Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Хаменеи Иранда ар кимден шектенген абалга нааразы


Аятолла Али Хаменеи Айт намазга келгендерге кайрылды. Тегеран, 20-сентябрь, 2009-ж.

Аятолла Али Хаменеи Айт намазга келгендерге кайрылды. Тегеран, 20-сентябрь, 2009-ж.

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи айт намазга келгендерге кайрылып, оппозициячыларды оңду-солду күнөөлөгөн туура эмес деп эскертип, ачуусун Израил, Батыш өлкөлөрү жана чет элдик прессадан чыгарды.

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жекшембиде Тегеранда айт намазга чогулгандарга кайрылып, күнөөсүн мойнуна алгандарды угуу биздин парзыбыз, бирок алардын айткандарын башкаларга каршы пайдаланган туура эмес деп белгиледи.

Соңку жумаларда Иранда 100дөн ашуун реформачыл саясатчы, коомдук ишмерлер камакка алынган. Алар июндагы президенттик шайлоонун тегерегинде кармалгандар арасында жансоога сурап, күнөөсүн мойнуна алгандардын айткан маалыматы боюнча Иранда мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп айыпталууда.

Абакта отургандардын туугандары күнөөсүн мойнуна алдыруу актысы зордук-зомбулук, катаал кысым көрсөтүү алдында жүзөгө ашырылып жатканын айтышат.

Июндан бери түрмөдө отурган айрым туткундар Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами жана башка белгилүү саясатчылар шайлоодо Мир Хосейн Мусавини колдоп, Аятоллла Али Хаменеини алсыздандырууну көздөгөнүн баяндашкан.

Хаменеи эч кимди атынан атаган жок, бирок маалымат каражаттарында бири-бирин айыптаган билдирүү таратып, өлкөдө шектенүүгө ууланган жагдай түзүү туура эмес деп эскертти:

- Өз күнөөсүн мойнуна алгандарды түшүнсө болот, ал эми күнөөнү башкага оодаргандардын айтканы көңүл бурууга арзыбайт. Өлкөдө шектенүү жана айыптоо атмосферасын жайылтууга жол берилбеши керек.

Айрым байкоочулар Хаменеинин айткандарынан улам Ирандын бийликтери, балким, оппозициячыларга кысым көрсөтүүнү азайтабы деп үмүттөнүүдө. Өткөн жума күнү эле оппозициячыл Жашылдар партиясы Ирандын бир нече шаарында көчөлөргө он миңдеген адам алып чыгып, президент Махмуд Ахмадинежадга каршы ири акциялар өткөргөн.

Өкмөт ал күнкү демонстрацияларды да күч менен кууп тараткан. Хаменеи Кудус же Иерусалим күнү демонстранттар өкмөткө каршы чыкканын билмексенге салып, Израил жана анын Батыштагы өнөктөштөрү ал күнү көздөгөнүнө жеткен жок деп сыпаттады:

- Батыш лидерлери жана саясатчылары өз маалымат каражаттары тарабынан алданды. Кесипкөй теле жана радио серепчилер алардын башын айландырып, Иран элине таасир эте аласыңар деп ишендирген.

Жума күнү Иранда палестиндерге тилектештик билдирүү максатында Кудус күнү жарыяланган. Бирок ал күнү көчөгө чыккандар өз өкмөтүнүн Жакынкы Чыгыштагы саясатына наарызылык билдирип: “Газа, же Ливандын кереги жок, өмүрүм Иран үчүн кыйылса каршы эмесмин!” деп кыйкырып жатышты.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG