Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

"Азаттыктын" суроолоруна эгемен Кыргызстандын түптөлүшүнүн башында тургандардын бири, Кыргыз эл жазуучусу, ЖКнын мурдагы депутаты Казат Акматов жооп берди.

- Саламатсызбы Казат мырза, эгемендик күнүңүз менен!

- Рахмат, бирге болсун!

- Мына, буга чейин бир катар саясатчылар да айтып келишти, “биз эгемендигибизди татыктуу баалай албай атабыз” деп. Дегеле эгемендигибиз тууралуу сиздин пикириңиз кандай? Биз муну жетиштүү деңгээлде баалай алып атабызбы, Биздин эгемендигибизге жетишибиз кандай болду эле?

- Мен бул маселенин башында турган кишилердин бирөөсүмүн. Ошол токсонунчу жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) дегенди түзгөнбүз. Анан ошол кыймылдын программасында, эң биринчи орунда эгемендикти талап кылуу маселеси турган. Анда Советтер союзу бар эле да. Биз анда Москвадан бир нерселерди талап кылчубуз. Мен анда Жогорку Кеңештин депутаты болчумун. Ошондо депутаттык укугумдан пайдаланып КДКнын тең төрагасы катары эгемендүүлүк маселесин парламентке сунуш катары киргизгем, “Эгемендүүлүк, көз карандысыздык жөнүндө парламенттин чечимин кабыл алалы” деп.

Анда Акаев мамлекет башына келип калган. Ал да бизге кошулган. Анан ошентип анан парламентке киргизип, 31-августта кабыл алганбыз. Мына азыр ошол күндү белгилеп атабыз.
Назарбаев, Каримовдор Акаевди абдан жаман көрүштү. “Выскочка, легкомысленный , дурачок. Демократия деп койсо эле бийлигинин баарын алдырып ийди”,- деп отуруп Акаевди да бузушту да. Казат Акматов

Бирок, бул эгемендикти кыргыз эли адегенде түшүнбөстүк менен кабыл алды. Анда коммунисттик партиянын күчү бар эле да. Коммунисттер республикада көп болчу. Ошолордун бардыгы тең, “Бизге эгемендиктин кереги жок. СССРдин курамынан чыкпайбыз. Биз бир элбиз, совет элибиз, бир мамлекетпиз” деген сөздөрдү ачык эле айтышып, ал эмес кээ бир эски коммунисттер биздин КДКны, “Булар фашисттин уюму, бул балдарды жазалаш керек” деген сөздөрдү айтып, бизди аябай жаман акыбалга алып келип, элдин кыйла катмары эгемендикти кабыл албай турушту.

Ошондо мен таң калдым. Кыргыз эли миңдеген жылдар бою азаттыгы үчүн күрөшүп жүрүп, анан азаттыгы колго тийгенде ошону кабыл албай атканына таң калдым. Көрсө жанагы 70 жылдык советтик пропаганда, агитация деген күчтүү нерсе элдин башын айлантып койгон экен.

Ошентип биз эгемендикти алган күндө дагы көпчүлүктүн көзүнөн мен көп жылдарга чейин кубанычты көрө албай жүрдүм.


Мына, азыр деле Коммунисттик партия бар. Азыр деле булар “СССРди кайра калыбына келтиребиз. Баары бир совет бийлиги кайра келет, баары бир коммунисттик партия өз идеологиясын орнотот” деп, элди ошого үгүттөп жүрөт.

Ошондуктан, бул тарыхый процесс бир топко чейин созула турган процесс экен.

Кайра эгемендик алган жылдарга кайтсак. Ошол эгемендик жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, Кыргызстан демократиялык кыймылы өзүбүздүн конституциябызды кабыл алуу тууралуу маселени ортого койдук. Андан тышкары Бишкек шаарына өз атын берүү, кыргыз тилин мамлекеттик тил кылуу, өзүнчө коституция кабыл алып бийликти үч бутакка бөлүү иштерин аткардык. Ал кезде бийликти бир эле борбордук партия башкарчу.

Анан биз бийликти үч бутакка бөлүп, бири-бирине тең салмактуу, бири-бирин көзөмөлдөгөн, паритеттүү, калыс бийлик болсун деп, 1993-жылдагы конституцияга ошол айтылган нормалардын бардыгын киргизгенбиз.

Биринчиден, эгемендүү мамлекет. Экинчиден, өзүнүн конституциясы бар. Үчүнчүдөн, бийлик үчкө бөлүнөт. Анан президенттик бийлик кирет. Мурда болсо ЦКнын биринчи секретары деген башкарчу да. Биз “президенттик бийликти киргизип, мыйзам чыгарчу өзүнчө бийлик болгон парламентти уюштуруп, анан сот бийлигин өзүнчө бөлүп коелу. Ушундай үч бийлик бири-бирин таразалап турсун” деп, биз ошондо таразалап турган механизмдерди көп киргизгенбиз 1993-жылдагы конституцияга.

Анан ошол конституцияны кийин Акаев өзү буза баштабадыбы. Ал конституция боюнча Акаевге импичмент жарыялоого парламенттин укугу бар болчу. Эгер парламент ката кетирсе, Акаев парламентке доомат коюп туруп таратууга укугу бар болчу. Сот бийлиги такыр өзүнчө, көз карандысыз эле. Сотторду эл шайлачу. Өкмөттүн курамын, премьер-министрди баш кылып адегенде парламент бекитчү. Андан кийин гана президент указ чыгарчу.

Кийинчерээк Акаев ыйлай баштабадыбы. “Ой менин бийлигим жок экен. Корсө мен номиналдуу эле президент болуп калыптырмын. Мени министрлер укпай атат. Чакырсам келбей атат. Мага “давай” бийлик бергиле. Мен антпесем иштей албайт экенмин. Ырас мага жүктогөндөн кийин, мен бийликти колго алып иштеп, эл алдында жооп берейин” деп улам-улам референдум өткөрдү. Референдум сайын конституцияга он-он бештен өзгөртүү киргизип отуруп, акыры жүрүп отуруп баягы тең салмактуу механизмдердин баарын жоюп, жеке бийликти орнотуп, анан жеке бийлиги менен кошо үй-бүлөсүнө баш ийип берип, анан баарын бзуп салбадыбы.

Мына ушундай болгон эле эгемендик маселеси.



Негизи бул жаңы мамлекеттин торолуп келаткандагы процесси. 15-20 жыл деген мамлекет үчүн бешикте жаткан эле кези. Ошол себептүү буюрса мунун баары ордуна келет деген тилек бар.

- Казат мырза, азыр деле төмөнкүдөй ойлор айтылып келатат да. “Биз Кыргызстан, дагы деле Орусиянын таасиринен чыга албай келатабыз. 70 жыл орустарга көз каранды болгонубуз аз келгенсип, кийин демократиялык процесстерге батыл аралашкандын ордуна кайра эле баягы Орусиянын жолоюн жолдоп кеттик. Орусиядай авторитардуу мамлекет болуп калдык. Мындан качышыбыз керек эле”,- деген сыяктуу. Буга пикриңиз кандай?

- Бул боюнча мындай. Биз өзүбүз Орусияга көз каранды болуп атабыз. Орусия бизди зордуктаган жери жок. Экономикалык жактан аларга көз каранды болуп атабыз да. Себеби биздин экономикалык кан тамырларыбыздын баардыгы Орусия менен биригип калган да мурда. Ошолордун бардыгы бүгүнкүгө чейин жоюла элек.


Ошондуктан Орусия бизди зордобосо деле биз өзүбүз алардын көзүн караган психолгиядан кутула элекпиз.

Орусия негизи акырындап-акырындап авторитардык башкарууга өтүп кетти да. Путин баш болуп өзү “демократпыз” деп коюп жогортон төмөн карай кеткен бийлик түзүп алып, азыр катуу авторитардык бийлик жүргүзүп атышпайбы. Биз да ошого ооп атабыз. Анын үстүнө биздин кошуналарыбыздын бардыгы ошондой. Жалгыз Кыргызстан демократиянын аралы болуп беш-алты жыл турдук окшойт. Андан кийин эле бузула баштадык.

Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан бардыгы мурдагы авторитардык системаны дагы эле кармап турат. Биз адегенде алдыга чыгып кетип, Назарбаев, Каримовдор Акаевди абдан жаман көрүштү. “Выскочка, легкомысленный , дурачок. Демократия деп койсо эле бийлигинин баарын алдырып ийди. Президент эмес бул. Номинальный. Президент деген колдон кан чыгарып кармаш керек элди. Башкарыш керек”,- деп отуруп Акаевди да бузушту да.

Анан эми Орусиянын мисалы. Бул азыр аябай күчтүү таасирин тийгизип атат бизге. Мына, азыркы президентибиздин 1993-жылдагы коституцияга баргысы келбей атканы, Орусияны туурап атканы, кошуна өлкөлөрдүн мисалын карап туруп, ошолорго умтулуп атканы ошондон болуп атат да.


Европанын цивилизациялашкан коому бизди мындай дейт. “Азиянын варвар региону” дешет Борбор Азияны. “Булар эч убакта демократияны түшүнбөйт, ага булар жете албайт” деп ачык эле сындап атышат. Биз ошол сынга татыктуу болуп атабыз. Анын да себеби бар.

Биринчиден, Борбор Азия элдеринин менталитети таптакыр башка. Бул жерлерде хан, бий, бектер башкарып, бир элди бир киши бийлеп келген да. Кийин-кийин мына Европанын демократиясын алып келебиз деп аракет кылып, умтулуп атабыз. Ошол келеби же келбейби али да белгисиз.

Тарых деген өзү бир мүнөттө, бир күндө өзгөрүп кете берет экен. Биздин өлкө баягы “демократиянын аралчасы” деген наамынан четтеп кетти. Ал наамдан айрылды. Ал наам бизге такыр жарашпай калды. 93-жылдагы конституцияны кайра орното албай калдык.

- Казат мырза, учурда эгемендикке байланыштуу, ушул темага арналган чыгармалар жазылып атабы? Мындайды байкаган жоксузбу? Сиз өзүңүз эгемендик маселесин калемге алып көрдүңүзбү?

- Бул саясий маселе. Муну саясий адабиятта чагылдрыш керек. Муну поэзия эмес, проза чагылдырат. Ал эми проза деген өтө жай өнүгө турган жанр. Ошондуктан он-он беш жыл арасында проза эсине келип, баягы адамдын, коомдун тагдырын анализдеп, анан ошолорду көркөм синтезге айландырып туруп окурмандарга сунуштай турган убакыт эми жаңы келатат да. Андыктан ал багыттагы чыгарма жөнүндө азыр шашып да кереги жок.

- Рахмат маегиңизге!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG