Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

А.Райхман: Холокосттун таасири тийбеген жөөт үй-бүлөсү болгон эмес


Германиядагы Холокост курмандыктарына арналган музейи.

Германиядагы Холокост курмандыктарына арналган музейи.

27-январь Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү. Деги эле ушул окуянын тегерегинде Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман кенен маек куруп берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш убагында улутчулдар тарабынан 6 миллионго чукул жөөттөр жок кылынгандыгы айтылып жүрөт. Маалыматтарга ылайык, алардын көбү мурдагы ССРдин аймагында өлтүрүлгөн. Бириккен Улуттар Уюму 2005-жылы жыл сайын 27-январда советтик аскерлер 1945-жылы Освенцимдеги туткундарды бошоткон күндү - холокост (котор. курмандыкка чалуу, оттун жардамы менен өлтүрүү) курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган.

- Арие мырза, тарыхта кайгылуу даталардын бири катары калган бул окуяга байланыштуу эмнелерди айта аласыз? Мындан дүйнө эли кандай сабак алды деп ойлойсуз?

- Биринчиден, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланышынын өзүн - бул окуя бир эле улутка эмес дүйнө элине тиешелүү деп карасак болот. Демек, бул бир гана улуттун эмес, жалпы адамзаттын эсинде калган окуя. 10 миллиондогон адамдын жашоосун алып кеткен экинчи дүйнөлүк согушта бир улуттан эле 6 миллион адам жок кылынган. Мындай учурда жалпы дүйнө коомчулугуна доо кетирген десек болот. Ал эми мындан ары ушул сыяктуу окуянын кайра кайталанбашына жана жалпы эле экстремисттик, фашисттик көз караштагы көрүнүштөрдүн болушуна жол бербеш үчүн келечек муундарга сабак катары калтыруубуз зарыл. Дал ушул окуя келечекке сабак болуп, кайра кайталанбасына ишенбиз.

- Маалыматтарга ылайык, миллиондогон жөөттөрдүн өлтүрүлгөндүгү айтылып жүрөт. Бул жеке өзүңүзгө кандай таасирлерди калтырган? Балким ата-энелер, туугандар ушул окуя тууралуу айтып бергендир?

- Өзгөчө Европа жакта холокосттун таасири тийбеген бир дагы жөөт үй-бүлөсү болгон эмес. Бул окуя бир гана Германия же Польшада жашаган жөөттөргө тиешелүү болгон эмес. Ошол эле Россия, Украина, Белорусия, Латвия, Литвада жашагандардын өзүнө түздөн түз таасири тийбесе да бул окуядан алардын жакын туугандары жабыр тартышкан. Ошол себептүү Холокост алардын эсинде, жүрөгүндө азырга чейин сакталып келет. Бирок, ошол кездеги жек көрүү сезими азыр эскерүү менен алмашып калган. Чындыгын айтканда, совет убагында Холокост деген түшүнүк жок болчу.

Ал тарыхта да белгиленген эмес, окуу китептеринде да жазылган эмес. Ал убакта Экинчи дүйнөлүк согуш, жеңиш, кызыл армия деген гана түшүнүктөр бар болчу. Акыркы жылдары гана экинчи дүйнөлүк согуштун алкагында бир улутту жок кылуу аркети жүргөнү айтылып, маалыматтар чыга баштады. Эмне үчүн Холокосттун курмандыктарын эскерүү ушул күнгө туура келип жатат? Эмне үчүн дегенде дал ушул күнү советтик аскерлер 1945-жылы Освенцимдеги туткундарды бошоткон. Менин чоң энелерим, алардын эже-сиңдилеринен укканыма караганда, экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде алар Украинада болушкан экен. Алардын айтуусу боюнча, ошол кезде үй-бүлөнүн жарымы жок кылынып, жарымы башка жакка качып кеткенге үлгүрүшкөн. Израилде холокостто курман болгондордун аты, тарыхы жазылып, чогултулган атайын музей да бар.

- Айрымдар жөөттөр бул окуяны өздөрү ойлоп тапкан, эч кандай Холокст болгон эмес деп да сындап жатышпайбы?

- Маалыматты так билбегендер гана ушунтип айтышат. Болбосо, бул окуяга байлыныштуу толгон-токой фактылар, ал эле эмес ошол убакта кыйын кезеңди жашап өткөн, бардык болгон нерселерди өз териси менен сезип көргөн, концлагерлерде тирүү калган күбөлөр бар да. Болгону ошол адамдар менен көрүшүп, алар жазган күндөлүктөрдү окуп чыгышы керек. Жүрөгү, аёо сезими жоктор гана бул ойдон чыгарылган окуя деп айтканга оозу барат болуш керек.

- БУУ тарабынан 27-январь Холокостто курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган. Ушул күнгө карата кандай иш-чаралар болду?

- Кыргызстанда бул күн еврей календары менен апрель-май айларында жана 27-январда жыл сайын белгиленет. Холокостто курман болгондорду эскерип сыйынышат. Экинчи дүйнөлүк согушту көрүп, күбө болгондор кийинки муундарга өздөрүнүн эскерүүлөрүн айтып беришет. Ошондой эле Холокостту чагылдырган дубал гезит жасалат.

- Маегинизге чоң рахмат.




XS
SM
MD
LG