Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Сөз эркиндигине кыргыйдай тийген Иран эмнеге «Фейсбукту» жөн койду?


Маалымат айдыңына сереп салып турган Париждеги “Чегарасыз кабарчылар” уюму ушул жумада “Интернет душманы” деген аталыш менен интернетти өз аймагында катаал цензурага кабылткан өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды.

Өткөн айда өзгөчө жаштар арасында кеңири белгилүү “Фейсбук” (Facebook) сайтынына уруксат бергенине карабай Иран ал тизмедеги эң башкы 12 өлкөнүн ичине кайрадан кирди. Деги, эркин маалымат алмашууну шарттаган бардык сайттарга уруксат бербей келаткан Иран эмне себептен “Фейсбукту” жөн койду болду экен?

Ирандык Хашеми аттуу жигиттин “Фейсбуктагы” туруму ал жөнүндө көп нерселерди айтып турат. Анын баракчасындагы акыркы жаңыртылган туруму мындай деп турат:

“Диктатурада адам болуп төрөлгөнчө, демократияда ит болуп төрөлгөн артык.”

28 жаштагы Хашеми Иранда реформа болушун каалаган студенттердин бөлүгүнө кирет. Ал – башкалар сыяктуу эле “Фейсбук” аркылуу достору менен байланышын сактап, сүрөттөрүн жарыялап, ар кыл маалыматтар менен алмашып турат.

Иран бийлиги “Фейсбукту” 2006-жылы мыйзамсыз сайт катары өлкөсүндө жаап салган. Бирок өткөн февраль айында бийликтер таң калтырган кадамга барышып, сайтты кайрадан ачып коюшту. Кыска аралыкта “Фейсбук” Иранда эң эле популярдуу 10 сайттын ичине кирди.

Хашеминин пикиринде, кээде ирандык бийликтин чечимдерин такыр түшүнүп болбойт, бирок кандай болгон күндө да “Фейсбуктун” иштеп атканы жакшы:

- Мен саясий жана социалдык активист болгондуктан, “Фейсбукта” жүргөндө да адам укуктары маселеси менен көп алектенем. Бул жакта адам укуктары менен демократияны колдогондорго кошулуп, укук бузулган учурлар айтылса каршылыгымды билдирем.

Тегерандын “Фейсбукка” карата пикиринин өзгөрүшү, Ирандын тумчугуп турган маалымат айдыңында дароо көзгө уруна түшөт. “Чегарасыз кабарчылар” Ирандын бул чечимин талдап жатып, миллиондогон түрдүү сайттарга тосмо койгон ырасмий Тегеран “Фейсбукка” “жашыл жарык” бергени менен жалпы Жакынкы Чыгышты интернеттик репрессияга баштап баратканын айтат.

Иран бийлиги эмне себептен бир гана “Фейсбуктун” жолун ачканын айтпай турушат. Бирок ошентсе да алардын мындай кадамына түшүндүрмө берсе болот дешет.

Чегарасыз кабарчылардын” интернет бөлүмүнүн жетекчиси Кристоф Жинистинин айтымында, интернет цензураны колдонгон кээ бир өлкөлөрдө бийликтер айрым сайттарды ачык калтырып, каршылаштарын көзөмөлдөп, алардын кадамдарын талдап турушат. Андыктан, Ирандын мындай кадамын деле түшүнсө болот:

- Ирандагыдай шайлоо маалы жакындап келаткан чакта, мындай кадам сөз эркиндиги көбөйүп калгандай таасир калтырышы мүмкүн. Бирок чынында такыр эле андай эмес. Мындай сайт кайра ачылганда сөзсүз түрдө дыкат көзөмөлдөө механизмдери орнотулат. Андыктан, бийлик “Фейсбукту” ачып коюп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин сайттагы атаандаштарын өз-өз ордуларына коюп кое алат.

Ирандык журналист Нади Нилинин пикиринде, бийликтин мындай кадамы “Фейсбукка” чогулган жалпы журналисттер жамаатын көзөмөлдөп туруу болушу да мүмкүн.

Ошондой эле анын пикиринде, бийлик шайлоо алдында “Фейсбук” менен “Ю-Тюб” (YouTube) сайтын ачык таштап, жаштардын добушун алгысы келип жаткан болуусу да мүмкүн.
XS
SM
MD
LG