Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Ирандагы “интернет согушунда” жаштар алдыда


Ирандын Хамадан шаарындагы бул жаш жигит реформачыл саясатчы Мусавиге тилектештигин билдирип, колуна жашыл түстөгү желим билерикти тагынып алган. 2009-жылдын 26-майы.
Ирандын Хамадан шаарындагы бул жаш жигит реформачыл саясатчы Мусавиге тилектештигин билдирип, колуна жашыл түстөгү желим билерикти тагынып алган. 2009-жылдын 26-майы.

Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албай, көчө демонстрацияларына катышып келаткан жаштардын көбү маалыматты интернеттен издөөгө аргасыз. Иран өкмөтү чет элдик сыналгы жана үналгы каналдардын баарын жаап, чет элдик кабарчыларга окуяларга ичкериден байкоо салуусуна тыюу салды.

Ирандагы 12-июнда өткөрүлгөн талаш-тартыштуу президенттик шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албай, бир катар шаарлардагы нааразылык жыйындарына катышып жаткан ирандык жаштардын көбү бейтарап маалыматты интернеттен издөөгө мажбур болууда.

Анткени исламдык жумурияттын өкмөтү дүйнөлүк маалымат желесин бүт бойдон көзөмөлдөөгө чама-чаркы аз. Соңку күндөрү ирандык жаштар андан ары кетип, ал түгүл алардын арасынан чыккан хакерлер өкмөттүк сайттарга чабуул койо баштады.

Азырынча элдин кандай кийинип, эмне ичип-жегенинен бери катуу көзөмөлдөгөн Иран өкмөтү - интернет майданында маалымат технологиясын мыкты өздөштүргөн ирандык жаштардан бир кадам болсо да артта.

Андан улам, соңку күндөрү өкмөттүн президенттик шайлоо, анын тегерегиндеги окуялар туурасында берген маалыматына ичи чыкпаган жаш хакерлер ырасмий Тегерандын мамлекеттик сайттарына чабуул коюп, иштен чыгарып, дүйнөлүк желедеги Twitter, Facebook өңдүү порталдар аркылуу бири-бири менен үзбөй кабар алышып, көчөдөгү окуяларды кызуу талкуулап жаткан кез.

Нью-Йоркто жайгашкан Ачык коом институтунун эксперти Евгений Морозов авторитардык өлкө жарандарынын өкмөткө каршылык көрсөтүү аракетиндеги Интернет технологиялардын ролун изилдейт.

- Иранда бир топ өз алдынча уюшулган аракеттер жүрүп атат. Кээ бир жаштар топтошуп алып, өкмөттүк сайттарга чабуул койгон барактарды өздөштүрүүдө. Мисалы, өкмөттүк сайттарга үстөкө-босток миңдеген электрондук кат жиберип, массалык чабуул коюшат, биздин изилдөөбүз көргөзгөндөй, бул каттар бир нече даректен улам жөнөтүлүүдө. Андан тышкары Twitter орнотулган компьютерлерге да оңой эле вирус жөнөтүп, же тынбай кабар жиберилсе да иштен чыгып жаткан учурлар бар.

Кибер-чабуулдар – Ирандын жарандары өкмөттүн тыкыр көзөмөлүнө каршы колдонгон куралдын бир түрү.

Баарынан башкысы – 12-июндагы президенттик шайлоонун эртеси Ирандын бийликтери чөнтөк телефон байланышын үзүп салды эле, колу жеткен элдин баары интернет аркылуу сүйлөшүп, кат алышып, бардык аракетин макулдаша баштады.

Иран өкмөтү уюлдук (мобилдик) телефондон башка байланыш каражаттарын, чет элдик сыналгы жана үналгы каналдардын баарын жаап, чет элдик кабарчыларга көчөгө чыгып, элди сүрөткө тартып, окуяларга байкоо салуусуна тыюу салды.

Алар анткен менен, интернет технологиясын өкмөттөгүлөрдөн мыкты өздөштүргөн ирандык жаштар бул күндөрү сателлит аркылуу бардык веб сайттардан кабар жөнөткөн Twitter системасын пайдаланып, көчө акциялары канчада, кайсыл жерде башталаарын, полиция кантип топтолуп жатканын талкуулап, кабар алмашууда.

16-июнь, шейшембиде Тегеранда бир нече күндөн бери демонстрацияга чыгып аткан жаштар тобу интернетте “Ирандагы шайлоо боюнча кибер-согуш жүргүзүүнүн жол-жоболору” деген жолдомо жарыялашты.

Бирок бул кибер-согуш бир тараптуу гана жүргүзүлүп жаткан жок. Дүйшөмбүдө (15-июнда) реформачыл талапкер, Махмуд Ахмадинежаддын шайлоодон кийинки таттуу уйкусун бузган Мир Хосейн Мусавинин жеке веб сайтына белгисиз адамдар бузуку маалымат жайгаштырып, бул күнкү нааразылык акциясы болбой турганын жарыялап элди адаштырды.

Видео тасма.


Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00


Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык

Ишемби күндөн (13-июнда) тартып Тегерандын көчөлөрүнө чыккан Мусавинин тарапкерлери шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылыгын билдиришти. Бир нече миңдеген демонстранттар "өкмөт элге жалган айтты" деп кыйкырып, Ирандын бир катар шаарларында улам жаңы нааразылык жыйынын уюштуруп жатышты. Бул тасма 2009-жылы 13-июнда Тегеранда тартылган. Reuters.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG