Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Иран: Kүйүттүү эненин кайраты


Фахими уулу Сухраб менен, июнь, 2009-ж.
Фахими уулу Сухраб менен, июнь, 2009-ж.

Ирандык 19 жаштагы Сухраб Араби шайлоодон кийинки тополоңдо көз жумган эле. Парвин Фахими уулунун өлүмү тууралуу унчукпай калуудан баш тарткандан кийин, күйүттүү эне оппозиция кыймылынын символуна айланды.

53 жаштагы Фахими Тегеран бийликтеринен уулунун өлүмү үчүн себепкерлерди жоопко тартууну талап кылууну талбай улантууда.

Жапалдаш бойлуу чыканактай Парвин Фахими Махмуд Ахмединежаддын президенттик бийлигин мыйзамсыз деп эсептеген «Жашыл» кыймылдын таанымал каармандарынын бирине айланды. 12-июндагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин чыккан тополоңдо анын уулу Сухраб Араби кандай жагдайда көз жумганы алигүнчө белгисиз.

Жакында Тегерандын Кахризак камак борборунда үч кишинин көз жумушу Иранда чоң нааразылык жаратып, оппозиция бул ишти иликтөөгө чакырган эле. Ошондо парламенттин мурдагы төрагасы Голам Али Хаддад Адел камак жайындагы өлүмдөрдү шайлоодон кийинки талкуунун башкы маселесине айландырбоого чакырган.

Буга нааразы болгон Фахими Хаддад Аделге кат жолдоп, депутат катары ал адамдардын көңүлүн оорутпастан, тескерисинче алардын укуктарын коргоого тийиш экендигин эскерткен. «Эгер сиздин балаңыз да биздин уул-кыздардай көчөдө мыкаачылык менен өлтүрүлсө, мындай сүйлөбөйт элеңиз» деп жазган эле ал. "Азаттыктын" Иран кызматы менен маегинде Фахими Хаддан Аделдин жана ага окшогондордун сөздөрү курмандыктардын урук-туугандарынын кайгысын гана тереңдетип жаткандыгын мындайча билдирди:

- Эне катары мен булар бизди өлгөнгө көмгөн кылып жатканын айта алам. Мен бул өңдөнгөн сөздөрдү көтөрө албайм.

Мекендештерине мүңкүрөбөгөн кайраты менен таанылган Сухрабдын апасы бийликтерден президент Ахмединежадга каршылык көрсөткөнү үчүн набыт кеткендердин өлүмүнө себепкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Фахиминин уулу 15-июнда, Ахмединежад экинчи мөөнөткө шайланган шайлоодон үч күндөн кийин дайынсыз жоголгон. Ошондон бери энеде эч кандай маалымат жок:

- Бийликтер болгону менин адвокатыма уулум 3-15 метр аралыктан атылганын билдиришти, ал кийин дарыландыбы, же ооруканага жеткирилдиби, эчтекесин билбейбиз.


Сохраб жоголгон күнү Фахими аны менен реформист талапкер Мир Хосеин Мусавини колдоп, көчөгө чыккан. Ал күнү жүз миңдеген ирандыктар шайлоодо добуштар бурмаланды деген нааразылык менен демонстрацияга катышып жатышкан. Сүрмө топто бир-бирин таппай калгандан кийин Фахими үйүнө келип, уулун күтөт, бирок Сухраб ошол бойдон дайынсыз жоголот.

Фахими дароо эле шайлоодон кийинки демонстрацияларда камакка алынгандардын көбү отурган Тегерандын айтылуу Эвин түрмөсүнө барат. Бирок бийликтерден алгылыктуу жооп ала албайт. Анын экинчи уулу гана шайлоодон кийинки куугунтуктоолордо көз жумгандардын сүрөттөрүн карап отуруп, арасынан Сухрабдын сүрөтүн тааныйт, анын өлгөнү ошондо билинет.

Сухрабдын сөөгү коюлганда Фахими көз жашын төгүп туруп, акыйкаттыкка жетүүгө «Канкорлор канга тойбой калышты. Мени эми эч ким токтото албайт,» - деп сөз берген.

Иран бийлиткери курман болгондордун урук-туугандарына ар кандай кысым көрсөттү, бирок Фахими сөзүнөн кайткан жок. Бийликтерге кат жазып, жыйналыштарда сүйлөп, уулунун тагдырын көпчүлүккө жеткирүүнүн амалында болду. Бүгүн анын уулунун ысмы Иран өкмөтүнө нааразылардын ураанына айланды: «Биздин Сухраб тирүү, өлгөн өкмөт болду» деп ураан чакырып келатышат.

Фахими "Азатыкка" уулу эркиндик үчүн көз жумганын мындайча билдирди:

- Кудай буюрса, келечек бизде, ушунчалык канкор репрессия, акыйкатсыздыктын шартында эл эч качан бүшүркөп калбайт.


Оппозиция өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, шайлоодон кийинки толкундоолордо 72 киши курман болду. Өкмөт 30 кишинин өлүмүн тастыктаган.

Шайлоодон берки төрт айдан бери ар бир ишембиде жакындарынан айрылгандар кара кийинип, Тегерандагы паркка келишет. Ирандык укук коргоочу, Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Ширин Эбади Ирандын күйүттүү энелерине эл аралык боордоштук көрсөтүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG