Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Венесуэла парламенти президенттин үстүнөн сот процессин баштоону колдоду


Венесуэланын президенти Николас Мадуро
Венесуэланын президенти Николас Мадуро

Венесуэла парламенти президент Николас Мадуронун үстүнөн сот процессин баштоону колдоп добуш берди. Улуттук Ассамблеянын көпчүлүк өкүлдөрү 53 жаштагы мамлекет башчы диктатордук бийликти куруп, Баш мыйзамды бузуп, демократиянын негиздерине каршы иштеп жатат деген айыптоолорду коюшту.

Жыйын маалында президентти колдогондор менен каршы чыккандардын ортосунда уруш чыкты.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияны оппозиция түзөт. Ассамблеянын жыйынынан соң президент Мадуро Венесуэлада “парламенттик төңкөрүшкө жол бербей турганын” айтты.

Түштүк Америкадагы бул өлкөдө саясий кризис экономиканын кескин төмөндөп кетишинен улам башталды. Өлкө калкына азык-түлүк жана дары-дармек жетишпейт.

Акыркы социалдык сурамжылоолор жарандардын көбү президентке импичмент жарыялоо жөнүндө референдум боюнча демилгени колдошору белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG