Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

ICAO: Европанын аба мейкини ачык


Исландиядагы жанар тоо дале өчө элек, бирок адистер анын абага бүрккөн түтүнү баштагыдан бир топ азайды дешет.

Исландиядагы жанар тоо дале өчө элек, бирок адистер анын абага бүрккөн түтүнү баштагыдан бир топ азайды дешет.

Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) дүйшөмбү күнү чукул жыйын өткөрдү. Анда Исландиядагы жанар тоодон улам аба транспортунда түзүлгөн кырдаал талкууланды жана бул маселе боюнча жаңы стандарттарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Уюмдун баш катчысы Рэймонд Бенжамен ырастагандай, жанар тоолордон абага тараган күл-күкүмдөрдүн кандай түрүлөрү учактардын коопсуздугуна коркунуч түзөрү алиге чейин так аныкталган эмес. Ошондуктан уюм бул жагынан эл аралык жаңы стандарттарды түзүүнү чечти.

"Бул үчүн атайын топ түзүлөт: ага индустриянын, өндүрүштүн, эл аралык аба транспорт бирикмесинин, өкмөттүн өкүлдөрү, окумуштуулар тартылат", - деп айтты Бенжамен.

Эл аралык жарандык авиация мекемеси Улуттар Уюмуна карайт, анын баш кеңсеси Монреалда жайгашкан, 190 мүчөсү бар. Уюмдун дүйнөдө тогуз борбору иштейт, алардын баары жалаң жанар тоолорго байкоо жүргүзөт жана алардан тараган түтүн-булуттардын составын, аба мейкиндигиндеги салака-зыяндарын изилдеп, оперативдүү илимий маалыматтарды берип турат.

Исландиядагы жанар тоодон тараган коюу булуттан улам Европадагы дээрлик бардык өлкөлөр өздөрүнүн аба мейкиндигин бир жума мурда жапкан эле. Өкмөттөрдүн бул чечими эл аралык аба транспортун аламанга түшүрдү, көптөгөн авиакомпаниялар ири өлчөмдө зыян тартышты, экономикага да анын капшабы тийди.

Эл аралык аба транспорт бирикмеси (IATA), анын башчысы Жованни Бисиняни өкмөттөр эч кандай изилдөө өткөрбөй, эч ким менен кеңешпей туруп эле авиакаттамдарды токтотуп коюшканын кескин сынга алып, мунун эч кандай зарылдыгы жок болчу деп айтышкан эле.

Буга байланыштуу эл аралык жарандык авиация уюмунун баш катчысы Бенжамен өкмөттөрдү мындай кадамга түрткөн негизги себеп катары "жоопкерчилик факторун" атады.

"Эгер өндүрүшчүлөрдөн алар жасаган авиамоторлор абадагы күкүмдөрдүн кандай түрүнө жарамсыз экенин сурап көрсөңөр, буга эч кандай жооп айтышпайт, анткени бул жоопкерчилик маселесине кирет. Көрдүңөрбү кандай? Акыры биз деле ар бирибиз жоопкер болгонго умтулат эмеспизби. Ошондуктан менин айтарым: эгер кооптуулук болсо, анда эч ким учпайт",- деп көрсөттү Бенжамен.

Жаңы стандарттар качан түзүлүп, кайсы мөөнөттөн баштап күчүнө кирерин Бенжамен так айткан жок. Алар иштелип чыккан күндө деле анда улуттук авиакомпаниялар аларды милдеттүү түрдө аткарсын деген көрсөтмө каралбайт дешет.

Мунун соңунан ушул эле уюмдун президенти Роберто Кобе Гонсалес учактар үчүн Европанын аба мейкини ачык деп жарыялады. Ошентсе да бир катар өлкөлөрдө аэропорттор азырынча жарым-жартылай түрдө гана иштеп жатат.

Эл аралык аба транспорт бирикмесинин башчысы Жованни Бисинянинин айтымында, соңку алты күн ичинде Европадагы авиакомпаниялар тарткан чыгым 1 миллиард 700 миллион долларга барабар болду. 2001-жылы АКШдагы террордук балааматтан кийинки чыгымдын көлөмү буга жеткен эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG