Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

IMF: Кризис Борбор Азия менен Кавказдын ыкыбалын бөксөртөт


Эл аралык валюта фондусунун башчысы Доминик Стросс-Кан, Танзаниядагы маалымат жыйынында

Эл аралык валюта фондусунун башчысы Доминик Стросс-Кан, Танзаниядагы маалымат жыйынында

Эл аралык валюта фондусу быйыл Борбор Азияда жана Кавказда кризистин капшабы катуу болот деп божомолдойт. Бирок россиялык экономисттер мындай апаздарга ишенишкен жок.

Эл аралык валюта фондусу жарыялаган жаңы докладдагы божомолдор менен тааныштырып, уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Борбоарзия бөлүмүнүн орунбасар директору Дэвид Оуэн быйыл Борбор Азияда жана Кавказда экономикалык өсүш 2 процент болушу мүмкүн экенин билдирди. Былтыр бул көрсөткүч - 6, мурдагы жылы - 12 процент болгон.

Оуэн бу божомолдорду Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өңдүү табигый ресурстарга бай өлкөлөр, ошондой эле Армения, Грузия, Кыргызстан жана Тажикстан кирген “региондун ыкыбалы өзгөрө турганын” капыялаган аянга салыштырды.

Оуэн экономикалык жактан Россияга көз каранды болгон же тышкы чоң финансы каражаттары бар өлкөлөр азыркы кризистен көбүрөөк жабыркаганын белгиледи. Россия аймактагы өлкөлөрдүн көбү үчүн маанилүү соода өнөгү жана кошумча акча булагы бойдон калат, ошондуктан Россияда өнүгүү арымы басаңдаса, ушул каналдар аркылуу алар да зыян тартат.

Фонддун докладында жыл сайын Россиядан эмгек мигранттары өз өлкөлөрүнө ички дүң продукциянын 20 процентине жеткен акча которуп турушканы, эми алардын көбү өз жерине кайтканга аргасыз болуп жатышканы айтылат.

Божомолдорго ылайык, банк тармагындагы тышкы менчик финансынын үлүшү көп өлкөлөрдө, өзгөчө Казакстанда чет элдик валютанын таңкыстыгы чыгышы мүмкүн. Мунайдын, чийки заттардын арзандашы менен бир катар өлкөлөрдө бюджеттин тартыштыгы, финансы каатчылыгы күч алышы ыктымал.

Булардын баары социалдык көрсөткүчтөрдү төмөндөтөт, айрым жерлерде атүгүл гуманитардык кризиске алып келиши ажеп эмес.

Ошол эле күнү фонддун башчысы Доминик Стросс-Кан Танзаниядагы маалымат жыйынында азыркы кризис “өнүккөн өлкөлөрдө жумушсуздук жана калктын сатып алуу кудуретине байланышкан проблемаларды пайда кылса, жакыр өлкөлөрдө ал өмүр же өлүм маселесине айланышы мүмкүн экенин” эскертти.

Быйылкы жылы эле 22 мамлекетке 25 миллиард доллар каражат керек болот. Фонддо болсо мынча акча жок. Анын үстүнө быйыл, фонддун жаңы прогноздоруна ылайык, дүйнөлүк экономика дегеле өспөй калышы мүмкүн. Мындан саал мурдараак фонд быйылкы өсүштү 0,5 процентке жакын болот деп болжолдогон болчу.

Бүткүлдүйнөлүк банк болсо ушул аптанын башталышында жарыялаган прогнозунда быйыл экономиканын өсүшү дүйнөлүк экинчи согуштан бери боло элек деңгээлге чейин төмөндөй турганын белгилеген.

“Экспорттун көлөмү төмөндөйт, капиталдын агымы кыскарат, мунун баары инвестициялардын азайышына алып келет.Экономикалык өсүш төмөндөсө, финансылык кырдаал начарласа бизнестин куну качат, банк чөйрөсүндө коркунучтар күч алат. Бир катар өлкөлөр төлөм балансынын кризисине учурайт.Мындан болсо айланып келип эле жакырлар ого бетер жакырланат”,-деп айткан эле дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик.

Россиялык айрым экономисттер, алардын ичинде илимдер академиясынын экономика институтунун биринчи орунбасар директору Дмитрий Сорокин жакыр өлкөлөрдө абал жетер жерине жетип бүттү, мындан жаман жагдайды эми издеп да табыш кыйын деп эсептешет.

“Дүйнөлүк банктын, аларга окшогон уюмдардын адистери жакында эле рекорддук өсүштөр болорун айтып жүрүшкөн эле. Эми алар биринен сала бири апазы суук прогноздорду жасап, жарыша башташты. Муну менен алар дүйнөлүк экономикалык кризистеги өздөрүнүн күнөөсүн жашырып-жаап калгысы келишет”,- деп билдирди Сорокин.
XS
SM
MD
LG