Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Иранда президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган 475 кишинин ичинен эң татыктуу төрт киши тандалды. 12-июнда өтө турган шайлоого өлкөнүн Көзөмөлчүлөр кеңешинин элегинен өткөн төртөө тең бийликке аздыр-көптүр тиешеси бар адамдар.

Ошентип Ирандагы башкы так үчүн күрөшкө азыркы президент Махмуд Ахмадинежад, мурдагы премьер-министр Мир Хоссейн Мусави, мурдагы парламент төрагасы Мехди Карруби жана Көзөмөлчүлөр кеңешинин экс-башчысы Мохсен Резави жолдомо алышты. Калгандарынын баары – арасында аялдар жана көз карандысыз талапкерлери да бар эле – жарыштан чыгарылды.

Иранда баарына дыкат көз салып турган Көзөмөлчүлөр кеңеши шайлоого катышууга эң татыктуу 4 кишининин ысмын жарыялаган күнү президент Махмуд Ахмадинежад Израил менен Түштүк-Чыгыш Европаны мээлей ала турган жаңы ракета сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жар салды. Ирандын өзөктүк программасы тыш жакта кызуу талкуу жаратып, Москва менен Вашингтон АКШнын Европадагы болочок антирадардык системалары туурасында соодалашып жаткан чакта, Ахмадинежаддын бул билдирүүсү шайлоо алдында элдин көңүлүн өзүнө буруп, коомчулуктун колдоосун табуу далалаты болду кыязы.

Шайлоого катышууга укук алган эки талапкер – реформачыл багыттын өкүлдөрү саналат. Бул экөө тең – экс-премьер-министр Мир Хоссейн Мусави жана мурдагы парламент төрагасы Мехди Карруби - өтө күчтүү атаандаштар. Төрт талапкер ичинен баарынан талаштуусу – Көзөмөлчүлөр кеңешинин мурдагы башчысы Мохсен Резаи, ал 1994-жылы Аргентинадагы жөөттөр борборун бомбалоого тиешеси бар деп Аргентина өкмөтү эл аралык издөө салган ирандык беш жетекчинин бири. Президенттик шайлоодо Резаинин салмагы башкалардан төмөнүрөөк болушу ыктымал.

Айтор, Мусави, Карруби жана Резаи президенттик шайлоо өнөктүгүн ыкчам от алдырып, учурдагы президент Ахмадинежадды Иран экономикасын кыйла начарлатты, элди өзүнө тартыш үчүн бийлик укуктарынан пайдаланууда деп сындап киришти. Алар азыркы Иран президентинин тышкы саясатта кетирген кемчиликтерин да оңтойлуу пайдаланууда. Бул – экс-спикер Мехди Каррубинин интернет сайтында коюлган видео-жарнамадан үзүндү.

- Биринчиден, Холокосттун болгону чын. Экинчиден, палестиндер өзүлөрү ушул маселени кайра-кайра козгогондон эмне пайда деп суроо коюшууда. Үчүнчүдөн, Холокосттун бизге тиешеси жок.

2005-жылкы шайлоодо да Ахмадинежадга каршы туруп, реформачыл топтор менен жаштар арасында колдоо тапкан 72 жаштагы Карруби эмки шайлоодогу олуттуу талапкерлердин бири.

Бирок көпчүлүк 67 жаштагы Мусави – учурдагы президентке башкы атаандаш болуп берет деп ишенет. Өзүн фундаменталдык реформачыл деп мүнөздөгөн экс-премьер-министр коомчулук арасында кадыры күч экс-президент Мохаммад Хатаминин колдоосуна арзыды.

- Мен Мусавини диний интеллектуал деп эсептейм. Мусавинин башка мыкты сапаттары арасынан моралдык баалуулуктарды баарынан жогору койгонун жана эл үчүн чын дилинен күйгөнүн бөлүп көрсөтөөр элем.

Мусави кесиби боюнча архитектор, сүрөтчү экени да чыгармачыл сапаттарды жакшы көргөн Иран коомунун калың катмарын өзүнө тартышы мүмкүн. Ал саясий жарышка катуу киришип, коомдук жолугушууларда “мунайдан түшкөн акча кайда? Эл эмне үчүн жакырланды?” деген көйгөйлүү суроолорду жаадырып, ал үчүн башкы атаандашы Ахмадинежаддын өкмөтүнө чабуул коюуда. Батыштык байкоочулар жылуураак мүнөздөгөн Мусави бирок, Иран өзөктүк программасын токтотушу керек деп таккесе айткан жок, жөн гана адегенде эл аралык ишеничке ээ болуу зарыл деп жымсалдады.

Ошентип президенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калган Иранда саясий талаш-талкуулар күч алып турган кез. Берки 3 атаандашка караганда азыркы президент Ахмадинежад шайлоо өнөктүгүнө анчалык жанталашпай, өзүнө, бийлигине ишенип тургандай калбаат.

Тегерандык маалымат каражаттары коомдук сурамжылоолор Ахмадинежад алдыда келатканын көргөзүүдө деген кабарларды таратууда. Көз карандысыз эксперттер бул коомдук изилдөөлөр кандай өткөрүлгөнүн ким билсин, Ахмадинежад кантсе да, татаал шайлоого туш болчудай, бирок аны жеңип чыгыш - атаандаштары үчүн андан да кыйын деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG