргызга да нечендеген монгол жана калмак уруулары жуурулушкандыгы тууралуу биз айткан фактылар ички монголиялыктарды кайдыгер калтырган жок.

Ал эми Ички Монголия университетинин студенти Хаймуритай мырза ПИАК шеринесинин мүчөлөрү үчүн шаршемби кечте аткарган береги көмөкөйдөн “сыбызгыланткан” ыр - монголдор менен сибирдик түрк калктарынын музыка маданияты жаатындагы кылым карыткан карым-катнашын тастыктаган далилдердин бири десек жаңылышпаспыз.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG