Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

1-апрель: Тарых барактары


Айтылуу орус жазуучусу, акын жана философ Николай Васильевич Гоголь 1809-жылдын 1-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
Айтылуу орус жазуучусу, акын жана философ Николай Васильевич Гоголь 1809-жылдын 1-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз ССР Өкмөтү 1984-жылдын 1-апрель күнү жаш аялмет үй бүлөөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз ссуда берүү туурасында токтом кабыл алган. 1-апрель апендилердин жана күлкү күнү катары белгиленет.

Фрунзе шаарынын магизиндери 1969-жылдын 1-апрелинде химиялык жиптен жасалган товарлардын баасы төмөндөгөнүн билдирген. Баалардын арзандашы СССР Соода министрдигинин чечимине ылайык жасалып, натыйжасында түстүү телевизорлор-25%, капрон байпактар-10%, арзандаган.

Советтер Союзунун акыркы жылдары экономикалык абал оордошуп, ал карапайым калктын турмушуна залакасын тийгизген. Баалар күн санап өсүп, анын натыжасында калк буга чейин беймаалым инфляция менен каршылашкан. Фрунзе шаардык бийлиги абалдан чыгуунун амалын ойлоп 1987-жылдын 1-апрелинде борбордук маршрутка таксилерине 20 копеектик талон киргизген. Жүргүнчүлөр үчүн 1 рублге 20 копеектик 5 талон сатылып, шаардык бийликтин «жаңылыгы» кардарлардын чөнтөгүнө эле эмес, аларды тейлеген айдоочуга да бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Айдоочулардын акчаны тымызын «кытып алма» өнөкөтүнө каршы көрүлгөн чара түбү келип инфляциянын өсүшүнө кириптер кылган.

Кыргыз ССР Өкмөтү 1984-жылдын 1-апрель күнү жаш аялмет үй бүлөөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз ссуда берүү туурасында токтом кабыл алган. Өкмөт токтомуна ылайык республиканын өнөр жай, ишкана жана мекемелери жаш аялметтер үчүн 8 жылдык мөөнөткө 1500 рубль көлөмүндө ссуда берүү маселеси чечилген. Эгер каралган мөөнөт аралыгында жаш аялмет үй бүлөө 1 наристени жарык дүйнөгө алып келсе, ссуда 200 рублга кыскарган. Экинчи бала төрөлсө анда алар мамлекетке 300 рубль аз акча төлөшкөн.

1-апрель апендилердин жана күлкү күнү катары белгиленет. Адатта мындай жосун биринчи жолу Францияда башталган деп айтылат. Анткен менен байыркы римдиктер 17-февралда «аңкоолордун майрамын» белгилешкени маалым. Ал эми Чыгыш Индияда болсо илгертеден 31-март күнү алдамай адат өкүм сүргөн. Адистердин айтымында жеңил мүнөз майрамдын жаралышына табияттын жаз убагындагы тез өзгөрмө кубулушу себеп болсо керек.

1-апрелде канаттуулардын эл аралык күнү белгиленет. Канаттуларды коргоо Конвенциясына 1906-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ошондон бери прогрессивдүү коомчулук канаттуу куштарды коргоо камын көрүп келет.

Белоруссияда бүгүн Математиктердин күнү өткөрүлөт. Математиктердин күнүн белгилөө жөрөлгөсү качан жана эмне себептен жаралышын али күнчө эч ким билбейт имиш. Айрымдар муну Белоруссь Мамлекеттик университетинин Прикладдык математика факультетинин 1970-жылдын 1-апрелинде ачылышы менен байланыштырышат экен. Кантсе да билим күнүнүн белгилениши Белоруссияда жемишин берип, математика илиминин өнүгүшүнө салым кошуп келет.

Федор Михайлович Достоевский 1875-жылдын 1-апрель күнү төшөктөн чычканды таптым деп зайыбын тамашалаган экен.

Англиянын «Таймс» газетасы 1875-жылдын 1-апрелинде биринчи жолу бир жумалык аба ырайынын божомолун жарыялаган.

Бельгиялык эмигрант Шарль ван де Поль 1890-жылдын 1-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында биринчи троллейбуска патент алган.

Айтылуу француз учкучу Ролан Гаррос жаңы ойлоп тапкан ок атуу системасына ылайык 1915-жылдын 1-апрель күнкү абадагы салгылашта «Моран» монопланында немецтик самолетту атып түшүргөн. Ролан Гарростун системасы боюнча пулемет самолеттун алдынкы фюзелажына орнотулуп, ал ок атуу менен кыймылдаткыч каражатты синхрондоштурган. Ролан Гарростун самолету 19-апрель күнү кырсыкка учурап, учкуч немецтерге колго түшкөн. Немец инженерлери Ролан Гарростун системасын үйрөнүшүп, кийин конструктор Антон Фоккер ок атуунун андан да эффективдүү вариантын ойлоп тапкан.

НКВДнын ОГПУ коллегиясына караштуу атайын максатта колдонулчу биринчи отряд 1921-жылдын 1-апрелинде уюшулган.

«Огонек» адабий журналынын биринчи саны 1923-жылдын 1-апрелинде жарык көргөн. Анткен менен ал мындай аталышта революцияга чейин эле «Биржевые ведомости» журналынын тиркемеси катары чыгып келген. Советтик идеологияга ылайык журналдын аталышы эски болгону менен ички мазмуну коммунисттик талаптарга жараша жарыяланган деп айтылган.

«Пиво путчу» үчүн беш жылга камакка алынган Адольф Гитлер 1924-жылдын 1-апрелинен тарта «Майн кампф» аттуу китебин айтып берип, аны Рудольф Гесске жаздырта баштаган. Китепте айтылган ойлордун акыры миллиондогон адамдын өмүрүн кыйган.

Леонид Гайдайдын «Кавказ туткуну» аттуу атактуу фильми 1967-жылдын 1-апрелинде экранга чыгарылган.

Кытай коммунисттик партиясы 1969-жылдын 1-апрелинде «маданий революция» соңуна чыккандыгын билдирген.

Азыркы физиология жана эмбриология илимине негиз салган англис врачы, илимпоз Уильям Гарвей 1578-жылдын 1-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Уильям Гарвей кандын жүгүрүшү менен жүрөктүн канды түртүүчү мотор кызматын аткараарын ачкан.

Айтылуу француз математиги жана мехпниги Софи Жермен 1776-жылдын 1-апрелинде төрөлгөн. Жөнөкөй зергердин кызы өз алдынча математиканы үйрөнүп, бир канча математикалык формулаларды ойлоп тапкан.

Айтылуу орус жазуучусу, акын жана философ Николай Васильевич Гоголь 1809-жылдын 1-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Н. В. Гогольдун калеминен «Өлүк жандар», «Ревизор» сыяктуу керемет чыгармалар чыккан. Николай Васильевич тубаса куудулдугу жана чукугандай сөз тапкычтыгы менен айырмаланган.

Бир күнү Александра Осиповна Смирнова-Россет ага: сиз эмне эле немецтерди ашата бересиз, бирок ошол эле убакта Шиллерди аябай жакшы көрөсүз. Шиллер деле немец эмесби!?, дейт.

Шиллер! Ооба, ал качан өзүнүн немец экендигин билгенде кайгыдан өлүп калган,-деп дароо жооп кайтарган экен жазуучу.

Бөлүнгөн немец өлкөсүнүн бириктирүүчүсү, Германия империясынын биринчи рейхканцлери Отто фон Бисмарк да 1815-жылдын 1-апрелинде туулган.

XS
SM
MD
LG