Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

ИМ тобунун согушкерлери кайрадан Пальмирага киришти


Талкаланган Пальмира шаары
Талкаланган Пальмира шаары

Бул тууралуу сириялык активисттер маалымдашты. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоо уюмунун өкүлү маалымдагандай, согушкерлер шаардык түндүк-батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Аскерлер менен атышуу шаардын борборунда да жүрүп жатат.

Ал эми Palmyra Co-ordination Collective уюму үч күндүк аткылоодон кийин согушкерлер шаардагы ок-дары кампасын, мунай чыккан жерлерди, шаардын четиндеги стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алышканын маалымдоодо.

Сириянын өкмөттүк аскерлери болсо, Пальмиранын чыгышында согушкерлердин чабуулунун мизи кайтарылганын билдирүүдө. Рейтер Сирия армиясына таянып маалымдагандай, согушкерлер көп жоготууга учураган.

Мурдараак Сирия армиясы Пальмирага кошумча күчтөр жиберилгенин кабарлаган. Аскердин бир бөлүгү Алеппого жиберилген.

Тарыхый эстеликтердин шаары болгон Пальмира быйыл жазында согушкерлерден алынган.

XS
SM
MD
LG