Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Порнографиялык тасмаларга тыюу салынды


Булардан тышкары порнографиялык эпизоддору бар, экстремисттик жана сепаратисттик багыттагы, бийликти күч менен басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендигине жана бүтүндүгүнө шек келтирүүгө ачык үгүттөгөн, терроризмди актаган жана колдогон, коомдук коопсуздукту бузууга ачык багыттаган тасмаларды да Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салынды.

Ошондой эле улутчулдуктун, террордук уюмдардын символдорун ачык жарыялоого, диний, улут аралык, расалык, социалдык кастыкты козуткан, ага багыттаган, жарандык жана улуттук этикаларды бузган, мамлекеттик символдорду шылдыңдаган тасмалар да өлкөнүн кинотеатрларында, коомдук жайларында ачык көрсөтүлбөйт. Тыюу салынган видеолордун катарына маңзаттарды жарнамалаган, суицидге чакырган жана бул тууралуу ачык үгүттөгөн тасмалар да бар.

Мындай токтомду кыргыз өкмөтү 21-октябрда кабыл алып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине аны аткаруу боюнча тапшырма берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG