Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ирак: күрд аймагында оппозиция күч алды


Ирактык күрт бийлик партиясынын килемге түшүрүлгөн жетекчисинин сүрөтүн илип жатат.
Ирактык күрт бийлик партиясынын килемге түшүрүлгөн жетекчисинин сүрөтүн илип жатат.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына караганда, Ирактын күрдү аймагында эки күрт партиясы президенттикти жана парламенттеги көпчүлүктү сактап калышты.

Түндүк Ирактагы бийликтеги күрт партиялары апта соңундагы шайлоодо оппозицияны жеңип алды. Ишемби күнкү добуш берүүнүн алдын-ала эсеби аймактагы тунгуч президенттик шайлоодо азыркы президент Масуд Барзани кеңири колдоого ээ болгондугун көрсөтүүдө. Ошол эле убакта Барзанинин Күрт Демократиячыл партиясы жана ага шерик Күрдистандын Демократиялык биримдиги жаңы парламенттеги орундардын 55 пайызына ээ болду.

Коррупция менен күрөштү биринчи планга койгон «Горан» таасирдүү оппозицияга айланууда.
Бирок оппозициячыл партиялар үчүн да жыйынтык жаман болгон жок. Алар коррупция, башкаруудагы ачыктык сыяктуу курч маселелерде бийлик партиялары алардын да пикирин эсепке алууга мажбурлай турган санда добуш алышканы айгине болууда.

Алдын-ала эсепке караганда, «Горан тизмеси» аталган оппозициядагы «Өзгөрүш» кыймылы парламенттеги шайланма 100 орундун 26 сын ала алды. Бул кыймылды Күрдистандын Демпартиясынан бөлүнүп кеткен, шайлоо өнөктүгүндө анти-коррупциялык күрөшкө басым жасаган Навшурван Мустафа жетектейт.

Оппозициядагы дагы бир «Күрдистан Ислам» биримдиги канча орун алганы азырынча так анык эмес. Бирок айрым саясат таануучулар исламчылар күтүлгөндөн начар колдоого ээ болгон болушу мүмкүн экендигин болжошууда. Ошентсе да, исламчылар менен бириксе, «Өзгөрүш» кыймылы шайланма 100 орундун кеминде үчтөн бирин көзөмөлдөшү мүмкүн. Парламенттеги калган кошумча 11 орун улуттук жана диний азчылыктарга берилет.

Жоост Хилтерман Эл аралык Кризистик топтун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасында иштейт. Анын айтымында, мандаттардын үчтөн бири менен оппозиция бийлик партиясына айрыкча коррупция маселесинде кысым көрсөтө алгыдай таасирге ээ болот:

– Бийлик партияларынан оппозиция бийликти тартып ала турган деңгээлге жете элекпиз. Бирок «Горан» тизмеси, ошондой эле исламчылар күрдү парламентинде таасирдүү оппозиция түзө тургандай болуп калды. Бул - өтө маанилүү, экөө тең шайлоого коррупцияга каршы плаформада катышкан. Ирактын башка жактарындай эле, Күрдистан аймагында да коррупция чоң көйгөй эмеспи.

Добуш берүү күрдү аймагынын өкмөтү менен Ирактын Багдаддагы борбордук өкмөтүнүн ортосунда жер, мунай боюнча талаш айрыкча күч алып турган мезгилге туура келди. Ирактын мунай кендерин өндүрүү жана андан түшкөн кирешени кандай сарптоо керек деген маселеде күрттөрдүн көбү Багдаддын туруму менен ача пикирде. Ушул талаштан улам, энергетика боюнча мыйзам долбоору Ирак парламентинде бир нече жылдан бери «сүрсүп» жатат.

Бирок күрдү аймагынын өкмөт башчысы Нечирван Барзани күрттөр ийкемдүүлүккө даяр деп ырастады:

– Бул шайлоодон кийин биз Багдад менен чечилбей жаткан маселелердин үстүнөн иштей алабыз.

АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы Багдад менен күрдү автоном аймагынын саясий элдешүүсүнө ынтызар экени маалым. АКШ бул аймактын бийлик партиялары менен эбактан жылуу мамиледе. Ушул айдын башында АКШнын вице-президенти Жо Байден күрдү жетекчилери менен телефондон сүйлөшүп, талашты токтотуунун зарылдыгына басым жасаган.

Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики да кырдаалды Обама менен өткөн аптада Вашингтондо болгондо талкуулаган. Ал эми ушул аптада АКШнын Коргонуу Катчысы Робертс Гейтс Иракка күтүлбөгөн жерден келгенде өлкөнүн шийи, суни жана күрд жамааттарын 2011-жылы америкалык аскерлер чыгарылганга чейинки саясий айырмачылыктарын жоюуга чакырды.

XS
SM
MD
LG