Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Р.Холбрук: Ооганстандагы күрөш Ирактан оор болот


АКШ президентинин Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук.
АКШ президентинин Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук.

АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Исламабадда жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын аймактагы сапары үч күнгө созулат.

Ричард Холбрук Иракка караганда Ооганстандагы жаңжалды чечүү “алда канча татаал болоруна” Мюнхен конференцияcында коомчулуктун назарын бурду. “Бизге мураска калган мындай башаламандыкты өмүрүмдө эч жерде көргөн эмесмин”,-деп моюнга алды Холбрук.

Ирактагы аскерий стратегиянын архитектору генерал Дэвид Пэтреус ошол эле конференцияда Ооганстанда америкалык аскерлердин жергиликтүү калк менен жакын болушун керектигин белгилеп, кырдаал бул өлкөдө абдан кыйчалыштап барып жакшырат деп билдирди. Генерал Ооганстанда да Ирактагы тажрыйбаны эске алууну сунуш кылды.

Бирок Холбрук ооган жериндеги жагдайды жөнгө салууда жаңы идеялар, АКШ өкмөтүнүн өз ичинде жана НАТО боюнча союздаштар ортосунда өз ара биримдиктүү аракет, ошондой эле Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдүн,өзгөчө Пакистандын көмөгү, акырында булардын баарын жүзөгө ашыруу үчүн белгилүү бир убакыт керек болорун көрсөттү. “Ооганстандагы күрөш узак, оор болот”,- деп эскертти Холбрук.

Анын бул ойлорун Пакистандын Вашингтондогу жана Брюсселдеги мурдагы элчиси Тарик Фатми толук колдоду.

“Менимче, бул иште Индиянын, Пакистандын жана Ооганстандын узак мөөнөттүү аракеттери керек болот. Мен атүгүл буга Иранды, Кытайды жана Россияны кошот элем. Ушул өлкөлөрдүн баары биргелешип отуруп, маселенин улуттук жана регионалдык өңүттөрүн карап чыгышы зарыл”,-деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына.

Дегинкисинде Фатми “Вашингтон Буштун администрациясы тушунда жүргүзүлгөн террорго каршы уруш оңунан чыкпаганын,буга кошо ал Пакистанды да кооптуу абалга салганын моюнга алышы керек” деп эсептейт. Анын үстүнө “Пакистанда азыр демократиялык жол менен шайланган өкмөт бийликте турат. Ал мурдагы авторитардык режимдин маалындагыдай Вашингтондун бардык эле сунуштарына макул боло бербейт”.

Холбрук өз сапары маалында Пакистандын абдан коогалаң аймагында – Пешеварда болмокчу. Бул провинцияда америкалык аскерлердин өткөн жылдан бери өткөрүп жаткан операциялары, алардын айынан бейжазык жүздөгөн адамдар набыт болгону жергиликтүү калктын өзгөчө нааразылыгын пайда кылды.

Пешеварлык аналитик Халид Азиз Түндүк-батыш чек ара провициясына Холбруктун келгени жатканы бул жердеги абалга байланыштуу Исламабад менен Вашингтон ортосундагы эки ачакей позицияны жакындаштырганга жардамы тиет деп үмүт кылат.

XS
SM
MD
LG