Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Каражич өз кылмышын "ыйык иш" деп атады


Гаагадагы эл аралык соттун имараты алдында Босниядагы согуштун азап-тозогун көргөндөр,курман болгондордун туугандары менен урпактары митингде турушту.

Гаагадагы эл аралык соттун имараты алдында Босниядагы согуштун азап-тозогун көргөндөр,курман болгондордун туугандары менен урпактары митингде турушту.

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Родаван Каражич Гаагадагы эл аралык сотто өзүн коргоп сөз сүйлөп, аскерий кылмыштар боюнча ага коюлган айыптардын баарын четке какты. Босниядагы уруштарды ал сербдердин көз карандысыздыгы үчүн жүргүзүлгөн "адилет жана ыйык иш" деп атады жана бардык күнөөнү мусулман тарапка жүктөдү.

Былтыр октябрда Эл аралык трибуналдын прокурору Алан Тайгер 1990-жылдарда Босниядагы уруш маалында бул жердеги сербдердин жогорку башкы аскерий колбашчысы катары Каражич Европада дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң кандуу кыргын уюштурган деп айткан эле.

Айыптоо корутундусунда 1992-жылдан мартында Сараево шаарын серб армиясы курчап алып, он эки миңдей босниялык мусулманды кыргынга учуратканы, 1995-жылы июлда Сребреница шаарында жети миңдей адамды боо түшүрүп атып салганы негизги пункттар деп саналат. Каражичке он бир айып коюлган, алардан бешөө - аскер кылмыштары, төртөө- адамгерчиликке каршы кыянатчылык жана экөө геноцид деп аныкталган.

Каражич өзүнө коюлган айыптардын бирин да моюнга алган жок. Тескерисинче, "Сараево курчоодо калган эмес, тек гана бөлчөктөнүп бөлүнүп кеткен", "террорду да босниялык мусулмандар баштаган", ушундай шартта "сербдер өздөрүн коргогонго аргасыз болгон" деп далилдегенге аракет кылды.

"Мен өз элимди жана анын ишин колдоймун, анткени анын иши – адилет жана ыйык иш, ошол себептен мен өзүмдү да, өз элимди да коргойм, биздин ишибиз – акыйкат иш",- деп айтты Каражич.

Каражич европалыктардын "дипломатиялык чоркоктугу жана чогоолдугу" Югославиянын ыдырашына себепчи болгонун, алар "Хорватия менен Словениянын эгемендигин эртелеп таанып жиберип", региондогу "ички жарандык согушту айныксыз ишке айлантышканын" айтып, күнөөнү мусулмандар менен бирге Батышка жүктөдү. Сребреницадагы массалык кыргынга да сербдердин тиешеси бар экенин Каражич караманча четке какты.

Айыпкердин бул сөздөрү сот имараты алдында чогулган мусулмандардын ачуусун келтирди. Алардын бири: "Биз бул жерге ошондогу кыргындын курмандыктары али тирүү экенин, чындык жана адилеттик жеңет деп күтүп жатканыбызды бүт дүйнөгө айтканы келдик. Геноциддин курмандыктары катары биз чындыкты жана акыйкаттыкты талап кылабыз",-деп билдирди "Азаттыктын" кабарчысына.

Босниядагы согушта баары болуп 100 миңден ашуун адам кырылган. Мурда жергиликтүү булактар алардын санын 250 миң деп айтып жүрүшкөн.

Югославия таркаганга чейин Каражич ошол эле Сараеводогу футболдук клубдардын биринде психолог-дарыгер болуп иштеген. Көзү жок көгөөн мезгил башталганда босниялык серб республикасынын президенттигине жеткен. Согуштан кийин он үч жыл из жашырып жүрүп, былтыр Белградда кармалган. Анын мурдагы саясий ийиндеши жана иликтеши генерал Радко Младич азырга чейин дайнын таптыра элек.

Каражичтин эки күндүк коргонуу сөзүнөн соң процесс дагы бир нече айга токтотулду. Бул мезгил ичинде ал өзүнө коюлган айыптоо документтери менен таанышат. Сот 2012-жылга чейин бүтүшү керек.

Буга катарлаш эл аралык издөөдө турган босниялык серб Веселин Влахович Испанияда колго түштү. Согуш маалында ал "желмогуз" деген ылакап ат менен белгилүү болгон.

Андан бир күн мурда Лондондо Босния-Герцеговинанын мурдагы президенти, мусулман өкүлү Эюп Ганич кармалды. Ага жана дагы он сегиз босниялык мусулманга согуш маалындагы кылмыштары үчүн Белград эл аралык издөө жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG