Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Иран: Шайлоодо Махмуд Ахмадинежад жеңишке жеткени жарыяланды


шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразы болгондор көчөгө чыгышты. Тегеран, 13-июнь, 2009-жыл.
шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразы болгондор көчөгө чыгышты. Тегеран, 13-июнь, 2009-жыл.

Ирандын ички иштер министри Садык Махсули Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңди деп расмий жарыялады. Бирок учурдагы президенттин негизги эки атаандашы мындай жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылууда. Бул арада расмий жыйынтыкка нааразы тараптар көчөгө чыгып, Тегеранда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Реформачыл саясатчы Мир Хосейн Мусавиге, расмий маалыматка ылайык, шайлоочулардлын 33,7 пайызы колдоо көргөздү. Ал буга чейин мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыккан эле. Дагы бир талапкер Мехди Карруби да жыйынтыктар бурмаланды деп билдирди.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменейи болсо бүгүн Махмуд Ахмадинежаддын жеңишин кубаттаган билдирүү жасады.

Бирок Ирандын өзүндө жана өлкөнүн сыртында жашаган ирандыктардын көптөрү жыйынтыктарга байланыштуу күмөн саноолорун билдиришүүдө.

- Шайлоонун жыйынтыгы логикага сыйбайт. Ахмадинежад добуштардын 62 процентин алды делинүүдө. Андай болгондо нааразылык, аны алмаштыруу чаралары мынча көп болбойт эле. Өзгөчө өткөн айда Иран бир добуштан биз анын кетишин каалайбыз, анын президент болушуна каршыбыз деп үндөп келген, - деди ирандык реформачыл диниятчы жана изилдөөчү Хасан Юсефи Эшкевари.

Бул аралыкта Тегеранда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Өкмөттүк имараттардын айланасына полиция жайгаштырылды. Шайлоого жооп берген ички иштер министрлиги полициянын кайтаруусуна алынды.

Ишемби күнү түштөн кийин Тегерандын көчөлөрүнө чыккан Мусавинин тарапкерлери шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылыгын билдиришти. Бир нече миңдеген демонстранттар "өкмөт элге жалган айтты" деп кыйкырышты.

Айрымдары Фэйсбук сыяктуу интернет тармактары аркылуу өздөрүнүн нааразылыгын билдире башташты.

Тегерандык бир жаш жигит "Азаттыкка" телефон аркылуу мындайча нааразылык пикирин билдирди.

- Тегерандагы кырдаал чыңалган жана дүрбөлөңдүү бойдон турат. Бирок ошол эле учурда көп маанини өзүнө каткан тунжуроо да бар. Тегеран калкы Ички иштер министрлиги жарыялаган жыйынтыкка эч ишенбей турат деп айтаар элем.

Франс Пресс агенттигинин кабарлоосуна караганда, полиция кызматкерлери Ванак паркына чогулган Мусавинин тарапкерлери менен кагылыша кетти.

Ички иштер министрлигинин кеңсесине жакын жерде автоунаа дөңгөлөктөрүн өрттөп жиберди.

Полициянын ырастоосунда, өлкөдө уруксатсыз демонстрация өткөрүүгө жол берилбейт.

Мамлекеттик телерадио каналдар Мусавинин жыйынтыктарга байланыштуу жасаган нааразылык билдирүүсү жөнүндө маалымдашкан жок.

Айрым бир кабарларда Иранда бир канча журналист сабалганы айтылууда.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалымат өкүлү Реза Моини “Фарда” үналгысына буларды айтты:

- Кейиштүүсү, бизге бүгүн бир нече кабарчыны ур-токмокко алышканы тууралуу кабар жетти. Ошондой эле визасы бүгүн соңуна чыккан чет өлкөлүк журналисттердин Ирандан дароо чыгып кетиши талап кылынганы тууралуу да кабарланды. Башка чет өлкөлүк кабарчылардын да визасын жана иштөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчтөрү канааттандырылган жок. Бул - өтө коркунучтуу нукка жетелеген жагдай.

Видео тасма:


Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00



Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык

Ишемби күнү (13-июнда) түштөн кийин Тегерандын көчөлөрүнө чыккан Мусавинин тарапкерлери шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылыгын билдиришти. Бир нече миңдеген демонстранттар "өкмөт элге жалган айтты" деп кыйкырышты. Reuters.

XS
SM
MD
LG