Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Тегеранда кайрадан кагылыш чыкты


Тегеран -- Отуз жыл мурдагы окуяга арналган жүрүштөр.

Тегеран -- Отуз жыл мурдагы окуяга арналган жүрүштөр.

Тегеранда оппозициянын бир канча активисттери кармалды. Аларды уруксат берилбеген митингге чыкканы үчүн полиция кууп таркатты.

1979-жылы 4-ноябрда Тегеранда студенттер АКШнын элчилигине жапырып кирип, 66 кишини,алардын ичинде 52 дипломатты барымтага басып алышкан. Аларды бошотуп алуу үчүн Вашингтон адегенде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, андан соң аскери операция өткөргөн, бирок ал да оңунан чыккан эмес. Бийликке келген ислам режими америкалык туткундарды эки жылга чукул кармап жатып, акыры Вашингтон сегиз миллиард доллар акча төлөгөн соң бошоткон.

Ошондон бери бул күндү иран режими майрам катары жыл сайын белгилейт. Бүгүн да бийликтин тарапкерлери АКШнын мурдагы элчилигине жакын жерде майрамдык жүрүштөрдү өткөрүштү.

Ушул датанын утурлап, оппозициянын лидерлери Мир Хоссейн Мусави менен Мехди Каруби өз тарапкерлерин 4-ноябрды азыркы өкмөткө жана президент Махмуд Ахмединежадга каршы нааразылык билдирүү үчүн пайдаланганга үндөшкөн эле.

Мусавини бийликтер үйүнөн чыгарган жок,ал эми Карруби демонстрацияга катышып, аз жерден майып болуп кала жаздады.

"Полициянын күчтөрү түз эле Каррубини жана анын тарапкерлерин мээлеп, жаш агызма газ атышты, натыйжада анын эки сакчысы, бир нече киши жарадар болду, аларды ооруканага алып кетишти",- деп кабарлады оппозиционердин уулу Мохаммад Таги.

Экинчи оппозиционер Мир Хоссейн Мусаванин колдоочулары Тегерандын башка бир тар көчөсүндө демонстрация өткөрүштү. Алар "аллаакбарлап" үн салып, "Диктаторго өлүм!" деп ураан чакырышты.

Митингге катышкан аялдардын бири адамдар полицияны ташбараңга алышканын, коопсуздук күчтөрү болсо аларга газ колдонгонун маалымдады. "Көп эле киши жарадар болду, мерт кеткендер барбы-жокпу, айта албайм, бирок басижчилер элди кубалап, жеткен жеринде жаш-карысына карабай, аянбай сабашты. Менин башыма зылдай оор союл тийди", -деп айтты ал "Азаттыктын" кабарчысына.

Күбөкерлердин дагы бири "кагылыштар бир нече жерде болгонун, коопсуздук күчтөрү жаш агызма газ колдонгонун, асманга ок атышканын" ырастады. "Жоон топ киши кармалды, бир аялды менин көз алдымда эле катуу токмоктоп салышты",- деп айтты ал.

Демонстранттардын экинчи чакан тобу Тегерандагы орус элчилигине чогулуп, бу мекемени тыңчылардын уюгу деп атап, айкайлашты. Ахмединежаддын кайра президент болуп шайланганын Москва алгачкылардан болуп куттуктаган эле.

Митингге чыккандар АКШнын президентине да кайрылып, Обаманы "же биз менен, же алар менен бол" деп чакырышты.

Полиция реформачыл маанайдагы эң ири студенттик кыймылдын жетекчилерин үй камагына алышты.

Оппозиция акыркы ирет сентябрдын ортосунда Иранда Иерусалим күнү белгиленген учурда демонстрацияларды уюштурган эле. Соңку апталарда Тегерандан тышкары Авхаз, Мазандаран жана башка шаарлардагы университеттерде студенттер өкмөткө каршы бир нече митингдерди уюштурду. Мындай жыйын бүгүн Шираздагы университетте,Рештте жана башка калааларда болду.
XS
SM
MD
LG