Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Иранда митингге катышкан 5 киши өлүмгө кесилди


Иранда 4-ноябрда көчөгө митингге чыккандарды полиция кууп таратты. Тегеран, 2009-ж.

Иранда 4-ноябрда көчөгө митингге чыккандарды полиция кууп таратты. Тегеран, 2009-ж.

Иранда июндагы президенттик шайлоодон кийинки митингдерге катышкан 5 киши өлүмгө кесилип, 81 адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Алар “исламдык ыңкылапка каршы” топтун мүчөлөрү болгону үчүн айыпталды.

Байкоочулар - катаал өкүмдөрдү угузуп, Ирандын бийликтери президент Ахмадинежаддын кайра шайланганына каршы маанайды биротоло басып жок кылууну көздөп жатканын айтышат.


Июндагы шайлоодон кийин Иранды дүрбөлөңгө салган митинг-демонстрацияларга катышкандыгы үчүн кармалган беш кишиге “исламчыл ыңкылапка” каршы террористтик уюмга мүчө болгон деген айып тагылып, өлүмгө буйрулду. Андагы көчө акцияларына катышкандарды аеосуз жазалап, Ирандын бийликтери элдин үшүн алгысы келгендей, бирок Ахмадинежад добуштарды уурдап алды деп ишенген коомчулук өкүлдөрү 4-ноябрда кайрадан көчөгө чыгып, көрсөтмөлүү сот, катаал жазалоодон коркпой турганын көргөздү.

Ирандык студенттердин экс-лидери, азыр Вашингтондо жашаган Али Афшари мунун баары элди коркутуш үчүн жасалып жатканын айтат. “Бийликтегилер жедеп элди коркутуп, коомчулукту толугу менен көзөмөлдөп, баары добушун басып унчукпай үйдө отуруп калсын деген аракетте. Бешөөнү өлүмгө кескени ошондон”, - дейт Афшари.

Эң катаал өкүмгө буйрулгандар – июндагы шайлоонун тегерегинде от алган көчө акциялары маалында кармалып, соттон сотко сүйрөлүп, берген сурактары менен көрсөтмөлөрү теледен көргөзүлгөн 89 адамдын ичинен тандалган бешөө. Ирандын юстиция башкармалыгы соттордун соңку өкүмү тууралуу жаңылыкты 17-ноябрь күнү шардана кылды, бирок өмүрүнөн ажырай турган беш кишинин ысымдарын ачык атабай, алар соттун өкүмүн кайра карап берүү арызын аппеляциялык сотко жөнөтө алат деп кошумчалады.

Акыркы ирет Ирандын бийликтери өткөн айда абактагы 3 киши өлүмгө кесилгенин жарыялап, алардын бири – президенттик шайлоонун эртеси, 13-июнда Тегеранда кармалган Реза Хадеми чет өлкөдөгү оппозициячылар түзгөн Мужахедин Халк уюмунун мүчөсү болгонун жарыялаган. Монархиялык түзүлүштү колдогон бул уюм Иранда жана АКШда террористтик уюм катары таанылган. Хадеми өзүнө тагылган айыптарды моюнга албай, четке какканын анын туугандары билдиришти.

Шайлоонун тегерегиндеги каршылык акциялары маалында кармалгандарга Ирандын улуттук коопсуздугуна чагым салган, коомдук тынчтык-тартипти бузган, Алланын амирине каршы согушка үндөгөн, баарын талкалап-кыйраткан бузукучул иштерге барган деген сыяктуу айыптар тагылып, айрымдары шектүү уюмдардын мүчөсү болуп чыга келди.

Абакта отургандар арасында студенттердин лидери Абдолла Момени да бар, кабарларга караганда ал жабык соттун өкүмү менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Аны менен коомдук иштерге аралашып жүргөн Мостафа Хосрави Момениге окшогон жаш лидерлерди узакка түрмөдө кармай алышпайт деп ишенет. “Биз эле эмес, элдин баары билет, бул өкүмдөрдүн баары жасалма. Бийликтегилердин Ирандын эң мыкты уул-кыздарын узакка түрмөдө кармаганга күчү жетпейт”, - дейт Тегерандык жаш лидер.

Июндагы президенттик шайлоонун тегерегинде Иранда 4000дей киши кармалган. Алардын 100дөн ашууну “мамлекеттик төңкөрүш” даярдаган деп шектелип, али темир тор артында олтурушат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG