Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкинин оболу Исландия сезип, эки ай мурда Эларалык валюта корунан жардам сурады. Андан бери ЭВКга Пакистан, Украина, Белорус, Мажарстан жана Латвия да кайрылды.

Оболу АКШдан башат алган экономикалык кризис кичинекей Исландия менен чектелчүдөй көрүнгөн. Азыр Украина, Пакистан, Мажарстан, Белорус жана Латвия Эларалык валюта корунун жардамын күтүүдө. Иш жүзүндө, финансылык жардамга муктаж өлкөлөр ондоп саналат. Ошон үчүн МВФте канча акчасы бар? деген суроо жаралат.

-Эларалык валюта кору, ар жак бер жагы болуп, 200 миллиард долларга ээ. Дагы 50 миллиардга жакын долларды таба алат. Азыркыдай талап күч болуп жатканда, 250 миллиард доллар аздай көрүнөт. Бирок ЭВК көбүнесе башка кредиторлор үчүн катализатор сыяктуу. Уюм Исландияга 2 миллиард доллар сунуш кылды. Бирок, берилчү сумма 10 миллиард долларга чамалап калды. Себеби, Сквандинавия өлкөлөрү, Япония, Британия, Германия да жардам сунуш кылышууда. Ушундан улам, ЭВК өз ресурсунан бир кыйла көп чыгымды камтыган программаны каржылай алат,- дейт Эларалык валюта корунун мурдакы жетекчилеринин бири Дезмонд Лэхман.

Вашингтондогу жеке менчик Америка ишкерлер институтунда изилдөөчүсү Дезмонд Лэхмандын сөзүнчө, Мажарстанга МВФ 12, 5 миллиард доллар, ал эми Евробиримдик 5 миллиард доллардай берди. Эмки маселе - бул акчаны мажар өкмөтүнүн туура пайдаланышында, дейт серепчи:

-Дүйнөлүк кризис токтобой улана берсе жана чет элдик банктар кредит бергиси келбесе, Мажарстан программасы канчалык ийгиликтүү болот? Бул азыркы маанилүү суроо. Дагы ЭВК берген 12 миллиард доллар мажарлардын улуттук акчасы - форинтти туруктуу кыла алабы деген да маселе турат.

Лехмандын айтышынча, ЭВК жана улуттук өкмөттөр үчүн азыр дүйнөлүк экономикадагы кырдаалдын кайсы багыттагы өнүккөнү маанилүү. Анткени, акыркы эки жумада абал дагы осолдоду. Мындай жагдайда, АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын командасынын бийликке ырасмий түрдө келбей жатып, экономиканы стимулдаштыруу программасынын үстүнөн иштеп жатканы мактоого татыктуу, дейт Лехман.

Эл аралык валюта корунан дагы кайсы өлкөлөр жардам сурашы мүмкүн?

-Чоң сырткы жардамга муктаж өлкөлөрдү бул тизмеде турат деп айтаар элем. Килейген Түркия жардам алуунун жолун МВФ менен талкуулады. Чыгыш Европада да көп кардарлар бар. Бардык Балтика өлкөлөрү, Болгария, Румыния да шыр эске келет. Дагы көп өлкөлөр МВФге кайрылат. Себеби, жабыр тарткандар көп. Биринчи кезекте, мунай 50 доллардан ылдый түшкөнгө байланыштуу Латын Америка чоң зыян тартты,- деген Лэхмандын пикиринче, АКШдагы кризис узак созулуп, тереңдей берсе, Эларалык валюта коруна жардам сурап кайрылган өлкөлөр дагы көбөйт.

XS
SM
MD
LG