Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Улуттук энергетика холдинги “Русгидрого” жооп кылды


Орусиянын “Русгидро” энергохолдинги Жогорку-Нарын каскадын курууга жумшалган каражаттарга байланыштуу Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитражга кайрыларын маалымдаган. Ишкана каскаддын курулушуна короткон 37 миллион долларды кайтарып берүүсүн талап кылган.

Кыргызстандын улуттук энергохолдинги өз билдирүүсүндө “Русгидро” ишканасынын жетекчилигинин маалыматы түшүнүксүз болуп жатканын маалымдайт. Анда айтылгандай, “Жогорку-Нарын каскадын куруу боюнча” кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишим ишке ашпай калганына байланыштуу тараптар бардык чарбалык маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал маселелердин ичинде кыргыз тарапка ГЭСтерди куруп, ишке киргизүү милдеттендирилген орусиялык компаниянын үлүшүн берүү маселеси да бар" деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук энергохолдинг бул жаатта эл аралык көз карандысыз аудит жүргүзүлүүсүн талап кылып келе жатканын маалымдап, “бирок, орус тарап чыныгы жумшалган акчаны иликтеп чыгуучу эл аралык аудит жүргүзүүгө каршы экенин” кошумчалаган.

Маалыматта айтылгандай, бул жаатта эл аралык көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин “Кыргызстан Орусияга компенсация төлөп берүү маселесин кароого даяр”. Улуттук энергохиолдинг “Русгидро” ишканасынын жетекчилигин бул маселе боюнча негизсиз комментарий айтуудан карманууга жана маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG