Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Орусия Сирия аскерлери химиялык курал колдонушуна ишенбейт


Сирия.
Сирия.

Орусия Сирия аскерлери 3 ирет химиялык чабуул койду деген БУУнун отчетун “ынандырбайт” деп четке какты. Сирияга каршы санкция киргизүү үчүн далилдер жоктугун билдирди. Улуттар уюму менен Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм биргелешкен баяндамада Сириянын өкмөттүк күчтөрү 2014- жана 2015-жылдары бир нече айылда хлор газын колдонушканын бышыктаган далилдерди келтиришкен.

Бирок, Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешинин жабык эшик артындагы жыйынынан кийин жазалоочу чараларды колдонуу үчүн чогултулган фактылар ишенимдүү эмес, деп билдирди.

- Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, далилдер жетишсиз, карама-каршылыктар көп, андыктан ынандырбайт, – деди Чуркин. Британия менен Франция Сирияга каршы санкция киргизүү керектигине басым жасашууда.

- Химиялык курал колдонгондор жазаланууга тийиш, башка жол жок, – деди Франциянын элчиси Франуса Делаттр.

XS
SM
MD
LG