Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Будапешт: Орбандын оңчулдарына чоң оомат келди


Венгрия -- "Фидестин" лидери, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Виктор Орбан жекшемби күнкү шайлоонун натыйжаларын "революция" деп баалады.
Венгрия -- "Фидестин" лидери, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Виктор Орбан жекшемби күнкү шайлоонун натыйжаларын "революция" деп баалады.

Венгрияда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында оңчулдардын жарандык союзу саясий ири жеңишке жетишти. Экс-премьер-министр Виктор Орбан жетектеген "FIDESZ" партиясы бардык мандаттардын үчтөн экисин утуп алды. Бул аларга кааласа конституцияны өзгөрткөнгө мүмкүндүк берет.

Улуттук шайлоо комиссиясы жалпы добуштардын түгөл баарын санап бүтүп калды. Жаңы парламенттеги 386 мандаттын басымдуу көпчүлүгүн "Фидес" партиясы алды.

Шайлоонун биринчи айлампасы 11-апрелде болгон, добуш бергендердин 52 проценттен ашыгы "Фидести" колдогон. Калган 121 мандаттын тагдыры жекшемби күнү аныкталды. Алардын тең жарымын кайрадан оңчулдардын жарандык бирикмеси жеңип алды. Жалпы эсепте "Фидес" 263 мандатка ээ болду. Бул көрсөтүч конституциялык көпчүлүктөн беш мандатка ашыктык кылат. Мындай артыкчылык "фидесчилерге" конституцияны өзгөрткөнгө, бир катар мыйзамдарды жаңылап чыкканга толук мүмкүндүк берет. Өлкөдө коммунисттик режим кулагандан берки соңку жыйырма жыл ичинде бир да партия мынчалык ишенимдүү жеңишке жетишкен эмес эле.

"Фидестин" лидери Виктор Орбан Будапештте өз тарапкерлери алдында сүйлөп, "шайлоо кабиналарында революция болуп өткөнүн" кабарлады.

"Эл бийликти ашкере пайдаланган олигархтардын режиминен кутулду жана жаңы бийлик – улуттук биримдик режимин орнотту", -деп айтты экс-премьер. Орбан өлкөнү "социализмдин урандыларынан" алып чыкканга, жаңы жумушчу орундарды түзгөнгө, салыктарды төмөндөткөнгө жана бюрократиялык аппаратты, анын ичинде парламентти кыскартканга убада берди.

Өлкө акыркы жылдары финансылык кыйынчылыкка кептелди. Мындан эки жыл мурда Евросоюздан жана Эл аралык валюта корунан 20 миллиард евро карыз алганга аргасыз болду. Өткөн жылы экономика дээрлик 7 процентке кыскарды.

Түзүлгөн кырдаалдан чыгууга бир топ мезгил керектигин айтып, Орбан калкты чыдамкайлыкка чакырды. Бир катар эксперттер да реалдуу жагдай бир топ татаал экенин эскертишти. Венадагы эл аралык экономикалык изилдөөлөр институтунун кызматкери Сандор Рихтер "Фидестин" популярдуулугун калк арасында абалдан чыгуунун жөнөкөй жолу бар деп эсептеген "иллюзиялуу үмүттөр" менен түшүндүрдү. Иш жүзүндө бюджеттин тартыштыгы 6 процентке жетти, аны токтотуу кыйын болот жана экономикалык олуттуу кайра курууларды талап кылат.

Орбан 1998-жылы өкмөттү башкарып, 2002-жылы "Фидес" шайлоодо социалисттерге утулуп калганда премьер-министрликтен кеткен. Өлкөнү сегиз жыл бою социалисттер башкарды. Жекшемби күнкү шайлоодо алар парламенттен болгону 59 мандат алышты. Партиянын бүткүл жетекчилиги саясий кызматтарын тапшырды.

Алардан тышкары парламентке ашкере оңчулдардын "Йоббик" партиясы биринчи ирет 47 өкүлүн өткөрдү. Кайра түзүлгөн жашылдар партиясына 16 мандат тийди.

XS
SM
MD
LG