Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Орусияда Навальныйдын соту кайра башталды


Алексей Навальный акыркы беш жылдан бери президент Путиндин эң башкы сынчыларынын бири.
Алексей Навальный акыркы беш жылдан бери президент Путиндин эң башкы сынчыларынын бири.

Москвадан 800 чакырым түндүк-батыштагы Киров шаарында кайра башталган сот жараянда бүгүн күбөлөр көрсөтмө беришти.

Каржылык кылмыш жасады деп айыпталган оппозициячыл саясатчынын иши баштапкы өкүм бузулганына байланыштуу кайра каралууда.

40 жаштагы Алексей Навальный “Кировлес” иши боюнча 2013-жылы беш жылга шарттуу кесилип, буга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин арызданган.

Европа соту быйыл жазда өкүм айыпталуучунун укугун бузуу менен чыгарылган деп тааныган. Ушундан кийин гана Орусиянын Жогорку соту былтыр күздө өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

Алексей Навальный, 2011-2012-жылдардагы нааразылык акциялардын лидери болгон.

Андан бери президент Путиндин жанындагылардын коррупцияга малынганын күбөлөндүргөн бир нече баяндамаларды да чыгарды.

Навальный өткөн айда Орусиянын 2018-жылдагы президенттик шайлоосуна катышарын жарыялаган, бирок ал сотто кайрадан күнөлүү деп табылса, мындай укуктан ажырап калуусу да мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG