Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Иранда митингге катышкан үч киши өлүмгө кесилди


Иран - Мохаммад Замани террорчулукка катышы бар деп өлүмгө кесилди
Иран - Мохаммад Замани террорчулукка катышы бар деп өлүмгө кесилди

Иранда президенттик шайлоодон кийинки митингдер маалында кармалган 3 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул жаңылык ал күндөрү кармалган жүздөгөн ирандыктардын тагдыры не болот деген тынчсыздануу жаратты.

Ирандын юстиция министрлигинин өкүлү июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип, көчөгө чыккандар арасынан 3 киши өлүмгө кесилгенин билдирди. Юстиция министрлигинин коомдук байланыштар бөлүм башчысы Захед Башири Рад бул тууралуу Студенттик жаңылыктар агенттигине берген интервьюсунда жар салды.

Иран парламентинин экс-депутаты, азыр АКШда изилдөө иштерин аркалап жүргөн Фатемех Хагигатжо бул жаңылык элди коркутуп-үркүтүп, шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыккандардын бардыгынын оозун басуу аракети экенин айтат.

Юстиция министрлигинде иштеген Башири Рад өлүмгө буйрулган үчөөнүн ысымдарын атаган жок, айыпкерлердин аттарын баштамгасы менен гана белгилеп өттү. Аларга чет өлкөдө иш жүргүзгөн 2 уюм менен байланышы бар, ошолор аркылуу Ирандагы исламдык түзүлүштү кулатууга аракеттенген деген кине тагылган.

ИСНА кабар агенттиги шайлоодон кийинки митинг-демонстрацияларга катышкан дагы 18 кишиге сот өкүмү чыгарылганын маалымдап, алар кандай тагдырга туш болгонун чечмелеген жок. Дагы бир оппозициячыл интернет сайт Ирандын Падышалык жыйыны деп аталган уюмдун мүчөсү Мохаммад Реза Али Замани сот өкүмү менен дарга асылмай болду деп кабарлады.

Маалыматтарга караганда, 37 жаштагы Заманиге былтыр Ширазда болгон жардырууга катышы бар деген кине тагылган. Тегерандык расмий телеканалдардын бири атын атабоону өтүнгөн дипломатка шилтеме жасап, Замани террорчул топко мүчө, андан сырткары АКШнын чалгындоо башкармалыгы – ЦРУнун тыңчысы болгон деп айтканын маалымдады.

Эл аралык коомчулук, укук коргоо уюмдары Иранда 12-июндагы президенттик шайлоонун тегерегинде камакка алынган 2000ден ашуун кишинин тагдырына терең тынчсыздануусун билдирүүдө. Абакта отургандарга кандай айып тагылып, сот кандай өткөнүн эч ким билбейт, аларга адвокаттар киргизилбейт, ушундай шарттарда камалгандардын иши калыс каралып жатканына ким кепил боло алат? – деп суроо коюшат укук коргоочулар.

Массалык камоо, ондогон кишилерди биринин артынан бирин соттоп, узак жылдарга түрмөгө отургузуу – ушулардын баары шайлоодон кийин күчөгөн нааразычылык маанайын биротоло жок кылып, элди коркутуп, үнүн басып, Ахмадинежаддын президенттигин бекемдөө аракети катары бааланууда.

Көчө акцияларына катышкан 3 киши өлүмгө кесилгени дал өлүм жазасына каршы Эл аралык күнү жарыяланды. Иран – жыл сайын сот өкүмү менен өмүрүнөн ажыратылган адамдар саны жагынан дүйнөдө эң алдыңкы саптардын бирин ээлейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG