Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

БУУ Беларустагы өлүм жазасын айыптады


Могилёвдогу абак жайы.
Могилёвдогу абак жайы.

Европа биримдиги өткөн аптада Беларус бийлиги үч адамды өлүм жазасына тартканын ырастады. Жалпысынан быйыл жыл башынан бери төрт адам өлүм жазага тартылган. Алар - Геннадий Яковицкий, Иван Кулеш жана Сергей Хмелевский, Сергей Иванов.

БУУнун Беларустагы адам укуктары боюнча баяндамачысы Миклош Харастинин расмий билдирүүсүндө “бул окуялар өлкө бийлигинин адам укугун басмырлап жатканын жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну каалабай турганын айгинеледи” деп айтылат.

Харасти расмий Минскини өлүм жазага тез арада мораторий киргизүүгө чакырды. Евробиримдик, Amnesty International жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары да көп жылдан бери Беларусту өлүм жазасына мораторий киргизүүгө үндөп келүүдө.

2014-жылдын ноябрынан 2016-жылдын апрелине чейин Беларуста өлүм жазасы колдонулган эмес. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 1990-жылдардын башынан бери 400дөн ашуун адам өлүм жазага өкүм кылынган.

XS
SM
MD
LG