Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ирандын МАГАТЭге жообу


Ирандын атом өнөр жайын өнүктүрүү картасы.
Ирандын атом өнөр жайын өнүктүрүү картасы.

Иран парламенти жекшемби күнү өкмөттөн Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташтыгын кыскартууну талап кылды.

Депутаттар уюмдун өткөн аптада Иранга байланыштуу кабыл алган резолюциясын саясий жүйөөдөгү документ деп баалашты.

Президент Махмуд Ахмединежаддын өкмөтүнө жолдонгон катка 290 депутаттын көпчүлүгү кол койду. Документте аткаруу бийлигине "МАГАТЭ менен кызматташтык деңгээлин төмөндөтүү боюнча ыкчам план" иштеп чыгып, парламентке сунуш кылуу тапшырылды.

Межилистин раиси Али Ларижани өткөн жума күнү Венада МАГАТЭде кабыл алынган резолюцияны сынга алып, аны "ортодогу проблеманы чечүүгө эмес, Иранды алдоону көздөгөн" документ катары баалады жана АКШны, "беш+бир" форматында сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өлкөлөрдү алардын "мындай оюнуна" Тегеран "катышпайт" деп эскертти.

Андан бир күн мурда Ирандын МАГАТЭдеги элчиси Али Асгар Солтание да аталган резолюция Тегеранды уюм менен ыктыярдуу кызматташтыгын чектөөгө аргасыз кылат деп билдирген.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши көпчүлүк добуш менен жактырган резолюцияда Кум шаарына жакын жерде дагы бир атом заводун куруп жатканы үчүн Тегеран сынга алынат, Иранга ишкананын курулушун токтотуу, жашырык-жабык башка жайлары жоктугун тастыктоо, Коопсуздук Кеңешинин бардык резолюцияларын "толук жана токтооосуз аткаруу" талап кылынган. Документти Кытай менен Россия да колдогон, болгону Венесуэла, Куба жана Малайзия каршы болгон.

Иран парламентинин депутаттары МАГАТЭнин бул резолюциясын кескин айыпташты. Кай бирлери Тегеранга "каршы добуш берген" өлкөлөр менен өз ара мамилелерди кайра карап чыгууну талап кылышты, айрымдары болсо Иранды дегеле ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкканга чакырды.

Парламенттин улуттук коопсуздук жана тьшкы саясат комиссиясынын жетекчиси Казем Жалали МАГАТЭнин резолюциясын Улуттар Уюму менен дүйнөлүк алты держава "кош ачакей стандарт" принцибин карманарын ырастаган документке теңештирди. "Обама бийликке келгенде өзгөрүүлөр жөнүндө айткан эле. Бирок муну Иран ислам республикасы азырынча көрө элек",-деп айтты ал парламенттеги сөзүндө.

Жекшемби күнү президент Ахмединежад өлкөнүн атом энергиясы боюнча агенттигине уран байыта турган дагы он заводдун курулушун баштоого көрсөтмө берди. Биринчи беш ишкана эки айдын ичинде башталат, калгандарын кайсы жерге курууну агенттик өкмөткө жакынкы аралыкта сунуш кылат. Президент жылына урандан 250-300 тонна отун өндүрүүнү өкмөттүн башкы милдети деп жарыялады.

Өткөн ишемби күнү Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд кокус Тегеран мурдагыдай эле эл аралык коомчулуктун талаптарын таңазар албаса, анда Тегеранга жаңы санкциялар салынарын эскерткен. Муну кечээ Лондон өкмөтүнүн премьери Гордон Браун кайталап Тегерандын эсине салды.

Жекшемби күнү иран парламенти дагы бир мыйзам долбоорун жактырып, АКШ менен Британияга каршы атайын пропагандалык кампания баштоону чечти. Анын жүрүшүндө "көчө демонстрацияларынын күчү менен азыркы президентти бийликтен кулатууну көздөгөн" ушул эки өкмөттүн пландары, алардын жалпы эле ислам режимине каршы жүргүзүп жаткан кутумдук аракеттери" ашкереленет. "Ашкерлөө өнөктүгүнө" 20 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт жана аны үлөштүрүү милдети өлкөнүн чалгындоо министрлигине жүктөлөт.

XS
SM
MD
LG