Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Иранда "Жундалланын" башчысы кармалды


 Иран телеканалдары "Жундалла" тобунун жетекчиси Абдулмалик Ригинин кармалганын тастыктаган кадрларды көрсөтүштү.
Иран телеканалдары "Жундалла" тобунун жетекчиси Абдулмалик Ригинин кармалганын тастыктаган кадрларды көрсөтүштү.

Иранда өкмөткө караган англис тилдүү PressTV каналы "Жундалла" ("Алланын жоокерлери") тобунун башчысы Абдулмалик Риги камакка алынганын кабарлады. Тегеран бул топту "Ал-Каида", ошондой эле АКШ менен Британиянын атайын кызматтары менен байланышы бар террорчул уюм деп эсептейт.

Ирандын чалгын иштери боюнча министри Гейдар Мослехи адаттагыдай эле "Жундалла" тобуна колдоо көрсөтүп жатат деп баарыдан мурда Батышты айыптады. Бу сөзүн "тандырбас таныктар" менен тастыктоо үчүн "жундаллачылардын" башчысы Алдулмалик Риги колго түшөрдөн бир сутка мурда эле АКШнын Ооганстандагы базасында болгонун айтып, анын ошол жерде тартылып алынган сүрөтүн көрсөттү.

Мослехинин айтымында, Пакистанда "жундаллачылардын" башчысына ооган паспортун жасап беришкен. "Риги Европанын айрым өлкөлөрүндө да болгон, 2008-жылы НАТОнун аты-жөнү такталбаган өкүлү менен жолуккан. ЦРУнун жана Израилдин "Моссад" кызматы менен байланышып турган",- деп ырастады иран чалгындоо министри.

Мослехи козголоңчул топтун башчысын кантип кармап алышканын кенен-чонон айткан жок. Болгону өлкөнүн чыгыш аймагында өткөрүлгөн атайын операция маалында колго түшкөнүн кошумчалап, муну АКШ менен Британияга урулган "чоң сокку" катары сыпаттады. "Биз алардан Ирандын ички иштерине кийлигишкенин токтотууну талап кылабыз", - деп айтты Мослехи.

Айрым басылмалар Ирандын ички иштер министри Мостафа Мохаммед Нажарга таянып, Риги чет жактарда кармалып, Иранга өткөрүлүп берилгенин кабарлашты. Иран депутаты Мохаммад Дегандын айтымында, "жундаллачылардын" башчысы Пакистан аркылуу арап өлкөлөрүнүн бирине учуп келгенде кармалган. Press TV каналы башка бир документтерге шилтема жасап, Риги Дубайдан Кыргызстанга жол тартканы жаткан учактын бортунда колго түшкөн деп маалымдады.

"Жундалла" тобунун уюгу Пакистанга чектеш Систан жана Белижустан аймагында деп айтылып жүрөт. Бу жерде негизинен белужи-сүннүлөр жашайт, алардын арасында өңчөй шийиттерден турган Тегерандагы бийликтерге өктөөсү барлар да аз эмес.

Өткөн жылы ушул аймакта жанкечтинин бомбасынан кырктай киши, алардын арасында ислам революциясынын сакчылар Корпусунун жогорку даражалуу алты жетекчиси мерт болгон. Бул касирет үчүн Тегеран жоопкерчиликти "жундаллачыларга" жүктөп, аларга кошо Пакистанды, АКШны жана Британияны айыптаган.

Ушул айдын башталышында эле президент Махмуд Ахмединежад Пакистан өкмөтүнө кайрылып, "жундаллачылардын" башчыларын кармап, Иранга тезирээк өткөрүп берүүнү талап кылган. Тегеран бул топтун мүчөлөрү Пакистанда жашырынып жүрөт деп эсептейт.
Исламабад, Вашингтон жана Лондон Тегерандын айыптарын четке кагышты. Пакистан кызматтары жакында эле Риги Ооганстанда жүргөнүн кабарлашкан.

"Жундаллачылар" болсо өздөрүн террорчуларга кошпойт. Алар өз күрөшүн провинциядагы белуж сүннүлөрүнө Тегерандагы шийит бийликтери көңүл бурбай, аларды басмырлап жатканына гана каршы багытталган аракет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG