Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Иранда кармаш соттордо уланчудай


Иранда Революциянын сакчылар корпусунун колбашчысына сот иши козголушу мүмкүн. Реформисттер аны имам Хомейнинин осуяттарын бузду деп айыпташууда.

Ирандагы саясий кармаш эми соттордо улана тургандай. Президент Махмуд Ахмединежад жаңы өкмөтүн түзүп,парламенттен өткөрүп алган соң өзүнүн оппоненттерине каршы жаңы күрөш ачканы жатат. Жакындагы бир сөзүндө ал быйыл жайдагы тополоңду уюштургандарды, оппозицияны унчукпай колдогондорду кайрадан сынга алды жана сырткы душманга ушундай усулда кызмат кылгандарды сот жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

Ахмединежаддын соңунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Мохаммад Хоссейн Жаффари реформисттердин лидерлерин өлкөнүн жогорку жолбашчысы аятолла Али Хаменеинин аброюна акаарат келтирди деп айыптады. Жаффаринин айтымында, кокус тополоң басылбаганда Иран Ислам Республикасы өзгөртүлүп, революциянын принциптери толук кайра каралмак.
Жаффари мындай маанайдагы адамдардын арасында экс-президент Мохаммад Хатамини, Эксперттер кеңешинин башчысы Али Акбар Хошеми Рафсанжанини, быйыл жайда президенттикке талапкер болушкан Мир Хоссейн Мусави менен Мехди Каррубини жана башкаларды атады.

Жаффаринин сөзүнө каяша айтып, Хатами оппозицияга каршы бийликтер колдонуп жаткан чараларды "фашисттик ыкмаларга" салыштырды. Ал эми парламенттин депутаты Хоссейн Хашемиан межилис жаңылыктар сайтына атайын билдирүү жарыялап, Жаффари "өзүнүн аскери даражасын көтөрө албай баратканын,бул аз келгенсип имам Хомейнинин ыйык мурастарын басмырлап жатканын" белгиледи. "Хомейниден калган эрежелер боюнча аскери кишилер саясатка кийлигише албайт, Жаффари бул осуятты одоно бузду. Ошону үчүн ал сот алдында жооп берүүгө тийиш",-деп айтылат билдирүүдө. Реформачыл канаттагы эки партия депутат Хашемиандын бул талабын колдоп чыгышты.

Саясий активисттердин бири Мохсен Сазгара революциячыл сакчылар корпусунун башчысына реформисттердин минтип сес көрсөтө баштаганын жалпысынан саясий жакшы жышаанга жоруду. "Ирандын сот органдары көз карандысыз система эмес, алардын басымдуу көпчүлүгү коопсуздук күчтөрүнүн таасиринде жана көзөмөлүндө турат. Буга окшогон арыздарды алар дегеле карабайт, ошентсе да өлкөдөгү эң кубаттуу аскер корпусунун башчысын сотко берүү аракети саясий өнөгө болуп калышы ыктымал",-дейт ал.

XS
SM
MD
LG