Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Муфтий Муратаалы ажы: Адам өмүрүнө кол салган адамдарды ислам колдобойт


Индонезиянын борбору Жакарта шаарында эки мейманканада жарылуу болду. Алдын-ала маалыматтарга караганда төрт киши набыт болду. Ritz-Carlton жана Marriott мейманканаларында негизинен чет өлкөлүк туристтер токтойт. Бул окуяга өзүнүн көз карашын жана мамилесин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов билдирди.

-Мына ошол Индонезиянын баш калаасы Жакаратада болгон үч мейманканадагы жардырууну чындыгында эле ислам дининдегилер жасашы мүмкүнбү?

- Бисмиллахир рохманир рохим. Биринчиден, мен бул боюнча толук маалыматым жок экен. Бирок менин пикиримде, албетте, бул исламчы адамдар болушу мүмкүн дегенге мен кошула албаймын. Себеби мусулман адам болушу мүмкүн, мусулман болсо эле ушул исламга байланыштырып, ислам ушундай жардыргыч, террорист, экстермистерди тарбиялай турган дин экен деп түшүнбөш керек. Эми мусулмандардын ичинен да туура эмес, күнөө боло турган иштерди жасагандар болушу мүмкүн. Чынында Индонезия эмес башка жерлерде деле адамдын өлүмү менен коштоло турган ишке кол урган адамдарды шарият өзү, ислам өзү колдобойт. Себеби шариятта адамдын колу менен, кала берсе тили менен дагы башка бирөөгө зыян бербесе, ошол таза мусулман деген. Ошондуктан мен бул жерде отуруп комментарий бере албайм, бирок мусулмандарга андай иштерге кол урбоого, андай иштерге катышпоого, адамдын өлүмү менен кошула турган иштерге аракет кылганга барбоого, ошондой иштерди кылбоого чакырат элем.

-Буга чейин Индонезияда Аль Каиданын куралдуу топтору кол салат дегендей дагы кооптонуулар менен жашап келди эле, ошол Аль Каиданын дүйнө коомчулугун бүлгүнгө салып аткан ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиздер?

-Биз алыста туруп, айрыкча ажыга барган учурларда көп байкайбыз, Индонезиядан миллиондогон көп сандагы адамдар ажыга келет. Аны исламга бел байлаган өлкө катары билебиз. Эми бул Аль Каида менен менен кандай мамилеси, кандай терс мамилелери бар, мен бир так бир нерсе айта албайм.
XS
SM
MD
LG